Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:12

Трансгендер уул жөнүндө повесть


Китептин бетачарында Алик сүйлөп жаткан учур.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосун чагылдырган “Адам+” деген повесть жазды.

Автор баласынын тагдыры аркылуу ЛГБТ коомчулугунун көйгөйүн баяндайт. Бул эмгек – жыныстык азчылык жөнүндө жазылган кыргыз адабиятындагы алгачкы көркөм чыгарма.

Китеп кыргыз жана орус тилдеринде 3710 нускада басылып, 15-сентябрда окурмандарга тартууланды. Өзбек жана казак тилдериндеги котормосу электрондук түрдө жарыяланат.

Олжобай Шакир жана анын уулу Алик (чыгарманын негизги каарманы) “Азаттыктын” “АчыкTime” подкастында конок болушту. Анын аудиосун төмөндө толук уксаңыз болот. Ылдыйга маектин урунттуу жерлерин текст менен сунуш кылабыз.

“Азаттык”: Олжобай агай, повесть жазууга, аны китеп кылып басууга, деги уулуңуздун трансгендер экенин ачык айтып чыгууга кандай жагдайлар түрткү болду?

Олжобай Шакир: Бул суроо мага көп берилди. Туугандардын арасында да “коомго айтып чыгуунун эмне кереги бар?” дегендер болду. Ал эмес, Аликке “сенин атаң пиар үчүн ушуну кылып жатат” деп айтышыптыр. Абдан таң калдым. Өзүмдөн өзүм эле ушул кадамга бармак белем? Мен ЛГБТ коомчулугундагы балдар-кыздар менен сүйлөштүм, алардын тагдырын көрдүм, өзүмө сабак алдым, андан соң коомго чыктым. “Олжобай өзү кумса, бул батыштан чоң акча алган” деп дагы жазышты.

Мен коомдогу агрессияны, ЛГБТга карата жек көрүү сезимин жумшартуу максатында ачык сүйлөй баштадым. Канчага чейин бул жигит-кыздар аргасыздан жанын кыйып алышы керек? Кээде суициддин себеби түшүнүксүз бойдон калып атпайбы. Балким аларды жандан кечүүгө ата-энелердин, досторунун, мугалимдеринин мамилеси себеп болгондур?

Арасында үйдөн куулгандар да бар. Ата-энеси, жакындары анын ориентациясынан уялып, үйдөн чыгарып салып атпайбы. Тамырын кескен канча улан-кыздарды көрдүм. “Менин ата-энем сиздей болуп кабыл алган жок”, - деп мени кучактап канчасы шолоктоп ыйлады.

Анүстүнө коомдун, туугандардын басымы бар. Турмушка чыккысы келбеген кыздардан же үйлөнүүнү каалабаган жигиттерден башкалар “качан үй-бүлө курасың?” деп сурай берет, кээде зордоп үйлөнтүп же күйөөгө узатышат. Алар өздөрүнүн сезимдерин ачык айта албайт, ыңгайсыз болушат. Айла кеткенде өлүмдү тандап атышпайбы. Коомдо буларга карата түшүнүктү калыптандыруу максатында ушул повестти жаздым. Макала, ой-толгоо менен чектелген болбойт, булардын психологиялык абалын чечмелеп берүү үчүн жаздым чыгарманы.

“Азаттык”: Коом кандай кабыл алат деген чочулоо болдубу? Эмнелерге даярсыз деги?

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Олжобай Шакир: Мен бардык нерсеге даярмын. Рухий жоопкерчилик бар менде! Адам өз башынан оор тагдырды өткөргөндө, артта калган көйгөйдү жазуу, элге алып чыгуу оңой болот экен. Мен такыр чочулаган жокмун. Бирок уулум Алик чочулап жатты. “Ата, китеп чыккандан кийин резонанс болушу мүмкүн, ар кандай басым болушу мүмкүн”, - деди. Бирок адабияттын адамы бул миссияны өзүнө албаса, ким алат? Менин кадамым – адабияттын миссиясы! Коомду агартуу – адабияттын, көркөм өнөрдүн милдеттерине кирет эмеспи. Коомдун көзүн ачууга бел байлаган тарыхчы, адабиятчы, сүрөткерлерди көпчүлүк жектеп келгенине тарыхтан күбөбүз.

Мен бул чыгарманы жазып атканда сабатсыз экенимди түшүнүп, бир катар эксперттерден кеңеш алдым. Себеби, айрым терминдер башка бирөөгө карата дискриминация болушу мүмкүн. Мен деле ЛГБТ коомчулугу кабылган көйгөйдү жеткиликтүү деңгээлде түшүнбөйм. Бирок окурманга жеткирейин дегеним – баламдын “кенедейинен” чоңойгонго чейинки тарткан рухий түйшүгүн көрсөткүм келди. Баарын чыгармага кошкон жокмун, айрым гана учурларды жаздым. Чындыгында, өзүмдү жеп салгыдай күндөр баштан өткөн...

“Азаттык”: Алик, сиздин төрөлгөндөгү биологиялык жынысыңыз кыз, бирок дайыма өзүңүздү эркек сезгенсиз. Чыгарма сиз жөнүндө. Китеп чыккандан соң аны көпчүлүк окуйт. Кыргызстанда ЛГБТ коомчулугуна агрессивдүү маанай бар экенин билесиз. Менимче бул теманы түшүнүү менен кабыл алгандар аз...

Алик: Ооба, менде чочулоо бар. Бирок өзүм үчүн коркпойм. Атама көө жаап, анын дарегине сын күчөйт деп чочулаган жайым бар. Бул китеп трансгендер баласын кабыл албай жаткан ата-энелерге, жакындар үчүн пайдалуу болот деп ойлоймун. Балким бул китепти окугандан соң алардын ой-пикири өзгөрөт. Адамдын жашоосу – назик. Трансгендер адамдарга бул китеп чоң колдоо болот деп ишенемин.

Олжобай Шакир: Китеп аркылуу коомго жеткирейин деген дагы бир ой – көп учурда ата-энелер балдары менен достук көпүрөсүн кура албайт. Мен перзенттерим менен ымандай сырымды бөлүшүп, дос катары чоңойтконум менен баламдын жан дүйнөсүн түшүнбөптүрмүн. Анан баары ачыкка чыккандан кийин Аликке “кичинекей жүрөгүңө ушундай көйгөйдү кантип батырып жүрдүң, мага ачык айта бербейт белең?” деп суроо узатсам, “Сиздин карьераңызга балта чапкым келбеди. Айланаңыздагы кишилердин алдында жаманатты болушуңузду каалабадым”, - деди.

Адам үчүн эң чоң азап – аң-сезимдүү түрдө башкаларга өзүн жек көрсөтүү. Алик үйгө кеч, ичип келген учурлар болгон. Бирок аны өзүн мага жаман көрсөтүү максатында, “мени үйдөн кубалап чыксын” деген ойдо жасаптыр. Кийин айтып берип жатпайбы муну.

Чынында, үйгө ичип келгенде тилдеп, урушкан күндөрүм болду. “Мен сиздин кызыңыз эмесмин” дегенде оюм ар нерсеге кетип, түйшүк тарттым. Көрсө, биз адамдар ушундай кадамдарды түз эле кабыл алат экенбиз. Балдар кыйытып айтып жатканын түшүнбөйбүз. Эгер мен кыраакы ата болсом, аны дароо байкамакмын. Кийим тандоодо, чач жасалгасына байланыштуу түшүнбөстүк жаралган кездерде эле түшүнсөм, мамилемди, талабымды жумшартмакмын.

“Азаттык”: Повестиңиздин негизги бөлүгүндө психологиялык оор учурлар сүрөттөлгөн. Чыгарманын дээрлик 80 пайызында, тагыраагы сизге өзүн трансгендер экенин айтканга чейин балаңыздын оор мүнөзүнө байланышкан окуялар, чыр-чатактар жазылган. Азыр мамилеңер кандай?

Олжобай Шакир: Азыр биздин үйдө маанайы куунак адам – Алик. Мурда үй-бүлөбүздөгү мүнөзү татаал адам болчу. Бөлмөсүнө бекинип, сыртка чыкпай, түнт эле. Андайда мен рухий жактан аябай азап тартчумун.

Алик: Кыргызстанда ЛГБТ коомчулугунун абалын түшүндүрүп бере турган, аларга моралдык жардам көрсөтө билген психолог, психотерапевт адистер бар. Аларга абдан ыраазымын. Адам өзү жакшы билбеген нерседен коркот. Бул маселе ЛГБТ адамдардан чочулагандарга же аларды жек көргөндөргө таандык. “Бул жугат” деп айтышат кээде. Менин ата-энем же бир туугандарым ЛГБТ эмес, мен гана ушундай жаралып калгам. Мен булар менен өмүр бою жашап келатам, бирок жуктурган жокмун да.

Коомдо бул теманы түшүнгүсү келбегендер чочулап, бизди жек көрүп жүрө берет. Бирок мында корко турган эч нерсе жок. Биз баарыбыз адамбыз. Башкаларды тиштеп же жеп салбайбыз. Тек гана өз каалоолорубуз менен жашайбыз. Мен трансгендермин, бирок биринчи кезекте мен - адаммын.

Шахмат ойноп, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип жүрдүм.

Кичинекей кезимде эле өзүмдүн башкалардан өзгөчө экенимди билгем. Бирок түшүнгөн эмесмин. Балалыкта кереметке ишенет эмессиңби, ойгонсом эле эркекке айланып калсам экен деп тиленет элем. Ким экенимди сезчүмүн, бирок мага окшогондор кандай термин менен аталарын билбейт элем. Анын баарын кийин билдим. Жалгыз эмесмин, мен сыяктуулар көп. Кээ бирлер өздөрү жөнүндө ачык айта албай, элден өзүн обочо кармап эле жашай беришет.

“Азаттык”: Олжобай ага, сиз Кыргызстанда баласы трансгендер экенин ачык айтып чыккан жана аны колдогон алгачкы атасыз десем туура болсо керек. Буга чейин ЛГБТ баласын үйдөн кууп жиберген ата-энелер көп экенин айттыңыз эле. Айрым кыз-жигиттер коомдун жана туугандарынын ушундай жек көрүүсүнөн, өгөйлөшүнөн улам депрессияга кабылып, кээ бирлери маңзатка берилип кеткенин, өз жанын кыйганын да белгилегенсиз. Ата-эненин, туугандардын басымы, кабыл албай жеригени, ага кошулуп коомдун агрессиясы адамдын тагдырын талкалап, соолутуп атат десек болобу? Балаңыз жөнүндө ачык айтып чыккандан кийин сизге сырын ачып кайрылгандар болдубу?

Олжобай Шакир: Кат жазгандар бар. Кээде чочулап, айрымдарынан сактанам. Кимдир бирөө чагым кылып атабы деп ойлойм. Айрымдарын Аликке айтам, жардам керек болсо көмөктөшөлү дейм. Мен баарын ачык айтып чыккандан кийин кээ бир кишилер “Олжобай Шакир батыштан акча алыш үчүн баласын ЛГБТ кылып көрсөтүп жатат” дешти. Айланайын, кантип эми акчага өз балаңдын тагдырын байлайсың? Кээ бирлер “чет мамлекеттен баш калка алуу үчүн ушундай иш жасап жүрөт” деп божомолдоп коюшат экен. Таң каласың...

“Азаттык”: Алик, чыгармада байкаганыбыздай, сизди шантаж кылгандар, токмоктогондор болгон экен.

Алик: Ооба. Бир жолу эс алуу үчүн досторум менен ЛГБТ клубга барган элем. Себеби, бардык эле жерде өзүмдү эркин сезе албайм. Ал клубдан чыгып баратсак, сыртта бир топ жигиттер туруптур. Бизди басмырлаган сөздөр менен сөгүштү, таякташты. Тепкичтен кулап мээм чайкалды.

Ага чейин мектепте окуган кезимде бир кыз шантаж кылчу. Себеби, ага өзүм жөнүндө айткан элем. “Башкаларга жайып салам, атаңдын абройу төгүлөт” деп менден акча талап кылчу. Акча берип жүрдүм. Ошондой шантаждардын айынан мектепти таштаганга туура келген...

Түшүндүрмө:
Трансгендер – адамдын гендердик иденттүүлүгү. Тагыраагы, туулгандагы жынысы менен өзүнүн сезимдеринин карама-каршылыгы. Мисалы, Алик бул дүйнөгө аялдын жынысы менен төрөлгөн. Бирок эч качан өзүн аял, кыз катары сезген эмес. Ал өзүн эркек деп кабыл алган. Мындан улам ал үй-бүлөсүнө баарын ачык айтып, азыркы жетишкен медицинанын шартында эркекке айланды.
ЛГБТ – сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн багытын билдирген сөздөрдүн аббревиатурасы – Гей, Лесбиянка, Трансгендер, Бисексуал.

Олжобай Шакир жана Эсенбай Нурушев
Олжобай Шакир жана Эсенбай Нурушев

“Адам+” повести тууралуу коомдук ишмерлер ой бөлүштү.

Эсенбай Нурушев, публицист, китептин редактору:

“Жазуучу чындыкты айтпаса, ал жазуучу боло албайт. Журналист да ошондой, чындыкты айта албаса,жөн гана шоумен болуп калат. Жазуучу үчүн тыюу салынган тема болбошу керек”.

Илимпоз Үмүт Култаева чыгарманы китеп болуп чыкканга чейин окугандардын бири. Ал “Адам+” повестинин өзгөчөлүгүнө токтолду:

Үмүт Култаева
Үмүт Култаева

“Бир дем менен окуп чыктым. Бир дем менен окулган чыгарма – жакшы чыгарма. Бул тема кыргыз адабиятында такыр козголгон эмес, жаңылык. Олжобай үчүн муну жазуу оңойго турган жок. Бул үчүн арстандын жүрөгү, пилдин күчү керек. Чыгармада кабатталган үч көйгөй бар. Биринчиси - баланын физиологиялык-анатомиялык көйгөйү, экинчиси - анын энесиз калышы, үчүнчүсү - атанын өзгөчө жоопкерчиликти моюнга алышы. Адамдын адамдык наркын сынай турган чоң көйгөйлөр. Мына ушул үч көйгөй кабатталып, повесттин негизги өзөгүн түзгөн”.

Белгилүү режиссер Темир Бирназаров келечекте ушул чыгарманын негизинде тасма тартууну пландоодо:

“Жараткан ар бир адамга өмүр жана эрк берет. Адам өмүрүн кандай кааласа, ошондой жашап өтөт. Бири-бирибизди тескеп, “андай эмес, мындай жаша” дегенге эч кимдин акысы жок. Ар ким өзү үчүн өзү жооп берет. Жашоодо бир эле принцип болушу керек: адамдарга жамандык кылба, башкаларга зыян кылба, бүттү!”.

Кыргызстандыктардын ультра-улутчул катмарында ЛГБТ коомчулугуна сабырсыз мамиле бар. Укук коргоочулар жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын айтып жүрүшөт. 2019-2020-жылдары 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик жүрүшүн айрымдар «гей-парад» деп баалаган.

Жарандык активисттердин коррупцияга каршы уюштурган акцияларын айрымдар «ЛГБТ топтордун акциясы» катары сыпаттап, маанисин бурмалаган учурлар кездешет.

Шайлоо өңдүү саясий өнөктүктөрдө кээ бир саясатчылар ЛГБТга каршы билдирүүлөр менен да чыгышкан. Муну эксперттер коомчулук арасында упай топтоо деп баалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG