Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:48

"Кыргызстанда кабарчыларга чабуул күчөдү"


Гүлзат Газиева

Кыргызстандагы журналисттерге алар өз ишин аткарып жаткан учурда кол салуулар акыркы кезде көбөйүүдө.

Кабарчылар айрыкча кайсы бир саясатчыны же саясий топту колдогон митингдерде же башка нааразылык акциясында жабыр тартышат. Шайлоолордо мындай көрүнүштөр адатка айланып баратат. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлзат Газиева “Азаттыкка” курган маегинде айтты. Бирок ал маселенин экинчи жагын да белгилеп, айрым кабарчылар кесиптик этикадан аша чаап, коомдо журналистикага болгон ишенимдин төмөндөшүнө салым кошуп жатканын да кошумчалады:

-Кыргызстандагы журналисттердин коопсуздук абалын эгер беш пайыздык системада баалай турган болсок, эки менен үчтүн ортосунда баа коймокмун. Анткени, өз ишин аткарып жаткан учурда аларга кол салуулар акыркы кезде көбөйдү. Муну “Журналисттер” коомдук бирикмесинин мониторинги далилдейт.

Кабарчылар кайсы бир макаласы үчүн күч органдарына суракка чакырылган учурларга тез-тез күбө боло баштадык. Медиа уюмдар журналисттердин коопсуздугун бекемдөө максатында тренинг-семинарларды уюштура баштаганы да бекеринен эмес.

Бирок маселенин экинчи жагы да бар. Айрым кабарчылар кайсы бир саясий күчтөрдүн тарапташы катары ишмердик жүргүзүп, кесиптик этикадан аша чаап, журналистиканын абройун төмөндөтүүдө.

-Негизи, репортерлор өздөрүнүн укуктары менен милдеттерин канчалык так аткарышат? Жогоруда кээде кесиптик этикадан аша чабарын белгиледиңиз.

-“Журналисттер” коомдук бирикмеси көп жылдан бери кабарчылардын ишмердигиндеги тоскоолдуктар, техникаларын тартып алуу жана башка кол салууларга мониторинг жүргүзүп келет. Кабарчылар көбүнчө кайсы бир саясатчыны же топту колдогон митингдерде, саясий жараяндарда же башка нааразылык акцияларында жабыр тартышат.

Журналисттин ишине жөн эле тоскоолдук кылбай, чаап жиберген, видеолорун өчүрүп салган, техникаларын тартып алган учурлар бар. Ошондуктан, уюм тарабынан кабарчыларга “Пресса” деген жазуусу бар атайын кемсел берилет. Кабарчы массалык иш-чараларда атайын кийимчен болгону оң. Бул аны кол салуулардан куткарбаса деле, кабарчыга жасалган мамилени көз жаздымда калтырбоого жол ачат.

Журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу же кол салууну эки өңүттөн карай алабыз. Биринчиси, түрдүү акцияларга кайсы бир күчтөрдү колдоп чыккандардан жабыркаган кабарчылар бар. Журналист алардын мыйзамсыз жоруктарын көрсөтүп жатса, тигил тарапка бул жакпайт да, кол салуу менен өзүн коргойт. Шайлоолордо деле ушундай, кабарчыларга негизинен добушканаларда мыйзамсыз иш-аракеттерге барган адамдар атырылышат.

Ал эми экинчи жагынан алганда, коомдун нааразылыгын журналисттер өздөрү да жаратат. Кээ бир кабарчылар, каналдар, басылмалар кайсы бир акция же иш-чара тууралуу таптакыр тескери өңүттөгү макала-баяндарды даярдашат. Бул деле алардын кожоюндарынын же жетекчиликтин буйругуна байланыштуу. Мындайда албетте аларга карата ишеним жоголот. Кийинки жолу жарандар аларды жыйынга катыштырбоого аракет кылышат. Андыктан, журналисттер кесиптик этика эрежелерин бекем сактоого тийиш.

Азыркы заманда социалдык желедеги колдонуучулар деле журналисттердин функцияларын аткара баштабадыбы. Окуялар тууралуу “Фейсбукта”, “Твиттерде” же башка түйүндөрдө маалымдашат, өзүнүн же кимдир бирөөнүн комментарийин жарыялашат. Блогерлик менен кесипкөй журналистиканын чеги билинбей калган учурлар бар.

Ошондуктан, адамдар блогерлердин маалыматтарын кадимкидей кабарчылык иш катары кабыл алышууда. Айрымдары интернетте көп көрөрман, окурман чогултуунун камын көрүп, элдин башын айланткан маалыматтарды бөлүшүшөт. Ушундан улам да кээде журналисттердин дарегине сын айтылып, “туура эмес маалыматтарды таратып атасыңар”дегендер бар.

-Жакында бир вебинарда кыргыз журналисттеринин арасында саясий тарапташтык мүнөзү байкалары айтылды. Бул жаатта сиздин байкоолоруңуз кандай?

-Журналистиканын негизги миссиясы - коомго так жана толук маалыматты таратуу. Мындайча айтканда коом үчүн иштөө, коомго кызмат кылуу – милдет. Саясатчылардын, саясий күчтөрдүн, кайсы бир тараптардын же кландардын кызыкчылыгын көздөө – журналистикага көө жабат.

Кабарчы өзү билип туруп, кээде билбей эле кимдир бирөөлөргө курал болбоого тийиш. Кесибин сыйлаган журналист мына ушуга көңүл буруусу зарыл. Кабарчы калыс болууга тийиш деп айтып келет эмеспизби. Анын калыстыгы ар бир материалында, жүрүм-турумунда, жадагалса социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрүндө да байкалууга тийиш. Эгер кимдир бирөөнүн, бийликтин же оппозициянын, топтордун камчысын чапканга макул болсо, анда ал журналистика эмес!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG