Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

ЛГБТ өкүлдөрү милицияга нааразы


Сексуалдык азчылыкка каршы митинг. Бишкек, 2014-жылы тартылган сүрөт.
Сексуалдык азчылыкка каршы митинг. Бишкек, 2014-жылы тартылган сүрөт.

Феминисттер менен ЛГБТ өкүлдөрү аларды «Кырк чоронун» мүчөлөрү урганын айтып чыгышты. Алар окуяга күбө болуп туруп эч кандай реакция кылбаганы үчүн милиция кызматкерлерин айыпташты.

Феминисттерден жана ЛГБТ өкүлдөрүнөн турган «8/365» уюмунун активисти Надира Масюмова «Фейсбук» баракчасына беткапчан адамдар аны кууп бараткан тасманы жайгаштырган.

Масюмованын айтымында, 1-майда ЛГБТ өкүлдөрү эс алууга чыккан маалда аларга белгисиз бирөөлөр келип, ыдык көрсөтүп, жумуртка менен ура баштаган:

«Биз Эмгек күнүнө карата «Сельмашовец» стадионуна эмгек укуктары тууралуу талкуу үчүн чогулууга алдын ала сүйлөшкөнбүз. Ал жерге келгенибизде стадион жабык, сыртында милиция кызматкерлери жана автоунаалар турганын көрдүк. Жашы 20дан өткөн бир топ кишилер турган экен. Алар бизден: «Кумсалар кайда чогулат?» деп сурап жатышты. Милиция кызматкерлерине коопсуздугубуз үчүн чочулап кайрылсак, «арыздын негизинде гана коргойбуз» дешти. Машинелерге отуруп кетип баратсак Аманбол Бабакулов чыга калып, бизди токтотууга аракет кылды. Ал буга чейин эле социалдык тармакта бизди коркутуп-үркүтүп келген».

Коопсуздугубуздан чочулап милиция кызматкерлерине жанаша туралы деп баратсак, алар коргоо ордуна бизден качып жатышты.
Надира Масюмова

Надира Масюмова «ошол жердеги милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерди токтоткон жок» деп нааразы болду:

«Биз шаардагы башка паркка чогулуп, кетип баратканда артыбыздан жоон топ келатканын көрдүк. Коопсуздугубуздан чочулап милиция кызматкерлерине жанаша туралы дедик, алар коргоо ордуна бизден качып жатышты. Ошол маалда беткапчан балдар жумуртка, сыр куюлган баштыктар менен ура башташты. Автоунааларга бат-баттан отуруп кетүүгө аргасыз болдук».

Феминисттерге каршы чыккандардын арасында жарандык активист Аманбол Бабакулов болгон. 1-май Бишкек.
Феминисттерге каршы чыккандардын арасында жарандык активист Аманбол Бабакулов болгон. 1-май Бишкек.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов «феминисттер менен жыныстык азчылык өкүлдөрүнө чабуул койду» деген дооматты четке кагып, тескерисинче алар автоунаа менен сүзүүгө аракет кылышканын айтты:

«Мен феминисттер менен ЛГБТнын чогулушу туурасында «Фейсбуктан» окуп, кызыгып баргам. Бирок мен барганда алар тарап кетишиптир. Кара түстөгү автоунаада кыз менен жигит отуруптур. Алар мени сүрөткө тарта баштаганда «Силер кимсиңер, эмнеге тартып жатасыңар?» дегем. Ошол маалда мени сүзүп кетейин дешти. Аз жерден калдым».

Ал эми «Кырк чоро» уюмунун лидери Замирбек Көчөрбаев феминисттер жана ЛГБТ өкүлдөрү иш-чара уюштуруп жатканы тууралуу билдирүү «WhatsApp» аркылуу келгенин белгилеп, ал жетектеген уюм абийирди мыйзамдан да жогору деп эсептей турганын билдирди:

«Кырк чоро» уюмунун лидери Замирбек Көчөрбаев.
«Кырк чоро» уюмунун лидери Замирбек Көчөрбаев.

«Биз алардын ким экенин билгенге аракет кылганда, өздөрү чагым кылып, машинеден чыкпай качып кетишти. Биз Баш мыйзамда жазылбаган мыйзамдарга да баш ийишибиз керек. Биз үчүн элдин абийири өтө маанилүү. Ошон үчүн мындан ары ушул сыяктуу иш-чараларды болтурбоого аракет кылабыз. Бизге Баш мыйзам да чек болбойт».

«Коомдук талдоо институтунун» жетекчиси Рита Карасартова Кыргызстандын Конституциясында жазылган мыйзамдарга ылайык ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө жана кандайдыр бир жыйындарга чогулууга укуктуу экенин эске салды.

Укук коргоочу ошондой эле милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги мыйзам бузгандардын жазасыз калышына шарт түзөт деген пикирин айтты:

Укук коргоочу Рита Карасартова.
Укук коргоочу Рита Карасартова.

«Ошол жерде туруп, милиция ушундай чабуул койгонго жол бербеши керек эле. Антпесе алар ал жакка эмнеге барышты? Мен тасмадан көрдүм, ошол балдар жумуртка ыргытып жатканда милиция чара көрбөй карап туруптур. Бир чети бул нерсе мыйзамда так жазылган, экинчиден, менин жеке пикиримде тартип сакчылары өздөрү деле «чабуул койгондор туура кылды» деп колдоп жаткандай. Эгер биз укуктук мамлекетте жашоону кааласак, анда милиция мыйзам чегинде иштеши керек».

Бишкек шаардык милициясы жогорудагы айыптарды четке кагып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди. Милициянын басма сөз адиси Улан Жумаков буларды айтты:

«“Милиция реакция кылган жок” деген пикир чындыкка дал келбейт. Окуя боюнча Жазык кодексинин 119 (“Бейбаштык”) беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө жүрүп жатат».

Буга чейин, 8-мартка карата марш уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтып чыгышкан. Анда Бишкектеги феминисттердин маршы тууралуу талкуу парламентке да жеткен. Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» деп баалашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG