Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Иликтөөчү журналист Болот Темиров акталды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, Темиров маңзат жана паспорт иши боюнча акталды. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген жок.

Сотто журналист Болот Темировго акыркы сөз сүйлөө укугу берилди. Темиров журналисттерди жана сөз эркиндигин басмырлоого укук коргоо органдары менен атайын кызматтардын активдүү катышып жатканын айыптап, фемиданын колунда мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотуп, адилеттүүлүк жакка бурулуш жасоо мүмкүнчүлүгү турганын билдирди.

Өкүмдү судья Акылбек Адимов жарыялады.

"Журналист "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" жана "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча акталды. Сот аталган беренелер боюнча журналистке тагылган айыптарга ынанымдуу далилдер жок деп аныктады жана Темиров кыргыз паспортун мыйзамдуу алган деп тапты".

Сот өкүмү угузулуп бүткөндөн кийин журналисттердин суроосуна жооп берген Болот Темиров судья Адимовдун аны актаган өкүмүн соттордун адилеттүүлүккө карай кадамы катары баалады жана бул чечимди элдин жеңиши деп атады.

Судья Акылбек Адимов өкүмдү окуп жатат (28.09.2022).
Судья Акылбек Адимов өкүмдү окуп жатат (28.09.2022).

"Бүгүнкү күндө акыйкаттуулукка карай бир кадам болду. Ушундай нерселер дагы далай болот деп ойлойм. Бирок, бүгүнкү чечим силерсиз мүмкүн болмок эмес. Себеби, эл колдоп, эл көзөмөлдөшү үчүн сот акыйкат карады. Сөз эркиндиги үчүн тырышып коргогонубуз үчүн ушундай чечим чыкты. Экинчиден, биз сот системасына өзүн өнөп кетишине мүмкүнчүлүк бердик. Мындан ары дагы сот системасына колдоо көрсөтүп, үстүнөн болгон басымга тоскоолдук кылып, карап турушубуз керек".

Темиров өзүнө тагылып жаткан дагы бир "Документтерди жасалмалоо" эпизоддору боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чарасы колдонулган жок.

Темировдун жактоочуларынын бири Замир Жоошев бул эки эпизод боюнча соттун чечими менен толук макул эместигин жана кийинки инстанцияга даттанышарын билдирди.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

"2008-жылы ID картаны жана 2009-жылы жалпы жарандык паспортту алып жатып эки жасалма документти колдонгон деп айыпташкан. Биринчи, ID картаны алып жатып жанагы Керимбеков Адылбек деген адамга тиешелүү, альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө аскер билетин колдонгон дейт. Бул жерде күнөөлүү деп таап атат. Бирок иштин өзүндө Адылбек Керимбековду сураганда ал «мен альтернативдик кызматты өтөгөн эмесмин, эч качан аскердик билетимди жоготкон эмесмин, ал билет менен Орусияга келип бул жакка аскер комиссариатына ошол аскердик билетимди тапшыргам. Мен Кой-Ташта мөөнөттүү аскер кызматын кылгам" дейт. Ошондуктан, бул жерде айыптоо тарап айтып жаткан жүйө жокко чыккан. Ошого карабастан, судья күнөөлүү деп таап атат. Бул бизге түшүнүксүз болду. Кийинкиси, "Болот Темиров жалпы жарандык паспорт алуу максатында жасалма тек-жайын тастыктоочу күбөлүктү мамлекеттик органга берген" дейт. Болот Темиров, биринчиден, андай күбөлүк алган эмес. Экинчиден, мыйзамга ылайык, жалпы жарандык паспорт алуу үчүн андай күбөлүк талап кылынган эмес. Эгер талап кылынбаса, Темиров андай жасалма күбөлүктү мамлекеттик органга алып барып эмне кылат? Ошондуктан, бул жерде дагы айыптоо тарабынын жүйөсү жокко чыккан. Ошого карабастан сот күнөөлүү деп таап атат. Бизге бул абдан түшүнүксүз. Андыктан, биз жогорку турган сотко кайрылабыз деген ойдомун, муну биз Болот Темиров менен чечебиз".

Бул арада эл аралык коомчулук да бул соттук ишке дыкат байкоо салып турду. Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги социалдык тармактар аркылуу журналистке карата чыккан чечимди кубаттаганын билдирип жазды.

"Болот Темировго карата соттук териштирүүлөрдүн аякташын кубаттайбыз. Журналисттер эч качан өз ишин аткарганы үчүн жазаланбашы керек. Демократия үчүн эркин басма сөз абдан маанилүү", - деп жазылат АКШ элчилигинин Твиттердеги баракчасында.

Мамлекеттик айыптоочу тарап 21-сентябрдагы соттук отурумда Темировдун күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "мыйзамсыз маңзат сактаган" деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылган. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин билдирген.

Жарандык активист Бурулкан Усманали соттун чечимине жарандык коомдун биримдиги таасир кылды деп эсептейт.

Бурулкан Усманали
Бурулкан Усманали

"Жалпысынан жарандык коом жана сөз эркиндиги жеңди. Болот өтө чоң текшерүүдөн өттү. Менимче, мында жарандык коом, массалык маалымат каражаттары дагы бирге туруп, күч болуп берди. Ошондуктан элден коркту. Сот системасы эки себептен улам ушундай чечимге келди деп ойлойм. Биринчиден, үстүнөн буйрутмалар өзгөрдү окшойт. Экинчиден, элдин сүрү өтө күчтүү болду. Дайым жанагыдай көп эл келип, принципте турса гана коргой алат экенбиз. Адамдар жалгыз калганы үчүн камалып кетип атат. Мен көптөн бери биринчи жолу соттун ушундай калыс чечимин көрүп жатам. Муну прецедент деп ойлойм".

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизат боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында журналисттин аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG