Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

"Азаттык" журналисттерин коркуткан окуя боюнча милицияга кайрылды


“Азаттык Медиа” мекемеси 13-октябрда Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Илимбек Исраилов аттуу жаран "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус Медиа" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленет.

“Кыргызстандын Конституциясы жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алууга, аларды жайылтууга жана ой-пикирди эркин билдирүү укугуна кепилдик берет. Өлкөдө цензурага жол берилбей турганы жазылган. Биз бул акцияга чыккандардын кыймыл-аракетин сындайбыз жана ага тийиштүү баа берилишин талап кылабыз. Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраиловдун чагымчыл маанайдагы чакырыктары жана билдирүүлөрү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептейбиз. Мындан улам анын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде баа берип, тийиштүү чара көрүүңүздү өтүнөбүз”, - деп билдирди "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан.

Эркин медиа менен журналисттерди коркуткан пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Илимбек Исраилов эл арасында "Райым миллион" деген ат менен таанымал Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына катышып жүргөнү менен белгилүү. Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп иштеп, ири коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин камалып чыккан. “Азаттык” радиосу Матраимовдун жемкорлук системасын иликтеп, миллиондогон доллар мыйзамсыз жол менен сыртка ташылып кеткенинин бетин ачкан.

Акциянын катышуучуларынын арасында бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тарткандар да болгон.

Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурда өттү. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды. 14-октябрда эркин медиаларга кысымды токтотуу талабы менен чыккандар жүрүш уюштурушту. (RK)

Үч медиага каршы жүзүн жаап чыккандар ким?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG