Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Казинону шылтоо кылып шариятка ыктоо туура эмес...


Кыргызстан. Ош шаары. Кумарканаларды ачууга каршы акция. Июнь, 2022-жыл.
Кыргызстан. Ош шаары. Кумарканаларды ачууга каршы акция. Июнь, 2022-жыл.
Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Өкмөттүн кумарканаларды иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Бир тарапта казынаны толтуруштун айласынан кумарканаларга уруксат бергиси келген өкмөт жана аны колдогондор болсо, экинчи тарапта кумарканалардан кыргыз жарандары да жапа тартып каларын жүйө келтирип, кумар оюндары шариятка туура келбей турганын, андан алынган салык да «арам» болот дегендердин талкуусу кызып турган учур.

Кыргыз коомунун кумарканалар ачылса, жакындары ага кирип кетип, зыянын тартып калышына сарсанаа болгон маанайды түшүнсө болот. Кыргызстанда кумаркана азабын тарткандар арбын эмеспи.

Өкмөт муну байкап, кыргыз жарандарын кумарканага жолотпой тургандыгына сөз берип жооткотуп жатат. Бирок калың убада канчалык аткарыларын убакыт көрсөтөт эмеспи.

Казинолорду ачууга каршы чыккан катмардын кээ бирлери өкмөттүн бул ишин кандайдыр бир саналуу кишинин жеке бизнеси, абадан акча тапкан бир ууч байдын арам акчаны адалдоо аргасы деген сыяктуу сөздөрү айтып жатышат.

Бул жүйөлөр чын болсо, анда өкмөттүн бул кадамына каршы чыгуу атуулдук милдетибиз. Бир ууч тандалма тараптын кызыкчылыгы үчүн казино ачуунун кереги жок.

Бул жагынан алганда кумарканаларга уруксат берүүгө каршы чыгып жаткан тараптын өкмөттөн реалдуу убада, иш-план талап кылып жатканы орундуу. Бул туура жана акыл-эстүү коом жасай турган реакция. Эгер өкмөт убадасынан тайса, кийин ушул демилгени көтөргөн мүчөлөрүн жазага тартуу механизмин да иштеп чыгуу керек.

Жагдайларды талкуулоо, өкмөттөн кепилдик талап кылуу - жарандардын милдети.

«Арамдан» толук оолак туруу канчалык мүмкүн?

Бирок өкмөттүн баштап аткан ишинин ак-карасын ажыратып түшүнбөй туруп, "бул арам акча" деген диний жүйө менен каршы чыгуу орунсуз деп ойлойм.

Диндин көз карашынан алганда кумар оюну арам экени анык. Бирок тынымсыз өзгөрүп жаткан жаңы дүйнөдө муктаждык менен кыялдын салмагын туура тартуу маанилүүдүр?

Кээ бир диний лидерлердин казиного каршы пикири сезимталдык менен айтылган, реалдуулукка эмес демагогияга ыктаган сөз деп эсептейм. Учурдун шарттарына ылайыкташып, өзүн-өзү жаңылай албаган "шарияттын өкүмүн" бүгүнгө алып келип, аны бакыттын ачкычы катары көргөзүү - реалдуулуктан алыс романтикалуу кыял.

Шарият тарыхтын кайсыл бир доорунда өз мөмөсүн берип, коомдук гармонияны жараткан чыгар. Бирок азыркы дүйнөдө мамлекет катары сакталып, жашап кетүү шарттары өзгөргөнү баарыбызга маалым. Андыктан бүгүн жакшы жашоого умтулуу үчүн шарияттын принциби келсин дегенден мурда, учурдун шарттарын анализдеп, коомдун, дүйнөнүн өнүгүү динамикасын эске алып, бир бүтүмгө келүү алда канча алгылыктуу чыгаар.

Шарияттык негизде башкарылган өлкөлөр менен светтик негизде башкарылган өлкөлөрдүн жашоо-шартын салыштыруу азыркы доордо кыйын деле эмес.

Эгер шарият келсе жыргап кетерине ынандырып жүргөн кишилерге дүйнөнүн каалаган бурчуна барып жашоого шарт түзүп берсе, көбү шарият менен башкарылган өлкөлөргө эмес, "каапыр" деп жамандап жүргөн, светтик система менен жашаган мамлекеттерди эле тандамак.

Албетте, кээ бир адамдардын мусулман катары "арам" кирешеден оолак туруу үчүн шариятка ыктап жатканын түшүнсө болот.

Алар жакшы, татыктуу жашоого умтулганы үчүн ушуну айтып жатат. Болгону татыктуу жашоо таризди "шарият" аркылуу келет деп жаңылышып жатышат. Себеби аларды айрым диний лидерлер ошого ишендирип койгон.

Мамлекет катары сакталып калуунун эрежелерине көз чаптырсак, казынаны толтуруу маанилүү. Учурдагы абалыбыз «Биздин өлкөнүн жарандары кирбейт деген менен, чет мамлекеттик кишинин кумар ойношуна шарт түзүп берип жатпайбызбы? Анын арамга аралашып калуусуна себеп болуп жатабыз. Кокуй болбойт» деп глобалдык деңгээлде арам менен адалга кароолчулук кыла турган деңгээлде эмес.

Казынанын бөксөлүгү биздин коопсуздугубузга доо кетире турган деңгээлге жетип калганы чын болсо, кумар ойноо үчүн келген чет өлкөлүктү күнөөдөн оолак кармоого бел байлабай турганыбыз оң болобу деп турам.

Болгону бул иште өкмөттөн кыргыз коомчулугу жапа тартпагандан моделди иштеп чыгууну жана анын так иштешин талап кылган оң. Светтик өлкөнүн жарандары салыктын арам же адалдыгын эмес, анын максаттуу колдонулушун көзөмөлдөөгө катышканы туурадыр.

Бири-бирибиздин алдагандан кимге пайда? Бүгүн акча кандай гана артыкчылыктарды тартуулап калганын билип турабыз. Акчалуу өлкөдөн душманы жалтаңдайт, досу тең ата сүйлөшөт. Акчалуу өлкө гана жарандары үчүн самаган байгер, коопсуз жашоону камсыздай алат.

Кумарканага күнүбүз түшпөй эле учурдун муктаждыгын чечип ала турган дараметибиз болсо кана!.. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, тарткылык мезгилден өтүп баратканда, элдин, мамлекеттин тагдырын кээ бир молдокелердин «куру кыялына» алмашып ийүү туура болбос деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG