Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Амисо Жорж: Күчтүү лидерлер эл менен бирге болот


"Кыргыздар жыргап жашаганды жакшы көрөт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:22 0:00

"Кыргыздар жыргап жашаганды жакшы көрөт"

АКШнын Техас Христиан университетинин профессору, Нигерияда төрөлүп, өскөн Амисо Жорж айым ушу тапта Борбор Азиядагы Америка университетинде билими, тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Ал буга чейин Австралия, Малайзия жана башка жерлерде дарс окуп, кризис коммуникациясы, медиадагы стереотиптер боюнча китеп, макалалар жарыялаган.

- Профессор айым, биздин студияга кош келипсиз. Бүгүн сиз жүргүзгөн илимий изилдөөлөр, Кыргызстандан алган таасир, тажрыйбаңыз тууралуу сүйлөшөлү деп турам. Сиз дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коомдук мамилелер, кризис коммуникациясы, журналистика боюнча дарстарды окуп, ага чейин өзүңүз да журналист болуп иштегенсиз. Айрыкча мага кризис коммуникациясы тууралуу билимиңиз кызыктуу болуп жатат, анткени биз да ар түрдүү мүшкүл окуялар же чукул, кризистик кырдаалдарды баштан кечирип келатабыз. Чек ара чатагы, жаратылыш кырсыктары сыяктуу кризистик учурларда журналисттер гана эмес, өкмөт, мамлекеттик мекемелер кандай иштеши керек деген суроо биздин коом үчүн актуалдуу. Кризис коммуникациясын кантип уюштуруу керек?

- Биринчиден, ТВ студияңарга чакырып, маек уюштурганыңар үчүн чоң рахмат. Борбор Азияга, Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Бишкекке келгениме бир айдан ашты, мага баары эле жагып атат. Сурооңузга келсек, кризис кандай болбосун коомдун же уюмдун кадимки жашоосуна бүлүк салган көрүнүш. Ал табигый кырсык же адамдын колу менен жасалган чек ара чатактары өндүү калаба же технологиялык кризис болушу мүмкүн. Ар кандай түрлөрү бар. Кандай болсо да, жашообузга бүлүк салгандыктан, баарыбыз дароо көңүл бурууга мажбур болобуз. Дүйнөнүн бардык жагында азыр кризистик коммуникация өтө маанилүү маселеге айланды, мен көп жерлерди кыдырып, ушул темада консультация берип, дарс окуп келатам. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" паркында бир кырсык болсо, ал жөнүндө дүйнөнүн бардык бурчунда жашаган адамдар заматта телефондон окуп, көрүп кабардар болушат. Технология ушунчалык катуу өнүккөндүктөн сүрөт, видео дароо жүктөлүп, окуя бат эле тарап кетүүдө. Кырсыктар боло берет, өтүп кетет деген күндөр артта калды. Азыркы заманда өкмөттө болобу, жеке компанияда болобу, керек болсо журналисттик уюмда да кризистик топ, кризистик план деген болушу керек.

Кризистик командага ар кандай бөлүмдө иштеген адистер киришет, эң башкысы – коммуникация, же кырсык, ар кандай алаамат тууралуу кабар кандай таратылат, эл менен байланыш кандай жүрөт – ушул маселе баарынан маанилүү. Ар кандай кризис башка түшкөндө, башталганда эми эмне кылабыз деп отуруп калбай, ушундай учурларга баарыбыз даяр болушубуз керек, аны кантип жөнгө салуу керек деген план алдын ала даяр болушу зарыл.

Кризистик команданын ар бир мүчөсү андай учурларда кандай иш аткарары алдын ала белгилүү болуп, керек болсо андай кризистик учурларга даярданып, иш жүзүндө жасалчу аракеттерге машыгып туруу зарыл. Көп шаарлардын мэриялары ар кандай кырсыктарды алдын алуу аракеттерин жасалма түрдө уюштуруп, аны жайгаруу иш-чараларын сыноодон өткөрүп турушат. Полиция, өрт өчүргүчтөр жана башка мекемелер өз милдеттерин, аткара турган ролун тактап, текшерип алат. Кырсык, алаамат айттырбай келет, ошондуктан ага даяр болгон жакшы, антпесе кесепети оор болот.

- Сиз ушул теманы изилдеп, ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кеңеш, консультация берип келатасыз. Бир нече макала, китеп жаздыңыз ушул темада. Дүйнөдө кризисти жөнгө салуунун мыкты жана эң начар үлгүлөрүн мисал ирети айтып бербейсизби?

- Жакшы мисалдан баштап, андан кийин начар мисалды да кошо кетейин. Дүйнөлүк деңгээлден алганда, жакшы мисал катары Жаңы Зеландиянын аял премьер-министри Жасинда Адерн башкарган өкмөт COVID-19 пандемиясын кантип жөнгө салганын айтсак болоттур. Ал ушунчалык кыйын лидер экен, кризис башталганда эле эл алдына чыгып, маанилүү билдирүүлөрдү жасап, түз кайрылып, жалаң такталган фактыларды мисал келтирип, пресс- конференцияларды уюштуруп атты.

Кандай кризис болбосун элдин баары эмне кыларын билбей, мамлекеттин лидерин карап, эл башчыбыз эмне дейт, биз эмне кылышыбыз керек деп алдастап калышат. Мен ошол маалда премьер-министр Жасинда Ардерндин айткандарын, билдирүүлөрүн карап турдум. Ошондуктан элге чын, так маалымат берип, туура билдирүүлөрдү жасаган үлгүлүү мамлекет башчы боло алды деп ишеничтүү айта алам. Ката кетирсе, кечиресиздер, азыр эле жаңы маалымат келди, мурунку кабарыбызды оңдоп коелу деп ачык-айрым, чынчыл болду эл астында. Жаңы Зеландиянын аял премьери далай лидерлерге мыкты үлгү деп айта алам. Башкалар да бар деңизчи.

Жаман мисалдардын ана башында "Бритиш Петролиум" компаниясынын окуясын атаар элем. Кийинчерек кетирген каталарын оңдогонго аракет кылышты. 2010-жылы АКШнын Луизиана штатында "Бритиш Петролеумдун" мунай платформасында жарылуу болуп, кара май сууга кошулуп, Мексика булуңундагы эң ири экологиялык алааматка айланган. Ошондо компаниянын биринчи жетекчиси кырсыктын деңгээли тууралуу ачык айткысы келбей, кабарларды жымсалдап жаап-жашырып, далайга чейин өзү элге чыкпай абдан чоң ката кетирген. Ал бат эле кызматынан кол жууду деңизчи, ошентсе да компания анын туура эмес билдирүүлөрү келтирген зыяндын кесепетин бир топко чейин тартууга аргасыз болду. Ошондуктан лидерлик сапатты сыноо учуру дал ушундай кризистик маалга туш келет тура. Элдин баары лидерди карайт – эмне дейт, биз эмне кылышыбыз керек деп.

- Биздин мамлекетте, мисалы, ар кандай кризистик маалда лидерлер интернетке комментарий жазып же пресс-релиз таратып койгон учурлар көп кездешет. Биз аларды көрбөйбүз, добушун укпайбыз. Жазылган сөздөрдү жеке өзү айттыбы же башка кеңешчилери жаза салдыбы – ал деле белгисиз. Кризис учурунда, элдин баары үрпөйүп бир окуяны талкуулап атканда, мамлекет башчы же башка лидер эл алдына чыгып эмоциясын көргөзүп, элге түз кайрылганы маанилүү деп ойлойм. Кандай дейсиз?

- Ооба, абдан маанилүү. Ошондуктан Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардернди мисал келтирдим. Ал өлкөдө 2019-жылы эки мечитке кол салуу болгондо дагы чыныгы эл башчыдай болуп, каргашалуу окуя болгон жерге жетип барып, чабуулду ачык айыптады. Кийинки күндөрү да мечитке барганы теледен такай көргөзүлүп турду. Керек болсо башына жоолук салынып, ошол жардырууда жакындарын жоготкон адамдарды кучактап көңүл айтып, биз силер мененбиз, силерди жалгыз калтырбайбыз, жаныңардабыз деген билдирүүнү таратып жатты. Иш кеңсесинде отуруп алып билдирүү тараткандын ордуна дароо жардыруу болгон жерге барып, ошол жерден сүйлөгөнү да өтө күчтүү таасир этти элге.

Коомчулукту тынчытууда ушундай аракеттер чоң роль ойнойт. Жакшы, күчтүү лидерлер ошондой болот, эл жабыркап турганда алар менен бирге болуп, кайгысын бөлүшүп, боору ооруп, кабыргасы кайышканын калкка ачык көргөзөт. Көйгөйдүн баарын дароо чече албайсың, бирок элдин жанына барып, мен силер мененмин деген сөздү айтканың абдан чоң мааниге ээ.

- Сиздин кийинки изилдөөңүз жөнүндө да сурай кетейин. "Раса жана гендер тууралуу медиадагы стереотиптер" аттуу изилдөөңүз бардык өлкө, бардык коомдор үчүн да абдан актуалдуу. Бул темага кандайча кайрылып калдыңыз?

- Бул абдан маанилүү тема. Кээ бир кишилер раса, гендер маселелери АКШда эле бар деп ойлошот. Ар бир мамлекетте бул көйгөй бар. Элдин көбү бирдей расада болгон күндө да, ар бир коомдо гендердик көйгөй, майыптыгы бар адамдар, ЛГБТ өкүлдөрү жана башка азчылык топтордун маселелери бар. Биздин университетте “Медиадагы көп түрдүүлүк” деген атайын сабак окутулат. Биз болочок журналисттер ушундай темада атайын дарстарды угушу керек деп эсептейбиз. Курак, ар башка этностук топтор, гендердик маселелер – ушул темалар, азчылыктардын укуктары медиада кандай чагылдырылат деген маселе өтө маанилүү. Журналисттер коомчулуктун аң-сезимин калыптандырышат.

Улуттук азчылыктар, майыптыгы барлар, аялдар жана дагы башка азчылыктар медиада кандай чагылдырылары, алардын образы кандай тартылып атканы өтө маанилүү. Керек болсо улгайган адамдардын добушу угулуп жатабы дегенге да көңүл бурушубуз керек. Бардык азчылыктардын өкүлдөрү атайын бөлүнүп көргөзүлбөй кадимки карапайым тургандар катары медиада такай чагылдырылып турса, ошондо элге туура ойлорду таратууга түрткү болот.

Атайын майрам күнү же кайсыл бир көз карашты калыптандыруу үчүн чагылдырбай, коомчулуктун бардык өкүлдөрүн бирдей берип атабызбы дегенге көңүл бурсак ошондо туура ой тараткан болобуз. Борбор Азияга биринчи жолу келип жаткандыктан, интернетте көп макала, материалдарды окуп, сүрөт, видеолорду көрүп даярдандым. Бул жакка келип кеткендер менен да баарлаштым. Ошонун баарын эске алганда да, мен мына бир айдан ашуун убакыттан бери бир да кишиден бир жаман сөз угуп же жаман мамилеге туш болгон жокмун. Баары ачык-айрым, ак дилин көргөзүп жатышат. Мен кыргызча билбейм. Бирок кыргызча "саламатсызбы, жакшы калыңыз, рахмат" деген үч сөздү айтып койсом эле аябай ыраазы болуп жылмайып калышат. Келерде кыргыздар тууралуу көп окуп, билип алганым да пайдалуу болду, албетте.

- Бишкекте бир айдан бери жашап жатасыз. Биздин коомдо деле гендер, раса жана башка толгон-токой маселелерде стереотиптер бар болушу керек. Кандайдыр бир күлкүлүү окуяларга дуушар болгон жоксузбу?

- Эмнеден баштасам? Мени кызыгып тиктеп калгандар көп, албетте. Жаман деле ойлору жок экенин сезем. Аябай тиктеп калгандарга чын дилимден жылмайып карап койсом уялып кетишет. Юморду туура колдонсоң да жардамы тийет эмеспи. Кээде "сиз менен сүрөткө түшсөм болобу?" деп сурашат. Макул, бирок мен да өз телефонума сүрөткө тартып алайын, ошондо гана макулмун деп айтам. Жакында "Ала-Арча" паркына барсак, улгайган аялдар неберелери менен эс алганы келишиптир. Мени аябай тиктеп карап калышты. Мен бирөөнү кучактап койсом, сүрөткө түшөлү деп калды. Мен "макул, келгиле баарыбыз чогуу түшөлү, мен да тартып алайын" дедим. Мендей африкалыктарды көп көрө беришпейт, аларга кызыктуу экенин түшүнүп эле турам. Ресторанда дагы бир чоң эле киши сүрөткө түшөлү деп калды. Мындайлар аябай көп. Жаман мамилеге туш боло элекмин, таксисттер деле мен жылмайсам, кошо жылмайып жылуу мамиле кылышат. Баары жакшы, айтор.

- Көп түрдүүлүк Кыргызстанга да келип атат. Дүйнөлүк глобалдашуудан биз деле оолак калган жокпуз. Сиз убактылуу иштеп аткан Америка университети, Бишкектеги башка жерлерге барсак деле ар кандай улут, раса өкүлдөрүн көбүрөөк учурата баштадык. Сиз журналисттерге сабак берип жатасыз. Азыркы заманда алдыңкы журналист болом деген жаштарга эмнелер окутулушу керек биринчи кезекте?

- Ушул суроону бергениңизге кубанычтамын. Мен азыр АУЦАнын студенттерине, өткөн аптада Борбор Азиянын журналисттер тобуна дижитал баяндоо деген темада дарс окудум. Бардык ушундай жолугушууларда кайталап айтып келатам, журналист болуш үчүн гуманитардык илимдерди мыкты өздөштүрүү керек. Бул эмне дегенди билдирет?

Мисалы, ушул АУЦАда журналистика, массалык коммуникация факультетинде окугандар философия, экономика, англис тили, тарых, география жана башка илимдер жагынан кеңири билим алып, кийин журналист болуп иштегенде ар бир окуянын контекстин, ага эмнелер себеп, негиз, өбөлгө болгонун туура түшүнүп анализдей алышат. Мисалы, кандайдыр бир чыр-чатак тууралуу жазганда, анын тарыхын, саясий жана башка жактарын терең окуп билишеби? Ошолорду толук жазса, элди да агарткан болот. Анткени элдин баары чыр-чатактарды көрүп турат, бирок ага эмнелер негиз болгонун, тарыхы, тамыры кандай экенин биле бербейт да, ошолорду казып жазгандай болушу керек. Азыркы журналисттер окуянын бардык тарабын изилдеп жазып, факты, маалыматтарды топтоп, аудио, видео элементтерин да чогултуп, бир теманы тереңдетип жазганды билиши зарыл.

- Азыр кээ бир кишилер журналистика акырындап жоголот, анткени элдин баары эле маалымат топтоп, видеого, сүрөткө тартып, интернетке таратканды үйрөнүп алышты деп атышпайбы. Сиз журналистиканын келечегине ишенген үчүн сабак берип атасыз да? Андай пикирлерге эмне деп айтаар элеңиз?

- Америка журналистикасынын тарыхын окусаңыз, радио пайда болгондо далай кишилер эми гезиттер жоголот, аларды ким окумак эле деген экен. Телевизор пайда болгондо, эми радио өлөт дешкен, андай болгон жок. Журналистиканын бардык түрлөрү, платформалары жоголбой эле кайрадан жаңыланып, күчтөнүп келатат. Журналисттер өкмөт, бийликтегилер эмне кылып, кандай чечим кабыл алып атканын элге кабарлап турбаса, жашоо кандай болот?

Ар бир илим-билимдүү коом, кандай болбосун коом журналисттерге аба менен суудай эле муктаж. Төртүнчү бийлик деп бекер айтылбайт да. Кээ бир саясатчылар журналисттерди душманындай көрүшөт. Эмне үчүн? Анткени алар журналисттер чындыкты элге айтып койбосо экен деп коркушат. Бир айылда таза суу жок болсо, карапайым адамдар өкмөткө барып суроо-талап кое албайт. Журналисттер эмне үчүн ушул айылда таза суу жок деп коңгуроо кага алат. Бийлик атайлап көргүсү келбеген же көрмөксөн болгон кемчиликтер, мыйзамсыз же кылмыштуу иштерди журналисттер чагылдырып, элди кабардар кылып турат.

Кыргызстанда эр жүрөк, чынчыл журналисттер бар экенине, алар далай коррупциялык иштердин бетин ачып, бийликти элдин кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадамдарга барып, чечимдерди кабыл алууга түрткөнү журналистиканын мааниси абдан жогору экенине анык далил эмеспи.

Сөз соңунда Бишкекте мага эмнелер жакканын кошо кетейин. Бишкек абдан жашыл шаар экен, бак-дарактар көп. Мен эшикте сейилдеп басканда абдан ыракаттанып эс алып атам.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG