Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Киевдеги элчилик күчөтүлгөн режимде иштеп жатат


Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов жана украин президенти Владимир Зеленский.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов жана украин президенти Владимир Зеленский.

10-октябрдан бери Украинанын баш калаасы Киев Орусиянын ракеталык катуу чабуулуна кабылды. Кыргызстандын Украинадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Идрис Кадыркулов соңку кырдаал тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

- Кыргызстандын Киевдеги элчилиги ушул тапта кандай тартипте иштеп жатат?

- Азыр биз үчүн силердин моралдык колдооңор абдан маанилүү болуп жатат. Биздин элчилик башка дипломатиялык миссиялардын катарында эле күчөтүлгөн режимде ишин улантууда. Өзүбүздүн милдеттерибизди толугу менен аткарып, жарандарыбыз менен күнү-түнү байланыштабыз.

- Ракеталык чабуул башталган учурда сиздер кайда элеңиздер?

- 10-октябрда биздин күн кадимкидей эле штаттык режимде башталып, мен жумушка бара жаткам. Биринчи сокку эртең мененки саат 8ден бир аз өткөндө Киевде болду. Ошондо көчөдө эл көп болчу, жардыруу болгондо элдин арасына дүрбөлөң түшүп, жер алдындагы өтмөктөргө кире качышты. Мен элчиликке жеткенде баарыбыз тең коргонуу объектине кирип, жашынууга туура келди. Шаарга чыгууларды чектедик, бирок баарыбыз жумушта болдук.

- 24-февралда Украинага кол салуу башталганда ал жакта иштеген бир топ кыргызстандыктар чыгарылып, айрымдары мекенине кайткан эле. Андан кийин жаз, жай айларында алардын айрымдары Украинага кайтып барганы тууралуу маалыматтар чыкты. Канчасы кайтып барган, азыркы учурда Киевде жана жалпы Украинада канча кыргыз жараны бар?

- Ооба, элчилик жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түздөн-түз катышуусу менен миңге чукул биздин жарандар үй-бүлөлөрү менен Украинадан чыгарылган. Ошол учурда Украинанын аймактарында элүүгө жакын жараныбыз калган. Булардын арасында биздин жарандар менен никеге турган башка өлкөнүн атуулдары да бар. Балдары бул жактан төрөлүп, Украинанын жарандыгын алып калгандар бар. Биз эч кимди бөлбөй, колубуздан келген жардамыбызды тегиз берип жатабыз. Жайы менен айрым жарандарыбыз кайра кайтып келе баштаган болчу. Бүгүнкү күнгө карата алардын саны 140ка жетип калды. Бул сан улам өзгөрүлүп турат, байланышка чыкпаган, мурда катталбаган жарандарыбыз да болушу мүмкүн.

- Кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн элчилик кандай көмөк көрсөтүүдө?

- Маалыматтык жумуш үзгүлтүксүз жүрүп жатат, активисттер менен жолугуп, социалдык тармактар аркылуу коопсуздукка байланыштуу маселелерди толук жеткиргенге аракет кылуудабыз. Вотсап же Телеграм чаттарда, сайттарыбызда, уюлдук телефон менен дайыма коопсуздук чаралары тууралуу айтып жатабыз. Кырдаал турукташканга чейин Украинадан чыгып тургула деген кеңеш берүүдөбүз. Ал эми Украинага келейин дегендерге "келгенге шашылбаңыздар" деп дайыма айтылып жатат. Анткени "эч ким бул жактагы коопсуздугуңарга кепилдик бере албайт" деп эскертип жатабыз. Украинадан чыгып кетебиз дегендерге дайыма, токтоосуз көмөк көрсөтүп, маалыматтык, каражат жагынан да колдоп турабыз.

- Киевдин азыркы абалын сүрөттөп бересизби? Коомдук жайлар иштеп жатабы? Элдин абалы кандай?

- Кырдаал бир эле Киевде эмес, жалпы Украинада оор. Анткени бул жолу соккулар бүткүл Украинанын аймактарына жетти. Киев шаарында адамдар менен автоунаалар азайгансып калды. Бирок, менин байкоом боюнча акыркы соккулар украиналыктарды коркуткан жок, тескерисинче алар кыжырдангандай сезилип жатат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG