Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

"Блогерлер жүк көтөрбөйт". Аймактарда кесипкөй журналисттер азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Медиа эксперттер аймактык журналистиканын абалы начар экенин айтып, коңгуроо кагууда. Адистер бул тенденция айланып келип эле медиа сабаттуулукка, мамлекеттин маалымат саясатына терс таасир этерин белгилешет.

Мирбек Асаналиев Нарындын Жумгал районундагы жалгыз журналист. Ал 40 миңден бир аз ашуун эл жашаган тоолуу райондо бир эле учурда облустук гезиттин, теленин жана сайттын кабарчысы.

Негизги милдетинен тышкары Бишкекте жайгашкан көз карандысыз маалымат сайттарга аймактан кабар-баян даярдап турат. Мирбек мынча жүктү башка журналист жоктугунан жалгыз тартат.

Мирбек Асаналиев
Мирбек Асаналиев

"Ар бир тармакка өзүнүн стили менен жазып чыгуу керек. Мисалы, сайтка Жумгалдагы жаңылыктарды кыска маалымат катары берем. Мындай жаңылыктарды мен бир күндө эки-үч жолу жазам. Мамлекеттик мекемелерде болуп жаткан саамалыктарды болсо видеого тартып, өзүм монтаждап, теленин форматына салып жасайм. Гезитке көлөмдүү материалдарды аналитика кылып даярдайм”.

Мирбектин негизги кесиби юрист. Бишкектеги юридикалык академияны аяктаган. Окууну бүтүп, айылына кайтып баргандан кийин журналистика боюнча окуу-тренингдерге катышып жүрүп, бул кесипке ээ болгон.

"Сөз эркиндиги бар жерде фейктерге орун жок"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00

Адистер дагы өлкө аймактарында, айрыкча алыскы өрөөндөрдө кесипкөй журналисттер азайганын белгилешет. Албетте, бул тармактын профессионалдык деңгээлине таасир этпей койбойт.

Ысык-Көл мамлекеттик медиа борборунун жетекчиси Канат Матмуратов өз ишинин мыкты чеберин табуу чындап баш ооруга айланганын айтып, анын себептерине токтолду.

Канат Матмуратов
Канат Матмуратов

“Кесипкөй кадр табуу кыйын. Мындан бир нече жыл мурда Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинде журналистика факультети жоюлуп кеткен.

Азыр бул тармакка иштейин деп Бишкектен окууну бүтүп келгендер же айылга келин болуп башка аймактан келгендер кайрылат. Анын үстүнө журналисттин айлыгы аз. 10 миң сомго эч ким иштегиси келбейт. Андан көрө чарбачылык кылып, оокат кылсам көп акча табам дешет. Журналистиканы сүйүп, берилгендер гана иштеп жатат деп айтсак болот”.

Журналисттер коомдук бирикмеси былтыр аймактардагы медианын абалын жана келечегин талдаган иш-чара уюштуруп, өлкөнүн жети дубанын кыдырып чыккан. Анын соңунда көз карандысыз журналистиканын абалы аймактарда өтө чабал деген жыйынтыкка келген.

Бирикме сайтына жарыялаган аналитикалык маалыматта аймактарда бирин-серин гана эркин медиа мекемелер иштеп жатканы белгиленет.

Баткендеги «Салам» радиостанциясы, Оштогу «Т-Медиа», Таластагы 3-телеканалдын ишмердиги алгылыктуу экени айтылат. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө бир дагы эркин маалымат каражаты жок экени айтылган.

Ал эми азыр өз арабасын тартып жаткан уюмдардын мындан аркы келечеги да күмөн. Ага олуттуу жарнак берүүчүлөрдүн жоктугу, медианын ички менежментинин алсыздыгы, донордук колдоонун жоктугу, кесипкөй калемгерлердин тартыштыгы жана көмүскө басым-кысымдын көптүгү белгиленген.

Марат Токоев
Марат Токоев

“Кыргызстандын калкынын көбү аймактарда жашайт. Ал жакта болуп жаткан жаңылыктардын көбү жазылбай, көңүл бурулбай калат. Ошондуктан аймактардагы окуяларды чагылдырган медиалар көп болушу керек. Тилекке каршы, мурда иштеп жаткан медиа мекемелер да ишин токтотуп койгон. Маалыматтык таңкыстык байкалып жатат. Бирок кандайдыр бир деңгээлде бул вазыйпаны социалдык тармактарда жарандык журналисттер же блогерлер аткарып жатат деп айтсак болот. Бирок аларды кесипкөй журналисттер менен салыштырганга мүмкүн эмес”, - деди бирикменин мүчөсү Марат Токоев.

Учурда коомчулукта кесипкөй журналистиканы жарандык журналистика алмаштыра алабы деген суроо да кызуу талууда.

Фейсбук, Ютуб, Инстаграм сыяктуу социалдык платформаларда блогерлер көбөйдү. Бирок журналистиканын стандарттарын эске алганда алардын ишине ичи чыкпагандар да арбын. Алардын бири Prevention media платформасынын негиздөөчүсү Алмаз Исман:

“Кыргызстанда блогерлер бар, бирок жарандык журналистика өтө чабал. Жарандык журналисттер эрежелерди эске алып, баланс, тараптардын пикирлери менен эмгегин элге алып чыгат. Ал эми блогерлер смартфонун көтөрүп алып эле кайсы чыр-чатак болуп жаткан жерге барып, түз эфирде бир тараптуу кылып көрсөтүп коюшат. Азыр блогерге элдин пикири жакшы эмес. Мен аларды жарандык журналист дегенден алысмын”.

Деген менен адистер салттуу журналистиканын айдыңын жарандык журналистика ээлеп жатканын айтып келишет. Интернеттин мүмкүнчүлүгүн азыр баары пайдаланып жатат. Салттуу журналистикага караганда социалдык тармактардагы маалыматтардын коомдук пикир түзүүдө таасири күч. Бирок ошол эле журналисттер коркутууга, басымга кабылып жатканы жашыруун эмес.

Коррупцияга байланышкан темаларды иликтеп, аны Ютубдагы каналы аркылуу жайылткан эркин журналисттердин бири Ыдырыс Исаков бул багытта буларды билдирди:

Ыдырыс Исаков
Ыдырыс Исаков

“Мен өзүмө карата коркутуп-үркүтүүнү сезбейм. Бирок акчага азгыруу, сатып алуу деген нерселер дайыма болуп турат. Башкысы сатылбашың керек. Аймактардагы жарандык журналистиканы өнүктүрүш керек деп эсептейм. Анткени көпчүлүк редакциялардын кеңсеси Бишкекте жайгашкандыктан, аймактарга көп көңүл бурулбайт. Мисалы, Ошто аймактык журналисттер аз. Блогерлер деле бирин-серин. Баткенде жок десек да болот. Ушундай кырдаалдан пайдаланган чиновниктер каалаганын кылып жатат. Тендерде, жер маселесинде каалагандай алешемдик кылышат. Ошондуктан эркин журналисттер керек”.

Албетте, журналисттердин бир миссиясы - бул коомду, элди агартуу. Бардык окуялар боюнча ар тараптуу маалымат бериши керек. Бул - ар бир маалымат каражатынын кол тийгис эрежеси.

Дүйнөдөгү сөз эркиндигин абалына абай салган “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде, Кыргызстан көрсөткүчүн жакшыртып, быйыл 180 мамлекеттин ичинен 72-орунду ээледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG