Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Чет өлкөлүктөр үчүн казинолорду ачууга уруксат берилет


Жогорку Кеңештин жыйыны. 22-июнь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койду.

Бул күнү жарандык активисттер парламент алдына кумарканалар мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыкты.

Кайра-кайра добушка коюлган мыйзам долбоору

Парламентте “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” жана “Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”мыйзам долбоорлоруна экинчи окууда добуш берүүдө талаш чыкты. Добуш берүүгө 74 депутат катталып, бирок анын ичинен алтоо каршылык катары добуш бербей туруп алды. Алар “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү А.Мадумаров, А.Айдарова, И.Масалиев, Э.Токтошев, А.Эрбаев жана “Ыйман Нуру” фракциясынан Н.Кадырбеков.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бул мыйзам долбоорун өткөрбөө үчүн атайын ушундай бөгөттөөчү кадамга барып жатышканын билдирди.

“Ушул биздин позиция. “Каршы добуш бергиле” деп жатасыңар, каршы добуш берсек баары бир өтүп кетет. Башка арганы калтырбадыңар, урматтуу кесиптештер. Талкууга тыюу салдыңар. Башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар. Ошол мыйзам боюнча отуруп бөгөттөөгө биздин укугубуз бар. Бул мыйзамга биз караманча каршыбыз. Бул мыйзамдын өткөнүн биз каалабайбыз. Ачыктан-ачык ушуну жарыялайбыз. Ушинтип тура беребиз. Каалайсыздарбы, регламентти өзгөртүңүздөр”.

Депутаттар тарабынан мындай учурда Конституция негиз болору, көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алуу сунушталды. Ошентип экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, үчүнчү окууда жыйынга катышкан депутаттардын 58и "макул", тогузу "каршы" добуш берди. Беш депутат добуш берген жок.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кумарканалар тууралуу мыйзам долбоорун парламентте күч менен өткөрүү аракети болуп жаткан жокпу деген суроого төмөндөгүчө жооп берди:

"Кыргызстандык кирип ойносо, кумаркана лицензиясынан ажырайт"

Мыйзам долбоорунда кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алары көрсөтүлгөн. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

Депутат Дастан Бекешев онлайн казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдирди:

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.

“Биз бул мыйзам боюнча Грузиянын компаниясы менен келишим түзгөнү жатабыз. Технологиялар паркы уюшулат. Биз баарын көзөмөлдөп, мыйзамдын так аткарылышын камсыздайбыз. Бул тармактан быйыл 1-2 млрд. сомго чейин киреше күтүп жатабыз”, - деди Жапаров.

Айрым депутаттар казиного кыргызстандыктар кирбейт дегенге кепилдик барбы деп суроо жолдоду.

“Кирип баратканда (казиного) баары паспортун көрсөтүп, биометрикалык текшерүүдөн өтөт. Бул тажрыйбаны биз Европадан көрдүк. Финляндияга алты депутат болуп барганда, кумарканага котормочуну киргизбей, бизди гана өткөргөн. Ушундай тапшырма күч органдарына коюлат. Эгер кыргызстандык кирип ойносо, кумаркана лицензиясынан ажырайт. Компания ишин баштаганда өкмөттүн эсебине 1-1,5 миллион доллар акчасын коюп турсун деген сунуш болуп жатат. Эгерде биздин жарандар кире турган болсо, лицензиясына кошуп, эсептеги акчасын да алып калабыз. Ошондо көзөмөлдү казинонун ээси дагы карап калат”,-дейт Министрлер кабинетинин төрагасы.

Кыргызстанда туулуп өсүп, чет өлкөнүн жарандыгын алгандар да төрөлгөндө берилген жеке идентификациялык номур аркылуу текшерилип, кирүүсүнө тыюу салынары айтылды:

Кумаркана мыйзамы: бирөөгө бизнес, башкага азап

Кумарканалар мыйзамы парламентте каралып жаткан маалда Жогорку Кеңештин алдында жарандык активисттер ( 20 чакты адам) нааразылык акциясына чыкты. Активист Адилет Балтабай кумарканалар мыйзамы өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүн огобетер курчутат деп эсептейт.

“Буга чейин балким, бул маселе парламентте каралбай калат деп аягына чейин күттүк. Акыры барып токтойт деп ойлогонбуз. Себеби мурдагы бийликтер дагы казинону талкуулаган. Убагында Садыр Жапаров дагы 2011-жылдары бул маселеге каршы болгон, каршы добуш берип жүргөн. Эл буга каршы. Алар “казино менен казына толтурабыз” деп айтып жатышат. Бирок казино менен казына толтуруу мүмкүн эмес. Бул экономикалык максатты көздөө менен социалдык көйгөйлөрдү пайда кылууда. Социалдык көйгөйлөр көбөйгөн сайын экономика, албетте, ылдыйга кетет. Бардык нерсе эриш-аркак байланышкан”.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйыны:

Аларга парламенттин аппаратынын кызматкери чыгып, кумарканалар мыйзамы бүгүнкү күн тартибине коюлбаганын айткан соң, активисттер тарап кетишкен эле.

Бишкек шаарынын 58 жаштагы тургуну Бурул Мураталиеванын уулу 7-классты бүткөндө шаарга келип кумар оюндарына азгырылып кеткен.

Жалгыз бой эне оорукчан экенине карабай, 2013-жылы Таластан Бишкекке көчүп келүүгө аргасыз болгон. Ал казино боюнча жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ал жакка чет элдиктер гана кирет дегенге ишенбей турат.

Бурул Мураталиева
Бурул Мураталиева

"Канча жыл ыйлап, батирден батирге көчтүк. Уулум тапкан акчасын лотереяга салып жүрүптүр да. Ал жакка чет элдиктер эле кирет деп жатышат. Ойноп жүргөндөр онлайн эле кирип кетет, эч кимден уруксат сурабайт. Ринго Трейд, Евро Трейд, Турбо Трейд, Валкойн, ВинТрейд – баары лотерея. Бардык жакка барып, тыюу сала албайсың".

Парламент комитети 20-июнда "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-3-окуудан бир өткөрдү. Мындай тездетилген чечимге депутаттардын айтымында, Министрлер кабинетинин өтүнүчү себеп болду.

Мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккан депутаттар аны аткаруунун механизмдери ачык эместиги кооптонуу жаратарын билдирүүдө.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери документте "онлайн казино" жана "виртуалдык-электрондук казино" деген аныктамалар камтылганын, мыйзам кабыл алынгандан кийин Министрлер кабинети анын негизинде укуктук актыларды иштеп чыгарын айткан.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров кабыл алынып жаткан мыйзам казино ишмердигин тыкыр көзөмөлдөйт дейт.

Марат Пирназаров
Марат Пирназаров

"Мыйзамда эң негизги талап - Кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынат. Ошол тыюунун артынан ишкердикти алып бара турган жеке жактар үчүн жогорулатылган жоопкерчилик каралып жатат.

Мисалы, казино деп атпайбызбы, казинону ачыш үчүн же ресторан, же мейманкана болуш керек деп атабыз. Биздин талап боюнча, казинону ачыш үчүн биринчи жылы ишкердик жасаганда ондон кем эмес оюн столу болушу керек. Ай сайын ар бир столго 750 миң сомдон төлөп туруу абзел. Бул деген казино ачкан ишкер бир айга 7,5 млн. сом төлөш керек дегенди билдирет. Тиешелүү инфратүзүмдү жаратуу үчүн өзү акча салып, инвестиция жасоо абзел. Анан, мыйзам тарабынан ушундай бир тыюулар салынып атса, каяктагы бир жаранды киргизип, ошончолук каражаттан куржалак калгандан алыс болот деген ойдобуз да биз деле".

Деген менен өкмөттүн кумарканаларды кайрадан мыйзамдык талаага кайтаруу демилгеси саясий чөйрөдө жана коомдо кызуу талаш-талкуу жаратып турат. Кумарканалар калк арасындагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көбөйтөрү тууралуу аргументтер көп айтылууда.

Кумарканалардын ишмердигине кайрадан мыйзамдык жол ачуу демилгеленип жаткандан бери өлкө аймагында бир катар нааразылык акциялары өтүп келет. 15-апрелде Ысык-Көлдө, 30-майда Ош шаарында жана 14- жана 22-июнда Бишкекте Ак үй алдында кумарканаларга каршы нааразылык акциялары болду.

Активисттер мыйзам долбоорун артка кайтаруу, чет элдик онлайн букмекерлердин жана казинолордун Кыргызстанда иштешине тыюу салуу, көмүскө иштеп жаткан казино жана кумарканаларды жабуу талабын коюшкан.

Бир катар депутаттарды мыйзам долбоорундагы айрым жоболор чочулатып турат. Депутат Дастан Бекешев биринчи окууда берилген бир катар сунуш-пикирлер кабыл алынбаганын айтууда. Анын онлайн кумар оюндарына тыюу салып, көзөмөлгө алуу боюнча берген сунуштары да камтылган эмес.

Бекешев мыйзам долбоорунда онлайн казинону көзөмөлдөө жол-жоболору камтылбаганын айтып, бул чаржайыт иштерди көбөйтөт деп эсептейт.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Министрлер кабинети алып келген мыйзам долбоорунда онлайн казино, онлайн букмекер, онлайн оюндарга уруксат берүү боюнча нормалар бар. Мен ошого каршымын. Анткени, өкмөт онлайн казинону көзөмөлдөй албайт. Алар ар кандай шылтоону айтып жатышат, "face ID” кылабыз дешет. Бул чындыгында, жөн эле күлкү келерлик нерсе да. Анан ушуну биздин балдар да ойноп баштайт. Экинчиден, эң маанилүү норма – бул жарнама. Казино сыяктуу кумар оюндары радио, телевидение, билборд өңдүү бүт жерде жарнаманы 24 саат кылса болот. Каалаганча. Логика мындай да. Алар "биздин жарандар ойнобойт, жалаң башка өлкөлөрдөн келген жарандарга ойнотобуз" деп айтып жатышат. Анда жарнаманын эмне кереги бар?".

Кыргызстанда кумар оюндарына 2012-жылы тыюу салынган. 2015-жылы тотализаторлор менен букмекерлердин ишмердиги токтотулган. Бирок, андан кийин да жашыруун казино жана оюн автоматтарын уюштуруу фактылары катталып келди.

2021-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык облустарында оюн жайларына кайрадан уруксат берүү сунушун жарыялаган. Ал өз демилгесин кумарканалар бюджетке миллиарддаган каражатты алып келет деп негиздеген.

Экономика жана коммерция министрлиги быйыл март айында "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Долбоор боюнча казино, тотализатор, букмекердик кеңсе жана оюн автоматтарынын ишмердиктери кайрадан мыйзамдаштырылат.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова өкмөт мурдагы кейиштүү тарыхтан сабак албай жатканын айтты.

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

"Роза Отунбаева президент болуп турганда бизге жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрү кайрылып жатып, акыры бейформал уюм түзүп, кумарканаларды жапканга кол топтой баштаганбыз. Ошондо Бишкекте неону да, башка жарнамалары да укмуш жайнап, тим эле Лас-Вегас болуп кеткен. Өзүнүн жанын кыйгандар болгон, бир келинди күйөөсү уттуруп жиберген, белгилүү эле кишилер көчөдө калып аябай жаман кырдаал түзүлгөн. Жүз миң долларын заматта уттуруп жиберип, аянтка барып өзүн өрттөйм дегендер болгон. Мыйзам кабыл алынса, депутаттар жана колунда барлар кумарканаларды кайра ачат. Ачылса, ага кайра эле биздин жарандар кирет. Алардын эшигинин алдын президент, же премьер-министр, же депутат кайтарып турбайт да. Ошолордун таяке-жээни турат, баягыдай эле кирет. Коомду ансыз деле алкоголизм, баңгилик, үй-бүлөлүк баалуулуктардын бузулушу кемитип жатат".

Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбанов 11-майда парламентте билдиргендей, кумарканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

Негиздемеде "бул мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт" деп белгиленген.

"Арай көз чарай": Күйөөм эки саатта 11 миң доллар уттурду

Казино тузагы: "Күйөөм эки саатта 11 миң доллар уттурган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:20 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG