Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

Сайназаров: Экстремисттик уюмдар эволюция болууда


"Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү деп шек саналган адамдар Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөдө, 26-октябрь, 2019-жыл.

“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюмунун Борбор Азиядагы программаларынын жетекчиси Кеңешбек Сайназаров дүйнөдө экстремисттик топтордун түрүнүн өзгөртүшү, ашкере оңчул кыймылдардын баш көтөрүшү, коомдогу жаатташуунун себеп-кесепети тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кеңешбек мырза, сиз соңку бир канча күндөн бери экстремизм жана радикалдашуу маселесинин айланасындагы соңку тенденцияларды талкуулаган, Албанияда жана Австрияда өткөн эл аралык иш-чараларга катышып келаткан экенсиз. Алгач дал ушул иш-чаралардын маанисин жана анда айтылган омоктуу ойлорду учкай түшүндүрүп өтөсүзбү?

Кеңешбек Сайназаров: Чакырганыңыздарга чоң рахмат. “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесине келгениме кубанычтамын. Чынында эле акыркы эки жуманын ичинде эки чоң иш-чарага катышып келатам. Экөөндө тең дүйнөдө радикалдашуу, экстремизм маселелеринин эртеңи кандай болору тууралуу сүйлөштүк.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

Убагында “Ислам мамлекети” террордук тобу талкаланганын, аны менен кошо экстремизмдин коркунучу азайганын айткандар болгон. Андан кийин коронавирус пандемиясы да чыгып кетти. Ал кезде экстремисттик уюмдар эле эмес, дүйнө өлкөлөрүндө кыймыл токтоп калбадыбы. Бирок ошол мезгилде экстремисттик топторго канчалык мүмкүнчүлүктөр ачылганын бүгүн көрүп жатабыз.

Мисалы, Ооганстан талибдердин колуна өткөнүнө бир жыл болуп калды. Мындан тышкары Украинадагы маселелердин фонунда радикалдашуу жана экстремизм маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Көрсө экстремизм жана радикалдашуу жаңы формаларга өтүп жаткан экен.

“Азаттык”: Мисалы кандай формалар?

Кеңешбек Сайназаров: Мисалы эки жагдайды айткым келет. Биринчиден, пандемия шартында бардыгыбыз эле онлайн иштеп, ZOOM-платформасы аркылуу сүйлөшүп калбадыкпы. Бирок экстремисттик уюмдар да технологияны пайдаланып жаткандай көрүнүүдө. Алар адамдар менен байланыш түзүүнүн, аларды өз катарына азгыруунун жаңы жолдорун өздөштүрүп жатат.

Тилекке каршы мурда экстремизм дегенде дин жөнүндө эле ойлонуп калчубуз. Азыркы шартта ага ашыкча улутчулдук, ашкере оңчулдук да кошулгандай көрүнүүдө. Ушул нерсе коркунуч жаратат деп божомолдоп жатабыз. Динчилдик менен ашкере оңчулдук кошулганда башкача бир коктейл жаралчудай болуп турат. Мисалы Батыш Балкан аймагындагы мамлекеттерден келгендер азыртадан эле бул көйгөй байкалып жатканын айтышты.

Ашкере оңчулдар “мамлекеттин аталышы кайсы улуттун аты менен аталса, ошол топ биринчи орунда турушу керек, калган этникалык топтор ошол улуттун айлана-тегерегине биригиши керек” деген ойлорду таңуулап жатышат.

Сербиядагы ашкере оңчулдардын НАТОго каршы митинги, Белград, 24-март 2022-жыл.
Сербиядагы ашкере оңчулдардын НАТОго каршы митинги, Белград, 24-март 2022-жыл.

“Азаттык”: Ашкере оңчулдардын бир бөлүгү Франция сыяктуу өлкөлөрдө парламентке шайланып келип, номур биринчи саясий кызматка да ат салышып жатпайбы. Ашкере оңчулдук Борбор Азияда канчалык ачык байкалып жатат?

Кеңешбек Сайназаров: Менин баамымда, азыр ачыктан-ачык байкала элек. Бирок ошол тарапка ыктагандай болуп сезилип жатат. Албанияда жүргөнүмдө Босния жана Герцеговинадан чыккан уюмдун Батыш Балкан чөлкөмү боюнча абдан жакшы изилдөөсү менен тааныштым. Ал жерде Кавказдан жана Борбор Азиядан келген адистер менен да сүйлөшүп калдык. Анын натыйжасында “болочокто бул маселе жайылат жана гегемон мамлекеттер ушул аркылуу өз саясатын түптөйт окшойт” деген бир гипотеза пайда болду.

Борбор Азия чөлкөмүндө азырынча ачык чыга элек. Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, айрым учурда “кыргыз улуту деген өзөктү кармашыбыз керек” деген сыяктуу билдирүүлөр чыга калат. Бирок ачыктан-ачык бул саясатты түрткөн учурлар жок. Бирок бул маселе жылып келе жаткандай көрүндү.

“Азаттык”: Ашкере оңчулдуктун баш көтөрүшүнүн себептери эмнеде? Кыргызстан эле эмес, ар бир өлкө үчүн мындай агымдардын күч алышы эмне үчүн кооптуу болушу мүмкүн экенин да түшүндүрө кетесизби?

Кеңешбек Сайназаров: Экстремисттик уюмдар да эволюция болуп жатат. Убагында бул топтор дин аркылуу канча тарапкерлерин топтоп алышты. Эми алар өз саясатын ашкере оңчулдуктун шары менен жүргүзөт окшойт деген ойго келип жатабыз. Андай агымдардын артында кайсы бир гегемониялык мамлекеттер да болуп калышы мүмкүн. Бирок бул маселени изилдеп көрүш керек.

Себеби анын абдан чоң коркунучу бар. Башка аймактарды айтпасак да Борбор Азиядагы мамлекеттерде ар кыл этностук топтордун, ар кыл диндердин өкүлдөрү көп. Эгер көп түрдүүлүккө каршы аракеттер жасала турган болсо, анда будуң-чаң болуп кетиши да мүмкүн.

Украинанын Северодонецк аймагы, 19-июнь 2022-жыл.
Украинанын Северодонецк аймагы, 19-июнь 2022-жыл.

“Азаттык”: Сиздердин уюм дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар кыл жаңжалдардан келип чыккан маселелерди жөнгө салууга, орток пикир табууга салым кошуп келет эмеспи. Азыр дүйнөдөгү ушундай конфликттин бири Украинадагы согуш болуп турат. Бул согушка орус же украин жарандары гана эмес, чет өлкөлүктөр, анын ичинде кыргызстандыктар да катышып жатат. Украина чет өлкөлүк күчтөрдүн чордонуна айланып бара жаткан жокпу?

Кеңешбек Сайназаров: Бул да маанилүү суроо. Эки нерсени айткым келет. Украина менен Ооганстандын контекстинде мурда эл аралык нормаларда колдонулуп келген кээ бир терминдер актуалдуулугун жоготту. Ирак менен Сириядагы согушка баргандарды “чет өлкөлүк террорчул согушкерлер” деп атап коюшчу. Украинада кандайдыр бир себептер менен “ыктыярчылар”, же “жалданма аскерлер” деп аталып жатат.

Жалданма аскерлер менен ыктыярчылардын ортосундагы сызык же айырма жоголуп кетчүдөй жагдай жаралып жатат. Бул коркунучка алып келет.

Мындан улам Украина Сирия менен Ирактагыдай чет өлкөлүк күчтөрдү өзүнө тарткан согуш майданына айланбайбы деген суроолор берилүүдө. Албетте, Украина деген белсемдүү мамлекеттин кыйроого учурап жатканы өкүнүчтүү. Бирок реалдуу шарт ушундай болуп жатат.

“Азаттык”: Киев чет өлкөлүк ыктыярчылар украин армиясынын бир бөлүгү экенин, андыктан аларды “жалданма аскерлер” деп атаганга болбой турганын айтып келет. Украинадагы согуш жаатташуу маселесин да күн тартибине чыгарды. Бири-бирин “украиначыл”, “орусиячыл”, “батышчыл”, “чыгышчыл” деп айыптагандар пайда болду. Борбор Азияны мисалга алабызбы, Кыргызстанды мисалга алабызбы, айтор, коомдогу мындай риториканы табигый эле көрүнүш деп сыпаттасак болобу? Же бул жаатташуу же поляризация күчөп баратканын туюнткан сигналбы?

Кеңешбек Сайназаров: Кыргызстандын контекстинен эле айтайын. Батышка же Чыгышка барып, алар кандай жашаганын көрүп келген адам менен ал жакка барбай туруп, “Батыш мындай”, же “Чыгыш тигиндей” деп айткан адамдардын ортосунда айырма өтө чоң. Батышка келип кеткен адамдар ал жакта жарандардын жыргалчылыгы үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн көргөндөн кийин оюн өзгөртөт.

Экинчиден, кайсы бир идеяны бирөө айтып коюшу мүмкүн. Бирок аны кубаттап, колдон-буттан сүйрөй тургандар – бул калың журт да. Ар кандай күчтөр калың журтка ошол нерсени берип коюуга кызыкдар болушу мүмкүн.

Ошондуктан өсүп келе жаткан жаштарга, элге өзүнүн ою менен таасир эте турган адамдарга кайрылып кетет элем. Бир сөздү айтардан мурда, ошол маселени өзүбүз карап, казып көрүшүбүз керек. Ушул сөздөр бирөөгө зыянын тийгизип койбойбу? Сиз бирөөнү ээрчип калган жоксузбу? Мындай суроолорду өзүбүзгө-өзүбүз беришибиз керек. Өзүбүздү өзүбүз агартышыбыз зарыл, бир сөздү сыртка чыгаруудан мурда ойлонушубуз керек деп айткым келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG