Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Казына казиного муктажбы? Чуу жараткан мыйзам


Иллюстрация сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде, кумарканаларга кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттарга алкышын айтты.

Президент чет жактан келгендерден казино аркылуу казынага миллиарддаган салык түшөрүн, ал акча мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүүгө жумшаларын, тышкы карыз көйгөйү да бар экенин белгилеген. Бирок коомчулукта бул мыйзамдын кабыл алынышы эки ача пикирлерди жаратып, талкуулар токтобой жатат.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде казинодон түшкөн киреше көп күттүрбөй турганын белгилеп, “бир-эки жылдан кийин ыракмат айтасыңар” деп билдирди.

“Казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. "Байдыкын байкуш аяйт" болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Мына, мисалы, мурдагыдай салык менен бажыдан түшкөн каражаттын эле көзүн карап олтурбастан, “Кумтөрдү” алып, кошумча киреше булагыбыз пайда болуп, социалдык тармактагы кызматкерлерибиздин айлык акыларын үч эсеге чейин көтөрүп бердик. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган бардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт”, - деди президент Жапаров.

Президент кумаркана тууралуу кезектеги пикирин парламент мыйзам долбоорун колдоп берип, бирок казино тууралуу коомдо талаш-талкуулар күчөп турган кезде айтты. Мыйзам президент кол койсо күчүнө кирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун парламентте мыйзам кабыл алынып жаткан учурда чет өлкөлүктөр үчүн кумарканалар ачылса, жылына 2 миллиарддан 5 миллиард сомго чейин киреше алып келет деп ишендирген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндарын уюштуруудан түшө турган каражаттын божомол менен айтылып жаткан көлөмү өлкө бюджети үчүн чоң деле сумма эмес деген пикирде.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Кыргызстан 2020-жылы бир млрд. долларга алтын сатыптыр. Ошол мезгилдеги долларга карата базар баасы менен эсептесек, 85 млрд. сомдун айланасында болот. Ошол акча кайда кетти, кайсыл тармакка кантип сарпталды, ачык болсо жакшы болмок. Анан эми казино иштетүүдөн бир млрд. сом казынага каражат түшөт деп жатышат. Эки млрд. сом түшкөн күндө деле бул акча айта турган деле сумма эмес. Мисалы, Кара-Балтадагы “Жунда” заводунан эле бир жылда 2,5 млрд. сом түшүп турчу. Миңдей киши жумуш менен камсыз болуп турган. Казинодон көрө ошол заводду иштетпейлиби. Бул жерде бир млрд. сом казынага каржат түшөт деп, бирок катуу жан талашып жаткандан шек жаралууда. Наркотрафик, анан коррупциядан түшкөн каражатты казинодон утуп алдым деп сыртка чыгарууга, арам акчаларды адалдоого далалат жасалгандай сезилип жатат”.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылдан тарта тыюу салынган. 2015-жылдан тарта букмекердик контора жана тотализаторлорго тыюу салынган. Айрымдар бул кирешелүү тармак болгонун айтышат. Маселен, 2012-жылга чейин Лейлек районундагы чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагында 3 казино, бештей автоматтык оюндар иштеп турган. "Жергиликтүү казынага жылдык төлөмү 40 млн. сомго чейин жетип турган" деди ысымын ачык айтпоону өтүнгөн айыл өкмөттүн мурдакы кызматкери.

“Ошол учурда айыл өкмөттүн бюджети 75 млн. сомго чейин жеткен. Мыйзам кабыл алынып, 2012-жылы казинолор жабылгандан кийин жергиликтүү бюджет 35-40 млн сомго түштү. Бирок жабылаарга жакын автоматтык оюндаргада казиного да жергиликтүү тургундарыбыз кирип ойноп башташкан эле. Бул жерде негизги кардарлар тажикстандыктар болчу”.

Кумарканалардын чет өлкөлүктөр үчүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбооруна каршы чыккандардын көбү - кыргызстандыктар да кумар оюндарына аралашып кетпейби дегенден кооптонуп жатышат. Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынганда кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган. Бирок бийлик буга жол бербей турганын ишендирүүдө.

"Казиного жергиликтүүлөр кирбейт деп ким гарантия берет деп айтып жатпайсыңарбы... Буга мыйзам кепилдик берет. Адам кепилдик бере албайт. Сиздер кабыл алган мыйзам кепилдик берет. Ошол мыйзамды биз иштеткенге аракет кылабыз",-деди парламенттеги жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев сот жана укук коргоо кызматтарына ишеним чоң болгон жерде гана казино сыяктуу ишкердиктен пайда тапса болот деген пикирде.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

“Бирок күч кызматтары, соттор жеке кызыкчылыктар үчүн чечим кабыл алып, адилеттүүлүктөн тайган жерде мындай ишкердиктин пайдасынан зыяны көп деп айтабыз. Бизде абал кандай экенин баары билет. Демек, бизде бул тармактагы ишкердик кылууну каалаган ишкерлер тиги кызматтар менен, криминал менен, кылмыштуу топтор менен кызматташып, мамлекеттин казынасын буйтайт десе болот. Эч качан адилет, чынчылдык менен ишкердик кылам деген кишинин пикири коомчулуктан айырмалуу болобойт. Бизде коомчулукта басымдуу пикир каршы болуп жатабы? Демек, ишкерлердин да басымдуу бөлүгү каршы. Бул дүйнөлүк практика. Ал эми бийликтин бул ишкердикти ачуу тууралуу аргументтерине ишенүү үчүн буга чейинки убадаларына анализ жасашыбыз керек. Аткарып жатышабы же жокпу. Эгер бийликтин убадалары элдин ишеничи жогору болсо, бул жолу да убаданы берип мыйзамды кабыл алса, каршылык болмок эмес”.

Кумаркана мыйзамы өткөн аптада талаш-тартыш менен кабыл алынды. Эртеси, 24-июнда Бишкек шаарынын айрым тургундары акцияга чогулуп, президент Садыр Жапаровдон кумарканалар боюнча мыйзам долбооруна кол койбоону суранышты. Кумарканаларды ачууга каршы чыккан активисттер башка аймактарда нааразылык акцияларын өткөрдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG