Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Жарандык улутчулдукту жараталы...


Айсулуу Текимбаева.
Макаланын автору медиа эксперт, журналист Айсулуу Текимбаева.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Улутчулдук - өз алдынча алганда бейтарап түшүнүк

Орусия Украинага кол салгандан бери эл арасында, социалдык тармакта "нацизм", "национализм", "фашизм" деген сөздөр жайылды.

Кремл “атайын операциясынын” башкы эки максатынын бири Украинадагы “денацификациялоо” деп жарыялаган.

Орусиянын президенти В.Путин баштаган бийлик өкүлдөрү Украинанын лидерин "нацист" деп атап, коңшу өлкөдө "фашизм" жана "ашынган улутчулдук" кулач жайганын айтышкан.

Эмне үчүн улутчулдук (национализм) дайыма эле жаман эмес жана 1916-жылкы көтөрүлүш менен бул идеологиянын кандай байланышы бар?

Базель университетинин доценти, тарыхчы Ботакоз Касымбекова менен улутчулдук, ашынган улутчулдук, фашизм темасында баарлашып калдым. Ботакоз Казакстандан. Андыктан бул тема экөөбүз үчүн тең талылуу.

“Француз революциясы (авт.: 14 июль, 1789-ж. – 9-ноябрь, 1799-ж.) — бул заманбап национализмдин башталган чекити. Ошондон тартып “улут” мамлекет куруунун жаңы системасы катары карала баштаган. Башкача айтканда, мурда монарх – кудайдын жердеги өкүлү жана бийликтин булагы деп айтылган болсо, революциядан кийин бийликтин булагы деп улутту атай башташкан. Бул идеянын мазмуну мамлекетти бир гана адам – король же падыша башкарбайт, өлкөдө жашаган адамдар башкарат дегенди туюнтурат”, - деди Ботакоз Касымбекова.

Улутчулдар үчүн ички кызыкчылык жана улуттун муктаждыктары баарынан жогору турат. Бирок орус тилдүү чөйрөдө, андан соң кыргыз тилдүүлөр арасында "улутчул" деген сөз терс мааниде көп колдонулуп, мааниси бурмаланып кетти. Ушул жерден айта кетүү керек, тарыхта национализм одоно формага өтүп кеткен учурлар да болгонун айта кетүү керек. Мисалы, фашизм.

Түшүндүрмө: Фашизм улуттук биримдикти мамлекеттин башкы баалуулугу деп эсептейт. Башында күчтүү диктатор турган тоталитаризм орнойт, мамлекетке жана жол башчыга сыйынуу күч алат.

Фашисттик режимде адамдын укугу баалуулук катары саналбайт. Негизги көңүл мамлекет жана диктатор башкаруучуга бурулат. Айрым бир дымактуу максаттарга жетүү үчүн карапайым адамдардын өмүрү садага чабылышы мүмкүн.

Мындай системада зомбулук менен террор саясий кызыкчылыктарды ишке ашыруу, башкача ойлонгондорду басуу үчүн куралга айланат. Милитаризм күчөйт, аскердик түзүлүштөр куралып, согушту мамлекеттер аралык маселелерди чечүүнүн куралы катары көрсөтүшөт.

Айтмакчы, Йель университетинин тарых профессору, фашизм жана тоталитаризм жөнүндөгү китептердин автору Тимоти Снайдер Орусияны "фашисттик өлкө" деп атаган. The New York Times басылмасындагы рубрикасында ал фашисттик режимдин белгилерин эске салып, аларды путиндик Орусиянын реалдуулугуна окшоштурган.

Украинада "нацисттер" менен "фашисттер" барбы?

Фашисттик идеологияга Украинада мыйзам менен тыюу салынган. 2020-жылы Украинанын коопсуздук кызматы Гитлердин туулган күнүн белгилеп, синагоганы өрттөгөн херсон неонацисттерин кармаган.Алар төрт жылга соттолгон.

Ооба, башка өлкөлөрдөгүдөй эле Украинада ашынган оңчул партиялар бар, бирок алар эл арасында колдоого ээ эмес, шайлоолордо ашып кетсе 3% чейин гана добуш алат.

Жеке баамымда, көп адамдар, айрым учурда коомдун акыл-эстүү катмары улутчулдук менен ашынган улутчулдукту же нацизмди бирдей түшүнүк катары карашат. Башында айткандай эле бул атайын саясаттын жыйынтыгы.

Натыйжада адамдар улутчул болуудан уялып, ал турсун корко башташат. Өз маданиятыңды өнүктүрүү, же өз тилиңде сүйлөө, колониялык доордон кийин өз тарыхыңды калчап түшүнүү аракеттери, суверендүүлүгүңдү жана мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо, өз өлкөңдүн эркин келечегин тандоо укугу - мунун баары улутчулдук.

Мисалы, кыргызстандыктардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн жана андагы кыргыздардын орус падышачылыгынын колунан тукум курут болгонун, советтик доордогу саясий репрессия курмандыктарын эскерип, тарыхый маалыматтарды изилдеп, кайра анализдеп чыгуу аракеттери - бул кадыресе улутчулдук көрүнүш жана андан тартынбаш керек. Ушундай эле көрүнүштөр коңшу Казакстанда орун алууда.

Мисалы, азыр социалдык тармактарда казакстандыктар 1932-33-жылдардагы ачарчылык темасын көп көтөргөнүн байкайбыз. Украина согушка чейин өз тарыхын кайра карап чыгып, көп окуяларга тарыхый баа бере баштаган. Бул аракеттер учурдагы орус бийлигине жаккан жок жана аны нацизм катары сыпаттап, "орус тилдүүлөрдүн укугун коргойбуз" деген шылтоо менен эгемен өлкөгө аскер киргизди.

Улутчулдуктун албетте, ашынган формалары бар, алар расизмге өтүп, геноцидге жеткириши мүмкүн.

Улутчулдуктун башка да кырлары бар. Англис тилинде бул сөздүн мааниси "патриоттуулукка" жакыныраак. Патриотизм - бул тоталитардык режимдегидей өз өлкөңдү жана анын жетекчисин эч нерсеге карабай сокур сүйүү эмес. Өлкөңдү, улутуңду сүйүү жана анын өнүгүшүн каалоо. Анан дагы улут деген сөз “этнос” деген түшүнүк менен чектелбейт.

Жарандык улутчулдук деген түшүнүк бар. Мындай национализмдин идеясы - бир гана этностун эмес, мисалы үстөмдүк кылган этностун гана кызыкчылыгын илгерилетүү эмес, ал өлкөнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлү болгон бардык жарандардын кызыкчылыгын коргоо. Эгер нацизм сыртка башка улуттар менен расаларды жок кылууга багытталса, национализм ички өнүгүүгө басым жасайт.

"Саясий баалуулуктарды бириктире турган көп улуттуу коомду түзүү узактан бери талкууланып келет жана дагы узакка уланат. Бирок Украина азыр башынан кечирип жаткан окуялар улутту түзүүнүн саясий катализатору болуп берди. Биз азыр көрүп тургандай, ар түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү “Мен украинмин” деп көп айта баштады, мурда алар “мен Украинада жашаган орусмун” же Украинада жашаган ооганмын” деп айтышчу. Украин — азыр генетика менен байланыштуу бир этнос эмес, бул азыр эркиндик, теңчилик жана плюрализм идеясына айланып калды. Азыр ал жакта адамдардын тең укуктуулугуна багытталган абдан көп мыйзамдарды кабыл алып жатат, бул да жарандык саясий улуттун калыптанышы үчүн абдан маанилүү. Украинада ал активдүү калыптанып жатат. “Жарандык саясий улутчулдук" этнонационализмге каршы келет, мындай улутчулдук этнонационализм расизмине каршы жана кайсы улуттан болбосун, диний ишенимине карабай ар бир адам өзүн мамлекеттин бир бөлүгү катары сезишин колдойт", - дейт тарыхчы, Базель университетинин доценти Ботакоз Касымбекова.

Мен дагы өз өлкөмдө жарандык улутчулдук калыптанып, “кыргыз, кыргыз эмес”, “түндүк-түштүк” деген бөлүнүп-жарылган саясаттан кетип, мында жашаган ар бир адам өзүн кыргыз сезсе деп ишенгим келет. Бөлүп-жаруу саясаты бизди каалагандай башкарууну, баш ийдирүүнү көздөгөндөргө гана керек экенин унутпайлы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG