Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

Садыр Жапаров казино мыйзамын колдогон депутаттарга алкышын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кумарканаларга кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген депутаттарга алкыш айтып, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атады.

25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде мамлекет башчысы 2012-жылы жабылды дегени менен казинолор азыркыга чейин жашыруун иштеп келатканын, аларды ачыкка чыгарса “көмүскө каржы булактары мамлекеттин казынасына түшөрүн” айтып, кыргыз жарандары ал казинолорго кире албай турганын, көзөмөл катуу болорун, буга мамлекет толук кепилдик бере аларын убада кылды.

Чет жактан келгендерден казино аркылуу казынага миллиарддаган салык түшөрүн айткан Жапаров ал акча мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүүгө жумшаларын, тышкы карыз деген да маселе бар экенин белгилеп, “Төлөй албасак мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз” деп кошумчалады жана “Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла” деди.

Президент казинодон түшкөн киреше көп күттүрбөй турганын белгилеп, “Бир-эки жылдан кийин ыракмат айтасыңар” деп кошумчалады.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Талкуу учурунда айрым депутаттар казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиришти. Алар казинодон бюджетке анчалык көп акча түшпөй турганын, жарым миллионго чукул кыргызстандык Орусиянын паспорту менен жүргөн чакта кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт деген убаданы аткаруу дээрлик мүмкүн болбосун, жакындары кумарпоз болуп, үй-жайын, акыркы мүлкүн сатууга макул болгон канча деген үй-бүлөлөр үчүн трагедия күчөй турганын, кумар оюндары динге да каршы келерин айтып жатышат.

Кумарканага каршы активисттер Бишкекте жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүүдө.

Парламентте колдоо тапкан мыйзам долбооруна эми президент кол койсо, ал күчүнө кирип, иштей баштайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG