Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Жейми Флай “Азаттык” радиосуна каршы коркутууну иликтөөгө чакырды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай 13-октябрда Бишкекте “Азаттык-Медиа” мекемесинин алдына келгендер журналисттерди коркуткан окуяга байланыштуу пикирин билдирди. Эл аралык медиа компаниянын президенти кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

“Азаттык” радиосунун журналисттери мындайдан коркуп калбайт. Кыргыз бийлигин биздин кызматкерлерибизди жана кеңсебизди коркуткандардын жоопкерчилигин карап, иликтөөгө чакырам” – деп айтылат билдирүүдө.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашуун киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” медиа мекемелерин жабууну, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылды.

Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов үч медианын жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтты. “Азаттыктын” жана “Клооптун” журналисттерин тикелей коркутуп-үркүткөн чакырыктар да жасалды. "Ачык айталы, "Азаттык", "Клооп" кийинкиде айтпай туруп өтө катуу кадамдарга барабыз. Бензин чачабыз”, - деген Илимбек Исраилов “Азаттыктын” операторлоруна кайрылып, “митингдерде көрүп калчу болсом, бир жериңерди сындырып эле коём” деп опуза кылган.

Акциянын катышуучуларынын көпчүлүгү бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Илимбек Исраилов эл арасында "Райым миллион" деген ат менен таанымал Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына катышып жүргөнү менен белгилүү. Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп иштеп, ири коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин камалып чыккан.

“Азаттык” радиосу Матраимовдун жемкорлук системасын иликтеп, миллондогон доллар мыйзамсыз жол менен сыртка ташылып кеткенинин бетин ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG