Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Эркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?


“Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылгандардын митинги. 13-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.
“Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылгандардын митинги. 13-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыкты.

13-октябрда уюштурулган акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү бул маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага карата чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

“Азаттык” радиосунун журналисттери мындайдан коркуп калбайт. Кыргыз бийлигин биздин кызматкерлерибизди жана кеңсебизди коркуткандардын жоопкерчилигин карап, иликтөөгө чакырам” – деп айтылат эл аралык медиа компаниянын жетекчисинин билдирүүсүндө.

Сынга кабылган акция

Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашуун киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылды. Алар сөз болуп жаткан медиалар туура эмес маалымат таратып жатат деген пикирин билдирип, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам кабыл алынышы керектигин айтышты.

Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп иштеген, бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин камалып чыккан Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына катышып жүргөнү менен белгилүү. “Азаттык” радиосу Матраимовдун жемкорлук системасын иликтеп, миллондогон доллар мыйзамсыз жол менен сыртка ташылып кеткенинин бетин ачкан.

Эркин медиаларды жабуу талабы менен "Азаттыктын" кеңсесинин алдына чыккан митингде Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары, коррупцияга айыпталып, күнөөсүн моюнга алып камалып чыккан Райымбек Матраимовдун жактоочусу Илимбек Исраилов модераторлук кылды. 13-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.
Эркин медиаларды жабуу талабы менен "Азаттыктын" кеңсесинин алдына чыккан митингде Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары, коррупцияга айыпталып, күнөөсүн моюнга алып камалып чыккан Райымбек Матраимовдун жактоочусу Илимбек Исраилов модераторлук кылды. 13-октябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Илимбек Исраилов үч медианы жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтты. “Азаттыктын” жана “Клооптун”журналисттерин тикелей коркутканга чейин барды.

"Ачык айталы, "Азаттык", "Клооп" кийинкиде айтпай туруп өтө катуу кадамдарга барабыз. Бензин чачабыз”, - деген Илимбек Исраилов “Азаттыктын” операторлоруна кайрылып, “митингдерде көрүп калчу болсом, бир жериңерди сындырып эле коём” деп опуза кылды.

Акциянын катышуучуларынын көбү бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Дээрлик бардыгы тең беткап, көз айнек тагынып келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул митингдин артында уюштуруучулар бар деген пикирде.

“Бул өтө жакшы эмес жана мыйзамсыз акция. Аны бирөө атайын уюштуруп жатат. Чыккандар өздөрү эле уюша калып “Азаттыкка барып аларды жаптыруу боюнча талап коёлу” деп чогула калышкан жок. Анын башында тургандар керек болсо парламентте да эмес. Ал эми Жогорку Кеңештеги демилгелер анын бир эле учу. Бүгүн митинг уюштурду. Эртең чагым, башка да окуялар болушу мүмкүн. Менин пикиримде ушундай мыйзамсыз иштер бийликтин колдоосу менен болууда”.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.

13-октябрда “Азаттык” парламентте Надира Нарматовадан бул боюнча комментарий алууга аракет кылды. Депутат кыска гана жооп берди.

“Мен кечээ эле айткам. Бул жалган. Жок нерсе”, - деди Нарматова.

Эркин медиаларды жабуу тууралуу сунуш бир катар эл өкүлдөрүнүн, саясатчылардын жана жарандык коомдун нааразылыгын жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин жыйынында Кыргызстанда Конституцияга ылайык, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин жана анын толук кепилдиги бар экенин белгиледи.

Акыркы күндөрү айрым депутаттар жана коомдук ишмерлер “Азаттык медиа”, “Кактус”, “Клооп” жана башка эркин медиаларды каралап жатканын айткан депутат мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин кошумчалады.

“Ар ким өзүнүн ишин кылышы керек. Кайсы бир медиа мекеме каякка кеңсе ачат, канча адамды ишке алат, эмне, ушул жерде отурган депутаттар чечеби? Ошого чейин, штаттык санына чейин кийлигишебизби “жабылышы керек, андай кылышы керек” деп? Ошончолук төмөн деңгээлге түшпөшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн жумушу бар. Депутат мыйзам чыгарат. Буга чейин далай бийликти көргөнбүз. Төрт президент, “Азаттыкты”, ушундай эркин медиаларды каралайбыз дегендер азыр каякта? Бирөө да жок. Качкандары чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Бийлик убактылуу. Ушул жерде эркин медиаларды, журналисттерди, блогерлерди каралагандардын баары кызматтан кеткенден кийин ошолордун босогосунда сагалап “Мени угуп койгулачы, мени каралап жатышат” деп турганын көргөм далай жолу. “Азаттыкта” да, “Кактуста” да жана ошого окшогон эркин медиалардын баарында кыргыздын ак ниет, чынчыл, адилеттүү уул-кыздары иштейт”.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастанбек Жумабеков Баш мыйзамда ой, сөз эркиндиги боюнча так жазылганын, ал эч кандай чектөөгө алынбашы керектигини айтып, буларга токтолду.

“Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондон кийин бардык нерсе эркин болушу керек. Ошол эле кезде ар бир адам укугун да, милдетин да билиши зарыл. Ал да мыйзамда так жазылган. Сөз эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарына басым кылып “жаап салабыз, жок кылабыз” деген ойдон алыс болгон туура”.

Сөз эркиндигин чектөө ой-пикирди ачык билдирүүгө болгон кысымга байланыштуу маселени 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо да көтөргөн. Ал “Азаттыкка” да комментарий берди.

“Сөз эркиндигине кысым кылуу өзү жакшы нерсеге алып барбайт. Кыргыз эли эзелтеден бери сөз эркиндигин бийик тутуп келген. Эзелтеден бери дегенде – ооз эки айтуучулукта акындар өз оюн эркин айткан. Бүгүн “Азаттыкты” жапса, эртең акындардын да оозун басып, комузун алып коюш керекпи? Кыргыз ханынан да, бегинен да коркпой ачуу чындыкты айтып келген. Кемчиликти ачык айтуу деген бул тескерисинче көйгөйдү чечүүгө болгон жардам”.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты, Балбак Түлөбаев басма сөз эркиндиги Кыргызстандын суктана турган жетишкендиги экенин белгилеп, кесиптештерин эркин медиаларга кысымды токтотууга чакырды.

"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттык" радиосунун, "Клооп", "Кактус Медиа" жана башка айрым маалымат каражаттарын Кыргызстанда жабууну талап кылган демилгени сындан корккондордун гана максаты деп билдирди.

Темир Сариев
Темир Сариев

"Сын-пикирден эч качан коркпош керек жана сынды эч качан тыйбаш керек. Бийликке келген адам өзү "ачуусуна чыдайм, жаманын көтөрөм, жакшысын тең бөлүшөм" деп айтат. "Азаттык" такталган маалыматты гана чыгарат жана эки тарапты тең камтыйт. Бүгүнкү "чыккынчылык кылып жатат, туура эмес берип жатат" деген сөздөр бул "Азаттыктын" сыны жакпагандардын шылтоосу", - деди Сариев.

Саясатчы "Азаттык" радиосу эл аралык журналистиканын тең салмактуулук жана бейтараптык стандарттарын сактап, эки тарапка тең бирдей микрофон сунуп келерин белгилеген.

Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик

Акыркы окуялар боюнча парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциянын лидери Адахан Мадумаров мындай ою менен бөлүштү.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Сөз эркиндигине чабуул жасоо – алсыздыктын белгиси. Ал эми “депутаттардан ушундай демилге (ред: үч медианы жабуу тууралуу) көтөрүлүп жатыптыр” деген сөздү сизден угуп атам. Ким көтөрүп атат, кандай көтөрүп атат, ким кол топтоп атат көргөн жокмун. Көзүм менен көргөн болсом айтмакмын. Эгерде ушундай аракеттер болсо ал туура эмес. Сөз айтылышы керек. Ошол эле кезде анын жоопкерчилигин да сезе билүү керек. Сөз эркиндиги журналисттерге эле тиешелүү олжо эмес. Ал адам туулгандан баштап таандык болот. Сөз эркиндигин негиз кылып аны башка жакка пайдаланып кете турган болсо, анын жоопкерчилиги өзүнүн моюнунда”.

Сөз эркиндигине байланыштуу Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Биз сөз эркиндигин толугу менен колдойбуз. Бирок биз социалдык тармактардын колдонуучуларынан, маалыматтык сайттардан суранып жатабыз, жерибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин биримдигине доо кетпесе эле калганы ким эмнени айтат - ар бир кишинин өзүнүн эрки. Бирок биз эки маселеде сак болушубуз керек. Өзгөчө чек ара ишине аяр мамиле кылышыбыз зарыл. Анан элди биримдикке чакырып, өкмөт элди багыш керек. “Биз кичинекей, кедей өлкөбүз” деген ой калыптанып калган. Кыргызстан 90го жакын мамлекеттин ичинен аянты боюнча 73-орунда турабыз. Эң кооз жерибиз, эң таланттуу элибиз бар. Бизге көз арткандар жок эмес. Ошол сырттагы күчтөргө жем болбой бири-бирибизди колдоп кетели деген эле тилек бар”.

Кыргызстандын Конституциясында жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугуна кепилдик берилген. Өлкөдө цензурага жол берилбей турганы жазылган.

Сөз эркиндигине каршы митингге жарандык коомдун реакциясы

Социалдык тармактын колдонуучулары, юристтер менен жарандык активисттер да эркин медиа каражаттарына болгон кысым-басымды сындап, журналисттерди коркутуп, сөз эркиндигине чабуул койгондорго тезинен чара көрүүгө бийликти чакырып жатат.

Айрымдары мурдагы президенттердин эркин медианы жабуу аракети эмне менен бүткөнүн эске салышууда.

Таттуубүбү Эргешбаева:

Бийликтин сөз эркиндигине каршы кылмыштуу аракеттери:

Садыр Жапаровдун режими келгенден бери Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө этап-этабы менен башталды.

Айтып кетсек:

  • Биринчиден, фейк боюнча мыйзам кабыл алынып, ишке кирди;
  • бир катар беренелер боюнча жазык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин мөөнөтүн жана чарасын күчөттү:
  • президенттик администрация ЖМКлар боюнча жаңы мыйзам чыгаруу демилгесин лоббирлөөдө, жада калса интернет мейкиндигин жана блоггерлерди жөнгө салууну каалап жатышат;
  • Иш жүзүндө буга чейин бир катар журналисттер жана блогерлер репрессияга кабылышкан (next tv, 24.kg, azattyk.kg, айрым блоггерлер жана активисттер). Бийлик блогу жана соттор жазалоо чараларын колдонушат;
  • Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары боюнча позициясы жок болгондуктан, ушул ачыкка чыгаргандар “күнөөлүү” болуп калым жатышат…

Али Токтакунов:

Ууру митинг

Бүгүн "Азаттыктын" алдында плакаты менен бетин жапкан, маска тагынган, кара очкилердин митинги өттү. Чындыкты айтып, өзүнө ишенген адам эч качан жаап-жашырынбайт. Көзүңө тике карайт, мизбакпайт. Бул кыргыздын мүнөзү. А булар турушу менен эле арам ойлуулардын айдакчысы экенин далилдешти. Демек "Азаттык", "Клооп", "Кактус" баштаган журналисттер дагы бир уурунун сары изине түшкөн экен. Демек журналисттер чын сүйлөп, коррупционерлердин уурдаган акчасы сиңбей аткан экен. Демек журналисттер чек ара сыяктуу талылуу маселени унуттурбай жазып, элдин таламын талашып аткан экен.

Же журналисттер жериңди сатып, элиңди атып жатабы?

Урматтууларым, тандагыла - ууру мененсиңерби, же эл мененсиңерби?

Журналист жакпаса жазганын окуба - кутулдуң. А эгер окуп атсаң анда ишенгениң. "Азаттыктын" Ютубда 1.8 млн, Инстаграмда 2,3 млн, орусчасынын 950 миң подписчиги бар. Мамлекеттик бир дагы медианыкы буга караандабайт. Бул элдин кимге ишенгенинин көрсөткүчү. Мындай статистиканын жанында бир ууч бузуку топтун кыйкырыгы шоона эшпейт.

Ошондуктан мен Элге, активисттерге жана өз кесиптештериме кайрылам, бүгүн "Азаттыктын" оозун жапса, эртең баарыбызга келишет. Тажикстан болуп калыш бир паста эле. 30 жылдагы башкы жетишкендигибиз - сөз эркиндигибизди сактап калалы. Талатпайлы. Ууруларга, алардын жетим жүгүрүктөрүнө, пахтакор-арзыматтарга, миңсомдук саткындарга каршы бир муштум болууга чакырам.

Булар ушинтип митинг кылсак коркуп калышат десе катуу жаңылышат. Тескерисинче күчөйбүз, заказчылардын лично ар бири жөнүндө курч иликтөөлөр чыгат.

Аскер Сакыбаева:

ТАКТАН БУТ ТАЯРДА "АЗАТТЫККА", СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ АСЫЛЫШЧУ ЭЛЕ
Кыргыз бийлигине, айрым катмарга эч нерсе сабак болбойт экен, капырай! Азыр "Азаттык", "Клооп", "Кактус" жабылсын деген кыйкырыктар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында деле болуп келген.
Акаевдин бийлиги убагында мен иштеген "Асабаны" жабыш үчүн эчен айла-амалдарды жасаган. Салык кызматын тукурган, далай аткаминерлерге сотко бердирген, ар кандай айла-амал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган. Мен алардын баарын көргөм, менден башка дагы далай киши көргөн, күбөлөр баары тирүү. "Асаба" жабылган менен ордуна "Агым" чыккан. Ал эми "Азаттыкты" ар кайсы телеканалдардан, радиолордон алдырып салышканы болбосо, эч качан жаптыра алышкан эмес, себеби колдорунан келбейт.
Бакиевдин убагында деле ошондой көрүнүш кайталанды, журналисттер чет өлкөгө качты, сабалды, өлтүрүлдү, бирок "Азаттык" жабылган жок.
Атамбаев өз бийлигинин тушунда "Азаттыкты" 30, 40 миллиондотуп өзү баштап сотко берди. Бирок жаптыра алган жок.
Жээнбеков болсо "Азаттыктан" "факты барбы?" деп жүрүп өттү. ЖМК менен кармашканга убактысы тар болду.
Эми Садыр Жапаровдун тушунда баягы эскирген обон ОБОНдордун бетин жапкан айдактоосу менен кайра жаңыра баштаганы жакшылыктын жышааны эмес. Кеч боло электе эсиңерге келгиле, "Азаттыкка" ОБОНдорду тукуруп көшөгө артында отурган кутумдар!
Бийлик келет, кетет, СӨЗ ЭРКИНДИГИ Кыргызстанда дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет!

Nuriẏa Ürkünbaẏ

"Кимдер чыккан", "белгисиз", "жүздөрүн жашырып жатат" деп жатышат.
Муну билиш оңой эле.
"НПОчулар", "батыш", "жогол",... — деп кимдер айтат?
Совокто, капитализмге (жеке менчик: үй, тел, машина) каршылар, социализм (мамлекеттик менчик, мамлекеттик үй, мамлекеттик тел, мамлекеттик машина) каалагандар, НПОго (өкмөттүк эмес уюм) каршы болгондор өкмөттүк уюмду жактагандар, демократияга (эл бийлиги) каршы болгондор административдик вертикалдык, тоталитардык башкарууну каалагандар, согушту колдогондор, путиноид, зомбилер, орускулдар кыргыз тилди жек көргөндөр...

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай 13-октябрда Бишкекте “Азаттык-Медиа” мекемесинин алдына келгендер журналисттерди коркуткан окуяга байланыштуу пикирин билдирди. Эл аралык медиа компаниянын президенти кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө чакырды:

"Радионун журналисттери мындайдан коркуп калбайт. Кыргыз бийлигин биздин кызматкерлерибизди жана кеңсебизди коркуткандардын жоопкерчилигин карап, иликтөөгө чакырам",– деп айтылат Флайдын билдирүүсүндө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG