Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Жаңы мыйзам сөз эркиндигин муунтабы?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Коомдук талкууга чыгарылган бул документти президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан. Медиа эксперттер менен юристтер долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектеп, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой кала турган жагдайга алып келерин айтып чыгышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин тескөөчү учурдагы мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу, сөз эркиндигин бекемдөөгө салым кошкон мыйзам катары сыпаттап келишет.

Эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы бул мыйзамдын ордун баса турган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган кызмат өткөн аптада коомдук талкууга чыгарылган бул документ тууралуу толук комментарий бере элек. Бирок долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган.

Ошондой эле маалыматтар каражаттары жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максаты турганы, учурда күчүндө турган мыйзамда интернет аркылуу маалымат тараткан медиа каражаттарынын иши тескелбей калганы жүйө катары көрсөтүлгөн.

"90-жылдардын экинчи жарымынан тарта Кыргызстан дүйнөлүк маалыматтык коомдун бир бөлүгү болуп калды. Бүгүнкү күндө интернет күнүмдүк реалдуулукка айланды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаңы түрү – тармактык ЖМКлар пайда болду. Ал арада азыр Кыргызстанда иштеп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамда интернет укуктук жактан эч кандай тескелбейт", - деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

"Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү"

Бирок “Медиа полиси институту" жаңы мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, аны кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса, сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө “элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин” белгилейт.

Институттун адвокаты Нурбек Сыдыков сунушталып жаткан мыйзам долбоору Орусиянын “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзамдын көчүрмөсү экенин айтууда.

“Долбоор кыргыз тилинде жазылган эмес. Орусиянын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы 2022-жылдын 14-июлунда соңку жолу редакцияланган. Мыйзамдын структурасынын 90% көчүрүлгөн, айрым абзацтар эч өзгөртүүсүз эле алынган. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы ЖМКнын баары 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтүшү керек, алардын арасында сайттар да бар. Каттоо Юстиция министрлигине жүктөлгөн. Бирок кайсы учурда жана эмненин негизинде каттоо тууралуу күбөлүгү жокко чыгарылары жазылган эмес, болгону Юстиция министрлиги мындай укукка ээ деп айтылат. 2021-жылы Кыргызстандагы мыйзамдардын инвентаризациясын атайын түзүлгөн жумушчу топ жүргүзгөн. Ошондо “ЖМК тууралуу мыйзам “өзгөртүүгө муктаж эмес” деген корутунду чыгарылган, болгону айрым сөздөр гана алмаштырылган. Уюмдар, журналисттер да бул талкууга катышып, ушул эле ойду айткан. Демек, 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзам мындан ары да иштей бериши керек эле”.

"Мыйзам так жана туура жазылышы керек"

Бир аптадан бери коомдук талкууда турган жаңы мыйзам долбооруна каршы тараптар аз эмес. “Адилет” укуктук клиникасын жетектеген Чолпон Жакупова сөз эркиндигин чектеген бул мыйзам кабыл алынса, анда өлкө туңгуюкка кептелиши ыктымал деп эсептейт.

“Бул мыйзамда чет элдик ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө көп чектөөлөр каралган. Кош жарандуулугу бар кыргыз жарандарынын же чет элдик жарандардын тиги же бу ЖМКда үлүшү 50% жогору болсо, анда ал негиздөөчү боло албайт. Экинчиси, ар кандай чектөөлөр менен чет элдик ЖМКларды жабуу аракети болуп жатат. Аларга Кыргызстандын аймагында берүүлөрүн көрсөтүү же угузууга ТИМ уруксат берет деп жазылган. Бирок эмненин негизинде, кандай критерийлерге таянып ТИМ иш кылары жазылган эмес. Мындай тажрыйба Гүлшат Асылбаеванын “фейктер тууралуу” мыйзамында да болгон. Анда “Маданият министрлиги чара көрөт” деп айтылганы менен анын кесепетин биз көрдүк. Министрлик 24.kg сыяктуу маалымат каражаттарын эки күнгө жаап, кайра иштөөгө уруксат бергенге аргасыз болду. Алар (бийлик) кайсы бир ЖМКны жабууну көздөсө, так жана даана жазылган мыйзам долбоорлорун сунуштабай, баса калып жаап койгонго ылайыктуу мыйзамдарды жазат. Мыйзамды ар түрдүү кылып талдап, ошого жараша иштей бергенге болбойт. Мыйзам так жана туура жазылышы керек”.

Жакупованын айтымында, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдардын эркиндиги жана аялдардын укугунун тебеленип жатышы боюнча эл аралык уюмдардын ар бир докладында сынга алынууда. Сөз эркиндигин чектөө аракети соңку күндөрү иликтөөчү журналисттерге карата болуп жаткан басым, аларды камоо, эркиндигин чектөө аракети менен тастыкталып жатат деди ал.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы 28-июлда кызуу талаш-талкуу жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Жергиликтүү укук коргоочулар, Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдар сөэ эркиндигин чектерин айтып, мыйзамды кабыл албоого чакырган эле.

Президенттин сайтында жазылгандай, бул мыйзам жарандардын ар намысын коргоого көмөкчү болмок. Бирок көпчүлүк медиа эксперттердин айтымында, мыйзам өзүнө артылган жүктү көтөрө алган жок. Азыркы тапта сунушталып жаткан мыйзам дагы ушундай эле функцияны аткарып калышы мүмкүн дегендер бар.

Кыргызстанда ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов ЖМК тууралуу мыйзам долбоору акыркы он жылдан бери эле сунушталып келе жатканын белгиледи. Бирок парламент четке кагып, кабыл албай келген.

“Мурда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзамды кабыл алууга болот. Анын негизги багыты – тролдорго каршы иш, анонимдүү интернет колдонуучулары тараткан жалган маалымат менен күрөшүү өңдүү маселелер жакшы каралышы керек. Өзгөчө блогерлердин ишин тескеген мыйзам болушу керек. Болбосо алар интернетте такталбаган маалыматты таратып, элдин башын айлантуу менен алек, аларга карата азыркы мыйзамга ылайык чара колдонууга да болбой турат. Кыскасы, коомчулук да, өкмөт да, журналисттерде ыраазы болгондой болсо менимче мыйзам жакшы иштеп кете алат”.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жылда жарыяланып келген рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгиледи. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформадан улам бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, УКМКнын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да көрсөтүлгөн.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу талкууну бул жерден көрүңүз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG