Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 21:26

Жарандык жөнүндө сөз. Кызыктуу бетачардан кийинки ойлор


Иллюстрация сүрөт.
Макаланын автору Эмилбек Жороев - саясат таануучу, "Сорос-Кыргызстан" фондунун программалык деректири, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору. ЕККУ академиясында жана башка окуу жайларда эмгектенген.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Мыкты жаран деп кимди айтууга болот?”

30-майда Бишкекте “Смарт Жаран” ассоциациясынын, "Сорос-Кыргызстан" фондунун жана Борбор Азия университетинин биргелешкен демилгеси боюнча "Пил Рисерч Компани" жүргүзгөн кыргызстандыктардын жарандык аң-сезим деӊгээли жөнүндөгү сурамжылоочу изилдөөнүн жыйынтыгы таанытылды.

Бул изилдөө өтө кызыктуу, ошол эле учурда көңүл чөгөрүүчү изилдөө эле. Тилекке каршы, алынган жооптордун көбү биздин коомдогу жарандык мамилелер анча жакшы эместигин көрсөттү...

Бирок буга да ар ким ар кандай карайт экен.

Мисалы, “Кыргызстандыктардын кимисин жаран катары үлгү деп айта аласыз?” деген суроого берилген жоопторду карайлы. Интернеттеги кыргыз желелери негизинен эртеден кечке ушул тизмедеги кишилерди атап турду: биринчи орунда Садыр Жапаров – 26,2 %, экинчи орунда Камчыбек Ташиев – 14,7 %, андан ары Чыңгыз Айтматов – 13,4 %, Адахан Мадумаров – 7,3 %, Нуржигит Кадырбеков – 6,4 % ж.б.

Окурмандар өздөрү өрнөк туткан инсандар кандай тез алмашып кеткенине таң калышты окшойт. Анткени эки жыл мурунку сурамжылоодо тизме башына такыр башкалар чыккан эле.

Бирок көпчүлүк окурмандар бул жерден башка нерсени байкаган жок: Садыр Жапаров үчүн берилген 26,2 % 82 гана добушту түздү. 14 %, 7 % жана андан аз пайыздар канча добушка барабар болорун оӊой эле санап койсо болот. Себеби бул суроого болгону 300дөн ашуун эле киши жооп берген эле.

Башка бир суроо алда канча чоӊ мааниге ээ: сурамжылоого катышкан 1000 кишиден дээрлик үчтөн экиси “Сиздин оюңузча, мыкты жаран деп кимди айтууга болот?” деген суроого жооп катары эч кимди атай алган жок. Бул жагдай Чыңгыз Айтматовду 42 гана киши эстеп, үчүнчү катарда калтырганына салыштырмалуу алда канча орчундуу.

Эмне үчүн ушундай болду? Эмне үчүн биздин коомдо көпчүлүк үлгү дегидей инсандар ушунчалык аз? Бул суроолордун жоопторун иликтөөдөгү башка ар түрдүү суроолордун жыйынтыктарынан табууга болот.

Мисалы, “Эң башкы укуктар кайсы?” деген суроого жоо тизмесинде биринчи кезекте акысыз медициналык тейлөө (76 %), андан ары акысыз билим берүү (59 %), социалдык коргоо (33 %), жеке эркиндик жана коопсуздук (28 %) айтылды. Көпчүлүк суралуучулар үчүн социалдык жана тиричилик тейлөө чөйрөлөрүнө тиешелүү маселелер эң чоң мааниге ээ экен. Бул көрсөткүчтөргө ылайык, суралуучулардын 75 пайызы жарандардын укуктары жалпыга бирдей камсыздалбайт деп эсептейт.

Демек, алардын өздөрүнүн негизги укуктарынын бирдей, адилеттүү корголоруна ишенбейт экен.

“Жарандардын эң орчундуу милдеттери кайсылар?”

“Жарандардын эң орчундуу милдеттери кайсылар?” деген суроонун жоопторуна көңүл буралы:

Биринчи кезекте мыйзамдарды сактоо (65 %), экинчи - мекенди коргоо (59 %), үчүнчү – балдарды тарбиялап өстүрүү (50 %), төртүнчү - салыктарды төлөп туруу (36 % - бул көрсөткүч таӊ калтырды) деген жооптор айтылды. Бул жооптор жакшы жаранды сыпаттаган эң башкы критерийлерге туура келет: үй-бүлөгө жана балдарга кам көрүү, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана мекенчилдик баарынан көп айтылды. Б.а. кыргыз коомчулугу үчүн жамааттык, салттуу баалуулуктар жеке баалуулуктардан өйдө турат экен.

Андан ары, демократияны саясий башкаруунун “абдан жакшы” жана “жетишерлик жакшы” системасы деп эсептегендер 79 % түздү. Ошол эле учурда эч кайсы институтка отчёт бербеген күчтүү лидердин бийлигин “абдан жакшы” жана “жетишерлик жакшы” деп суралуучулардын 70 % саал азыраак бөлүгү атады. Б.а. суралуучулардын үчтөн бирине жакын бөлүгү бул карама-каршы системалардын экөөнү тең алгылыктуу эле деп эсептейт экен.

Муну менен катар дагы бир көрсөткүчкө көңүл буралы: суралуучулардын төрттөн үч бөлүгү өзгөчө кырдаалдарда өз укуктарынын чектелишине макул; төрттөн бирге жетпеген бөлүгү гана башка кырдаалдарда эркиндиктин, айрыкча чогулуу укугунун чектелишине макул экен.

"Бийликтегилер адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн тыңшаганга акылуу" деп суралуучулардын өтө аз бөлүгү эсептейт (4 % гана “анык макул”, 19 % – “балким, макул”). Бирок басымдуу көпчүлүгү коомдук жайларда видео байкоо жүргүзүлүшүнө каршы эмес (46 % “анык макул”, 37 % – “балким, макул”).

Жооптордун мындай карама-каршылыктуулугу адамдардын эркиндигинен кол жуугусу келбей, ошол эле учурда коомдо тартип жана коопсуздук болушун каалай тургандыгы менен байланыштуу окшойт.

Жарандык аң-сезим

Жогорудагы мисалдардын баары иликтөөнүн айрым көрсөткүчтөрү менен шайкеш келет: бардык курактардагы суралуучулар үчүн дин эң маанилүү; басымдуу көпчүлүгү үчүн айрым түрдөгү адамдар менен кошуна болгусу келбейт; жыныстык багыты жагынан азчылыктарга тыюу салынышы керек деп эсептешет; бачабаздар менен киши өлтүргүчтөр өлүм жазасына тартылууга тийиш ж.б.у.с. дешет.

Кошумчалай кетсек, суралуучулардын 30 % бөлүгү сотто адилеттикке жетпей калганда “президентке кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүү керек” деп эсептейт; дээрлик төрттөн бир бөлүгү сот чечпеген соӊ калыстыкты башка жактан издештин кажети жок дешет.

Ушундай ар түрдүү маалыматтардан улам биздин коомдогу жарандык аң-сезим жөнүндө кандай жыйынтык чыгарууга болот?

Кыргызстандын жарандары өздүк укуктар менен демократиялык баалуулуктарды аздыр-көптүр баркташат – аларга мунун баары жат эмес: суралуучуларын кыйласы бул дөөлөттөрдөн кол жууп калгысы келбей турганын билдиришти. Адамдар демократия жана эркин коом болушу үчүн салым кошууга даяр эмес, бирок ошол эле учурда бул баалуулуктар керек экендигин билишет – муну берген жоопторунда да белгилешкен.

Бирок суралуучулардын башка санаалары (өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугуна, коомдук тартип жана ишенимдүүлүккө, адилеттүү жана бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу) көптөгөн башка суроолорго берген жоопторунан байкалат. Адамдар арасат жагдайга тынчсызданып, бийликтегилерге да, өздөрү жашаган коомго да анча ишенбейт экен.

Суралуучулардын 97% кудайга ар кайсы деңгээлде ишенерин айткандыгын эске алганда, дин ушундай кыжаалаттыктардын баарынан сооротот окшойт. Коомдогу арсар жагдайга байланыштуу үй-бүлө жана балдар жөнүндө көпчүлүк суралуучулар дайым санаа тартат. Ушул ыңгайдан алганда, башка суроолорго байланыштуу аныкталган көз караштарга жана баалуулуктарга карабастан, көпчүлүк суралуучулар адилеттүүлүктү камсыздап бере алгыдай күчтүү лидерге, бийликке, президентке ишеним артканы толук түшүнүктүү.

Бул тыянактар туура десек (булар ката болушу да ыктымал), анда бир катар башка суроолор келип чыгат. Жогорудагыдай санаалар менен жашаган ата-энелер балдарын кантип тарбиялап өстүрөт? Ушундай маанайдагы адамдар өздөрү үчүн, балдары жана коом үчүн кандайдыр бир жаӊы нерселерди жарата алабы?

Ар кимиси өз жагдайына, ой-санаасына байланган жарандар жалпы коомдун өнүгүшүнө өздөрүнүн катышы барлыгын, ага салым кошуу милдетин сезип-туябы?..

“Эмне кылуу керек?” деген багыттагы суроолордун жооптору мындан да катуу ойго салат. Адамдар коомдогу демейки эле, өзүнөн өзү түшүнүктүү жашоо шарттарын биринчи орунга койбостон, өздөрү өсүп-жетилүүгө, бүтүндөй мамлекетти өзгөртүүгө умтулушу үчүн, жөн гана байкуш керектөөчүлөр катары эмес, өз алдынча да, башкалар менен биргеликте да жаратман иш жүргүзүүгө даяр болушу үчүн биздин коомдо эмнелерди жана кантип өзгөртүү керек? Жакшы жашоого жомоктогудай укмуш хандын бийлиги эмес, эркин коомдогу адамдардын тилектештиги жеткирерин эл качан түшүнөт?..

Бул суроолорго баш катырган ар бир адам өзү үчүн ушул изилдөөдөн тыянак чыгарып, өзү орчундуу деген суроолорду аныктап, аларга жооп издей баштаса болот. Ушундай иликтөөлөр жүргүзүлүп, коомдогу жагдай сын көз менен талкууланып турушу, алардын негизинде өлкөнү өнүктүрүү жана күчтүү жарандарды өстүрүп жетилтүү жолдору аныкталышы зарыл.

Маалымат үчүн: Бул улуттук сурамжылоо 2021-жылдын экинчи жарымында жүргүзүлүп, ага өлкөнүн калкынан гендерлик курамы, жашаган аймагы (шаар/айыл), жаш курагы боюнча ар башка болгон 1000ден ашуун киши катышкан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG