Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

12:48 28.8.2023

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев 28-августта “Азаттыкка” билдирди.

Алардын бөгөт чарасы 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды. Турдалиев бул иш боюнча абакта жаткан башка кишилердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылганын айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан алты киши - Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип, 22-августтан тарта ачкачылык жарыялашкан. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

17:56 23.8.2023

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши 22-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекемеге жазуу жүзүндө арыз бергенин кабарлады.

Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен.

“Алардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандар ишти карап аткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаганын билдиришкен. Кайрылууда судья сот отурумун утур-утур жылдырып, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы жазылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан

10:36 22.8.2023

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков иштин материалдарын биринчи жана 50-тому менен шектүүлөрдү тааныштырбай жатканын билдирди. Бул тууралуу анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Эми сотто иш менен таанышалы десек, судья Марат Сыдыков мыйзамга ылайык соттук процессте бардык тараптардын катышында иш менен таанышуу чечимин кабыл албастан, өзү каалагандай чечип бизди токтом менен тааныштырган жок жана таанышуу графиги бекиген жок”, - деп айтылат маалыматта.

Ал Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлгандар судья Марат Сыдыковдун соттук отурумдарды жабык өткөрүү чечимин тааныбай турганын жана сот ачык өтүшүн талап кылышарын кошумчалаган.

21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян болбой, иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде кийинки отурум 5-сентябрга дайындалган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан.

09:57 22.8.2023

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар кайра ачкачылык жарыялай турганын билдиришти. Бул тууралуу алар 21-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтышты. Шектүүлөрдүн бири, саясатчы Азимбек Бекназаров тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдирди.

“Мындай мыйзамсыз сотко катышпайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке жана эл аралык уюмдарга кайрылабыз. Биздин ачкачылык жарыялагандан башка аргабыз калбады. Абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр сотто күн тартибине киргизилген жок. Иштин материалдары менен таанышуу тартиби аныкталган жок. Сот жабык өтөт деген чечим да жок. Ошондуктан судьяга ишенбестик көрсөтөбүз”, - деди Бекназаров.

Иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде 21-августта соттук жараян болбой, кийинки отурум 5-сентябрга дайындалды. Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов буга чейин материалдар менен тааныша албай жатканын айтышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийинчерээк токтотушкан.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG