Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:02

Апта: Астанада учурашпаган лидерлер, Рахмондун ичкүптүсү


Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон.
Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон.

Бул аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өттү. Ошондой эле Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды.

Кыргызстанда парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага карата чагым сынга кабылды. Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилбесин талап кылган элдик курултай өттү.

Узап бараткан аптадагы урунтуу окуяларды талдап, "Азаттыктын" бир апта ичиндеги кызыктуу берүүлөрүн эске салабыз.

Путиндин ортомчулугу менен өткөн жолугушуу

Аптанын бейшемби, жума күндөрү Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги форуму жана КМШ лидерлеринин саммити жана "Борбор Азия + Орусия" отуруму өттү.

Астанага барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Путиндин ортомчулугу менен жолугушуу үч тараптуу жана жабык форматта өттү. Башталышында гана журналисттерге видео тартууга уруксат берилди. ЖМКлар Жапаров менен Рахмондун кол алышып учурашпаганына маани берди.

Жолугушуунун башында Владимир Путин кыскача сөз сүйлөп, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

Эки өлкөнүн көп сандагы жарандары Орусиянын аймагында окуп, иштеп жүргөнүн эске салып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.

Жолугушуу кандай маанайда өткөнү жана эмне жыйынтыкка келгени беймаалым. Жолугушуудан кийин тараптар кыска гана расмий билдирүүлөр менен чектелди.

“Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду, - деп жазды Кыргызстандын президентинин расмий сайты. - Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды”.

Президент Жапаров Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгилеген.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, жолугушууда чек араны аныктап, тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү каралганы учкай айтылды. Рахмон “маселени саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү, ошондой эле чек араны аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтун ишин мурда жетишилген макулдашууларга ылайык гана жандантууну” айткан.

Орус лидери Путин 14-октябрда Казакстандын баш калаасында өткөн маалымат жыйында жолугушууда аскердик аракеттердин жанданбашы үчүн бардык чараларды көрүү тууралуу макулдашылганын айтты. Ошондой эле эки тарап качкындардын үй-жайына кайтып баруусуна бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди.

"Эки тарап тең маселени чечүүнүн жолдорун ар бири өз алдынча сунуштамай болду. Биз бул сунуштарды жөн гана баалап койбостон, алдыдагы сүйлөшүүлөргө негиз боло турган биздеги документтерди да колдонгонго аракет кылабыз. Анткени Москвада бул союздук республикалардын өзүндө жок маалыматтар бар. Ошол документтерди, карталарды көтөрөбүз анан кызматташтар менен биргеликте чечим кабыл алабыз", - деди Путин.

Кыргызстандык саясат талдоочу Эмилбек Жороев өзү урушту баштап, согушуп жаткан өлкөнүн ортомчу түшүп, үчүнчү тарап катары жолугушууга катышып жатканы таң калычтуу деген пикирин "Азаттыктын" Twitter Space платформасындагы талкууда айтты.

“Путиндин өзү ортомчу катышып жатканы бир аз таң калычтуу. Албетте, баарыбыз Орусиянын президенти геосаясаттагы таасирдүү саясатчы катары Кыргызстан менен Тажикстанга таасир эте алат деп эсептейбиз. Бирок бул таасир тууралуу айтканда, сентябрдагы чек арадагы жаңжал болгон күнү бул үч өлкөнүн жана ШКУнун лидерлери Самаркандда чогулган эмес беле. Мына ушунун өзү күмөнсүнгөн пикирлерди жаратпай койбойт. Ошондо Кыргызстанда Тажикстан чек арада эмне үчүн агрессияга барды жана бул жерде Орусиянын ролу кандай деген суроолор жаралган”.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер Орусия Украинада баштаган согушуна оңбогондой ресурстарын коротуп, Борбор Азияга чамасы жетпей, мурдагы коопсуздукка кепил болуп келген ролун кыйла жоготту деп эсептейт.

Буга чейин Кыргызстан да, Тажикстан да чек ара маселесине үчүнчү тараптын аралашуусун четке кагып келген. Бирок сентябрдагы чек арадагы жаңжалдан кийин Кыргызстандын президенти БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп, эл аралык уюмдардын ортомчулугуна даяр экенин билдирген.

"Жаңжалдашып жаткан тараптар үчүн маселени сүйлөшүп чечүү маанилүү. Мындай маанайды ар дайым кубатташыбыз керек. Ошол эле маалда үчүнчү тарап болгон Орусиянын ролу канчалык нейтралдуу болот, маселе ушунда. Орусия былтыр дагы, быйыл да Тажикстанды колдогонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошол себептүү бул сүйлөшүүдө кыргыз тарап дипломатиялык чеберчилигин көрсөтүшү керек болот. Мындай сүйлөшүүлөрдөн качпашыбыз керек", -дейт эл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

Астана саммити

Жума күнү КМШ лидерлеринин Астанадагы саммити жыйынтыкталды. Өлкө жетекчилери тар курамдагы отурумун жабык өткөрүп, кеңири курамда сөз сүйлөшкөн жок. Бул жыйынга улай эле казак баш калаасында "Борбор Азия – Орусия" отуруму өттү.

Шериктештик уюмуна 11 мамлекет болсо анын төртөө бири-бири менен жаңжалдашууда, Орусия бирикменин негиздөөчүсү Украина​га кол салса, Беларус Москванын таламын талашууда. Калган өлкөлөрдө да ич ара таарынычтар бар.

Азербайжан менен Армениянын, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир нече ирет куралдуу жаңжал катталды. Тараптар бири-бирин агрессияга айыптап, айрым жыйындарда чогуу отуруудан баш тартууда. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сентябрда Азербайжан мүчөлүк кылган ШКУнун Самаркандда саммитине келбей койсо, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров октябрдын башында КМШнын Санкт-Петербургда өткөн формалдуу эмес саммитине барган жок.

Бул жыйындарды маалымат каражаттарында баштан-аяк чагылдырылган жок. Ар бир президенттин басма сөз катчылары өз президентинин баштапкы билдирүүлөрүн гана таратышты. Жыйындар кандай маанайда өткөнүн төмөндөгү макаладан окуңуз.

Телеграм-каналдарда “Борбор Азия – Орусия” лидерлеринин жыйынында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ачуу сүйлөгөнү тартылган видео тарады. Ал видеону Астанадагы саммитке катышып жаткан журналисттер же башка катышуучулар тартып, чыгарышы мүмкүн. Себеби отурум телеканалдар аркылуу көрсөтүлбөгөнү менен ошол жердеги пресс-борборлордо отургандарга көргөзүлүп турган.

Видеодо көрүнүп тургандай, Эмомали Рахмон Владимир Путинге кайрылып жаткан. Ал өз сөзүндө СССР учурунда майда элдерге, майда республикаларга көңүл бурулбай калганын, тескерисинче, кен байлыктарын Москва чыгарып кеткенин, ошонун натыйжасында советтик өлкө талкаланганын айтат. Ошол себептүү алар эгемендик алганына карабай жакыр абалда калышканын, натыйжада жарандары Орусияга миграция барууга аргасыз болуп жатканын белгилейт.

Рахмон Борбор Азиядагы өлкөлөр Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары тутарын, аларда орус аскердик базалары, орус мектептери, баары бар экенин белгилеп, бирок орус бийлиги аларга ошого жараша көңүл бөлүнбөй жатканын, мигранттарга тиешелүү мамиле жасабай жатканына даттанган.

"Ооба, биз чакан элдербиз. Биз 200 миллион же 100 миллиондук калктар эмеспиз. Бирок биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз бар, биз адамбыз. Биз бизди сыйлашын каалайбыз. Мындан эмне туура эмес нерсе бар? Биз төмөн калктар эмеспиз. Биз бай эле өлкөлөрбүз, бизде Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтер бар. Орусиядан газ менен мунай гана алып жатабыз. Мына чогулуп калдык, эми керектүү шарттарды түзөлү. Кайсы жерде ким менен учурашпай койдук, такташып алалы. Биз эч бир келишимдерди бузган эмеспиз. Өзүбүздүн башкы стратегиялык өнөктөшүбүздүн кызыкчылыктарын да сыйлайбыз. Бирок бизди да сыйлоосун каалайбыз. Владимир Владимирович, КМШ өлкөлөрүнө мурдагы советтик өлкөлөр катары мамиле болушун каалабайбыз. Биздин, ар бир өлкөнүн өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ар бир өлкө менен өз-өзүнчө иштөө зарыл", – деген Эмомали Рахмон.

"Кагазда калган уюмдар": ЖККУга айтылган сын

Апта башынан бери Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) байланыштуу кызуу талкуулар жүрдү. Коргонуу жаатында Кыргызстан мүчө болгон эң чоң уюм - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пайда-батасы боюнча маселе буга чейин эле көтөрүлүп келген. Кыргызстан менен Тажикстандын жана Армения менен Азербайжандын чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштар уюмга сын дооматты күчөттү.

Кыргызстан ЖККУнун 10-14-октябрга белгиленген аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты. Коргоо министрлиги мындай чечим буга чейин эле кабыл алынганын билдиргени менен талдоочулар муну кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууга байланыштырып жатат.

10-октябрда коопсуздук уюмдун "Рубеж-2022" деген аталыштагы аскердик машыгуусу Тажикстанда өтөрү кабарланып, ага Кыргызстан катышпай турганын билдирди.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяга улай Москва үстөмдүк кылган бул блоктун жол-жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды. Кыргызстан эмнеге нааразы? Азербайжан менен утур-утур согушкан Армения да уюмга бир топ доомат артып, атүгүл бул өлкөдө ЖККУдан чыгуу чакырыктары жаңырууда. "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" программасы ушул темага кайрылды:

Кемпир-Абад: Курултайда жаңырган талаптар

15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу миңдей адамдын башын бириктирген курултай өттү. Ага жергиликтүү тургундар жана активисттерден тышкары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, оппозициялык маанайдагы "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөлөрү жана Бишкектен барган жарандык активисттер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Курултайда сөз сүйлөгөндөрдүн көбү суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана деморкация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана деморкация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.

Курултайдын расмий бөлүгүндө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди. Ал кыргыз-өзбек чек арасынын 1450 чакырымы такталып жатканын билдирди.

"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз Кемпир-Абаддын маселеси болбогондо деле, жөн учуруда деле келип, Ош, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул бир жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жаткаңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.

Ушундан кийин чогулгандар президенттин өкүлүнө нааразылык билдирип, сүйлөтпөй коюшту.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койбой койгонун, анын орун басары да кол койбогонун, учурда Айдарбековду комитет жетекчилигинен кетирүү боюнча интригалар жүрүп жатканын айтты. Бул боюнча Айдарбеков жана бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.

Курултайда сөз сүйлөгөн коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов 1965-жылдагы документте Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүү тууралуу сөз жок экенин белгилеп, бул маселени элдик референдумга салууну сунуштады.

Жарандык активист Элбек Хабибуллаев мындай референдумду "опурталдуу" деп мүнөздөдү.

"Лейлек, Өзгөн, Ала-Буканын эли баарыбыз чек ара маселесинде бир туруп, бардык протоколдорду ачыкка чыгарышын талап кылалы. Референдум бул аябагандай опурталдуу, азыр компьютер менен баарын жасап койсо болот", - деди ал.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков Кемпир-Абад боюнча келишимдин бир катар артыкчылык-кемчиликтерин белгилеп, сууну Өзбекстан менен тең пайдаланууну сунуштады.

Курултайдын соңунда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду. Кемпир-Абадга байланыштуу соңку өнүгүүлөр токтобой турган болсо кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

2021-жылдын мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып келгенден кийин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ошондон кийин Өзгөндө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Көп өтпөй Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айткан.

Өзгөндөгү курултайда айтылган ой-пикирлерди толугураак бул жерден окуңуз.

Баткендеги абал

Ал тапта Баткендин тургундары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдү куруу иштери кечигип жатканына кабатырланууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, социалдык объектилерди калыбына келтирүү баштала электиги айтылды.

Жергиликтүү эл суук түшсө тууган-туушкандарыныкында көчүп-конуп жүрүү оор болорун, ушундан улам курулушту тездетүүнү суранды. Өкмөт турак жайлар пландалган мөөнөттө бүтөт деп убада берип жатат.

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда Баткендеги үй-жайы жоктордун абалы, жаңы курулуштар тууралуу сөз кылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен талкаланып калган. Мындан тышкары Кыргызстандын ондон ашык айылында үйлөр, социалдык объектилер талкаланган. Жалпысынан соңку куралдуу кагалышта Баткен облусу боюнча 661 үй зыян тартып, анын 423ү жашоого таптакыр жараксыз болгон. "Озоди" радиосу тажик тарапта талкаланган үйлөр бар экенин билдирген.

Чек ара жаңжалында жабыр тарткан Лейлек аймагынын аталышын жергиликтүүлөр илегилек куштары менен байланыштырып жүрөт. Бул аптада "Азаттыктын" "Данисте" көрсөтүүсү Баткенде болуп, илегилек куштары тууралуу баяндама жасады. Жок болуу коркунучуна кептелген бул куш соңку жылдары Баткен аймагына кайтып келе баштаган.

"Ууру митинг". Сөз эркиндигине чабуул

Бейшембиде Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында 40тан ашуун киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыкты. 13-октябрда уюштурулган акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү бул маалыматты четке кагууда.

Акциянын катышуучуларынын көбү бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Дээрлик бардыгы тең беткап, көз айнек тагынып келген. Акцияга чыккандар жана алардын артында тургандар ким?

Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Медиа полиси институту” уюму “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында өткөн акцияны өлкөдөгү көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп атап, Ички иштер министрлигинен бул митингге юридикалык баа берүүнү, эгер кылмыш белгилери бар экени аныкталса айыптууларды жоопко тартууну талап кылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

Мындан сырткары бир катар саясий жана коомдук ишмерлер, журналисттер жана жарандык активисттер эркин медиаларга карата акцияны айыптап, чагым кылгандарды жоопко тартууга үндөдү.

Эртеси күнү, 14-октябрда жарандык коом, медиа өкүлдөрү "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп" маалымат агенттиктерине чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.

“Азаттык Медиа” мекемеси 13-октябрда Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Илимбек Исраилов аттуу жаран "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус Медиа" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленет.

Орусиядагы мобилизациянын мигрантка таасири

12-октябрда Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 143 мамлекет Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялап алышын айыптады. Башкы ассамблеянын 193 мүчөсүнүн көбү Москванын кадамын "мыйзамсыз" деп атаган резолюцияны колдоп добуш беришти. Кыргызстан бул боюнча калыс калууну чечти. 13-октябрда орус армиясы Украинанын 40тан ашуун калаа жана айыл-кыштактарына ракетадан сокку урду.

Ал тапта Орусияда мобилизацияга тартылгандардын алды майданда набыт болуп, башкалары атайылап туткунга түшүп жатканы маалым болду. Орусиянын Челябинск облусунун бийлиги Украинага согушка мобилизацияланган беш киши майданда набыт болгонун ырастады.

14-октябрда Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн маалымат жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы эки жума аралыгында мобилизация жыйынтыкталарын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 21-сентябрдан бери аскерге 220 миң киши тартылган. Орус бийлиги жалпысынан 300 миң киши мобилизация болорун билдирген.

Путин ошондой эле мобилизацияга тартылгандардын 16 миңи фронтто экенин кошумчалады.

Жакында эле “Азаттыктын” редакциясына Москвада аскердик мобилизацияга туш болгон, көп жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык түгөй кайрылган.

Орус армиясында эч качан кызмат өтөбөгөн, бөйрөгү оорулуу 36 жаштагы жигитти полиция таң сүрө үйүнөн салып кетип, адегенде полиция бөлүмүнө жеткирип, ал жактан түз эле мобилизациялык борборго алып жөнөшкөн. Биз бул мигранттын үй-бүлөсү менен байланышып, окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык. Аны төмөндөгү баяндан уга аласыз:

Бул окуяны "Азаттык" чагылдыргандын эртеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, эгерде кыргыз жаранына катачылык менен аскерге чакыруу келсе, элчиликке, консулдукка жана башка өкүлчүлүктөргө кайрылууга чакырды.

"Кыргызстандык жарандар чет мамлекеттин аймагында согушка чакырылышы мүмкүн эмес", - деп жазды элчилик.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги буга чейин Орусияда убактылуу иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жарандар чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылыштарга катышууга укугу жоктугун, бул мыйзам менен тыюу салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын маалымдаган.

21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин орус жарандары коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга агылды. Учурда алар Бишкектин шартына көнүп жатат. Буга чейин жергиликтүү медиа Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жашоо-турмушун кеңири чагылдырып келсе, бул жолу кыргызстанга келген орусиялыктардын жашоосуна кайрылып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" дагы видео баяндамасына назар салыңыз:

Белгилей кетчү жагдай, Орусиядан мобилизациядан качкандардын толкуну күчөгөндө Бишкекте, Ошто жана Ысык-Көлдө ижара акысы жогорулап, анын айынан батирден куулгандар көбөйдү. Алар үй ээлери батирин орусиялыктарга кымбатка берип жатканына даттанууда. "Азаттык+" ушул жумада мына ушул жарандардын үнүн тыңдап, батирге байланыштуу маселени талкуулады.

Кызга кырк үйдөн колдоо

11-октябрь Кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Соңку жылдары кыздардын аң-сезимин жашынан өзгөртүп, аларды өз укугун коргоого чакырган, билим алууга үндөгөн сөздөр айтылып келет.

"Азаттыктын" "Эже-сиңдилер" берүүсүндө кыргызстандык кыздардын көйгөйлөрү, кыялдары тууралуу сөз болду.

Кыздардын эл аралык күнүнө карата Ат-Башынын эң алыскы Талды-Суу айылында мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыкты. Өспүрүмдөрдүн демилгеси менен уюштурулган иш-чара кыздардын билим алуусуна шарт түзүп, өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу аймактагы кабрчыбыздын видео баянын көрүңүз:

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу болгон.

Жай айында 13 жаштагы кыздын тагдыры тууралуу "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деп аталган макала "Азаттыкка" жарыяланган, анда наристе кыздын зордуктоого шектүүлөрдүн арасында эки милиция кызматкери бар экени баяндалган. Ушул макаладан кийин да балдар коопсуздугу, мындай кылмыштырдан көбөйгөнү тууралуу талкуу күчөгөн эле. Жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылган, тиешелүү адамдарга чара көрүүнү талап кылган. 11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Ага ылайык, балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу каралган, айыптын өлчөмү көбөйтүлгөн. Мындай кылмышка баргандарды жоопко тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана аларга эч кандай мунапыс берилбеши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG