Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Апта: Ак-Сай синдрому, адам укугунун абалы


Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Өткөн алты жылда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонууга чейин жеткен ондон ашуун чек ара чатагы чыккан. Анын көбү Кыргызстандын Ак-Сай, Тажикстандын Ворух анклавынын ортосунда болду.

Кыргыз-тажик чек арасында, атап айтканда Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарындагы ушул жумада адамдар жабыр тарткан окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтемей болду. Мындай чечим окуя болгон жерде жүргөн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим баштаган жетекчилердин эки тараптуу жолугушууларынан кийин кабыл алынды.

"Биз «Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги катышкан биргелешкен тергөө топторун түзөлү»​ деп сунуш кылдык. Тергеп, жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма бердик. Алар чогуу жумушту башташты", - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

​Ал эми жергиликтүү тургундар, айрыкча аксайлыктар тезинен чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылышууда. Алар жаңжал чыккан жерге барган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, облус губернатору Абиш Халмурзаев баштаган адамдарды нааразылык менен кабыл алды. Ошондой эле буга чейинки убадалар аткарылбаганын эске салып, бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнө ишенбөөчүлүктөрүн билдирип жатышты.

"Чек араны бир кадам чечтиңерби, айрыкча биздин Ак-Сайда? 1968-жылдан бери күндө ушул күн башыбызда. 2013-жылы Курсан Асанов убаданы берип кетти, бирок эч нерсени чечкен жок. Мына, губернатор турат, бир ооз сурап койгон жок. Жеңиш Разаков экөө заставанын ичинде жүргөндө Кудайга жалынгандай жалынсам чыгышкан жок. Керекпи бизге ушундай губернатор? Президентке жеткиргиле, ишти чече алгандар келсин. Биздин талап: биринчи чек араны чечкиле, зым тососуңарбы, эмне кыласыңар билбейм, жол ошондон кийин гана ачылат", деди аксайлык тургундардын бири BBC кыргыз кызматы тараткан видеодо.

Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары тосуп алган Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавын байланыштырган жол жабык турат. Эки тараптуу жолугушууларда аталган жолдорду ачуу да негизги темалардын бири болууда.

Ош-Баткен-Исфана жолуна тажик айылдары кантип жакын отурукташып калганы жана стратегиялык бул жол турган жердин макамы боюнча да карама-каршылыктуу маалыматтар чыгууда. Аталган жолдун жабылышы - Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнө жана Лейлек районуна кирип чыгууну кыйындатты.

Чек арадагы окуялар

13-14-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда үч кыргызстандыкка ок тийип, жаракат алды. Жарадар болгон үч кыргызстандык Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Алардын бири - кыргызстандык милиция кызматкери.

Ал эми Тажикстандын расмий органдары эки күндүк жаңжалдан эки тажик жараны каза болгонун, 20дай киши жаракат алганын маалымдады.

Кыргызстан чыр "Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык" жолун салып жаткан жолчуларга Тажикстандын тургундары каршы болгондон кийин чыкканын билдирүүдө. Тажик тарап болсо жаңжалга Кыргызстандын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен сала баштаганы себеп болгонун, ал эми Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Роза Өсөрова чагым уюштуруп, улут аралык кастык жаратканын кабарлоодо.

Расмий Дүйшөмбү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолу талаштуу жерге салынып жатканын айтса, Кыргызстан ал өз аймагы экенин билдирүүдө. Варух анклавынын жашоочулары бул жол салынгандан кийин кыргыз тарап Исфара дарыясына толук көзөмөл кылып калып, суусуз калабыз деп чочулашат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кезинде бул жолдун курулушун кайрадан улантуу жөнүндө чечим кабыл алууга жетишилген жагдайды белгиледи:

- 2015-жылы бул жолдун курулушун кайра калыбына келтирүүнүн астында Тажикстандын вице-премьер-министри Алимордон, тажик президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хайруллаев деген мырзалар менен бир пикирге келген майнаптуу жолугушууларды өткөргөнбүз. Анда «Көк-Таш айылынан жолду баштап, андан ары силер ары жагынан өтөсүңөр, бизге бул жагынан Тамдыкка карай жайлоолорго чыгууга мүмкүнчүлүк бересиңер» деп макулдашкан элек. Ошентип бир чечимге келип, жолдун курулушун уланта баштаган болчубуз. Анан эле биз кызматтан кеткенден кийин эмнеге кийин жол токтоп калганын түшүнбөй калдым. Негизи бул жол курулушун ошондо эле аягына чыгарып, маселени ошондо эле чечип коюшса болмок. Тажик тарап деле бул жолду биз баары бир кура турганыбызды, ал жол биздин өзүбүздүн аймак аркылуу өтөрүн билет. Анан эмнеге эле алар кайра каршы чыгып жатканы кызык. Бирок биз тарап саясий эркин көргөзүп, учурунда алар макул болгондо эле маселени маалкатып, кечеңдетпей жолдун курулушун бүтүрүп салса болмок.

Тажикстандын Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын атын атабаган мурдагы мүчөсү Тажикстан чыр чыккан жерди өз аймагы деп тааный турганын айтты. "1924-1927-жылдардагы документке ылайык, кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер Тажикстандын аймагы деп саналат" - деди тажик аткаминери.

Кыргызстан сүйлөшүүлөрдө 1959-жылкы жана 1989-жылкы картаны негиз кармап жатат. Расмий Дүйшөмбү болсо, 1924-27-жылдардагы карта менен чечүүнү сунуш кылып келет.

Чек ара чырын кантип токтотобуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:16 0:00

Тажикстандык саясат талдоочу Парвиз Мулложанов "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде бул талашты эки өлкө адаттан тыш ыкма менен чечүү жолдорун караштырып көрүшү керек дейт:

- Бардык стандарттуу ыкмалар тигил же бул тараптын пайдасына болуп калышы мүмкүн. Мындай шартта жерди эки эл тең колдоно алгыдай кылып чечип, ал эми жердин өзүнө "аныкталган эмес" деген макам берген механизм түзүп чечсе болот.

Мулложанов тажик бийлиги келерки жылдагы президенттик шайлоонун алдында элдин нааразылыгын күчөтүп алуудан чочулап, чек ара сүйлөшүүсүндө чегинүүгө баруудан сак болуп турат деп да божомолдойт.

Чек ара президенттер чече турган иш

Чек арадагы кырдаалды 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу талкуулады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, «Жээнбеков жана Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалга жол бербеш үчүн биргелешкен комиссия түзүү, мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл экенин белгилешти».

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

Саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек араны биротоло чечүү боюнча жетиштүү аракет көрбөй жатат деп эсептейт.

- Макулдашууга жетише албаганы – эки тараптын тең чегинүгө саясий эрктеринин жоктугунан болуп жатат. Экинчиден, вице-премьер-министрлер келип, кандайдыр бир комиссия түзүп, анан мамлекет башчысы башка адамдарды кызматка койгондо, ал комиссиялардын башчылары алмашып, иш токтоп же созулуп, же такыр эле атайын каршылыкка туш болот. Бул деген - эки мамлекеттин башчылары саясий эрктерин билдирип, мунасага келүүгө даярдыгын билдириши зарыл экендигин көрсөтүп турат. Мындай учурда компромисс аймактарды алмашуу аркылуу болушу зарыл, - деди Аркадий Дубнов. - Анклавдар маселеси – жалгыз эле Казакстан менен Тажкистандын маселеси эмес. Бул – проблемалар үчилтикте - Өзбекстан – Кыргызстан – Тажикстанда бар. Өзбекстандын президенти саясий эркин көрсөтүп, мисалы, Кыргызстан жана Тажикстан менен чек арадагы абалды түп тамырынан өзгөрткөн кадам жасады. Бул үчүн мамлекет башчылар, коомдук пикирдин башкы лидерлери экенине ынануу менен, ошондой эле таасирин жана кадыр-баркын колдонуп, элди бул карама-каршылыкты жоюу үчүн кандайдыр бир кадам жасоого ишендирүүсү керек. Алар элге түшүндүрүп, мындан ары бул сыяктуу жашоого мүмкүн эмес экенин айтышы зарыл. Анткени бул сыяктуу кырдаалда башкаруунун жоопкерчилиги аларда болот. Бирок мен азырынча Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери тарабынан мындай аракетти көрө элекмин. Балким алар жергиликтүү элдин арасындагы кадыр-баркын жоготуп алуудан чочулайт. Минтип чочуласа, анда алардын эмнеси лидер?

Бир жагынан 38 миң калктуу Ворух тажик анклавы, экинчи тарабынан Тажикстандын дагы бир 12 миңден ашуун тургуну бар Хожоало кыштагы менен курчалган Кыргызстандын Ак-Сай айылында азыр үч миңге жетпеген эл жашайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы аныкталган.

Негизинен Тажикстан менен Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору чектешип, талаштуу жерлер да ушул аймакта арбын. Эгемендик жылдардан бери чек арада жашаган ондогон жарандар үйлөрүн тажикстандыктарга сатып жибергени да маселени ого бетер татаалдаштырууда.

АКШнын адам укугу баяндамасы

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган жылдык баяндаманы жарыялады. Анын ичинде Кыргызстандын абактарындагы саясатчылар тууралуу да айтылат.

Соттун акыйкатсыздыгы тууралуу дооматтардан улам абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду, сотту күтүп жаткан мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевди байкоочулар, укук коргоочулар саясий негизде кармалган деп эсептешери белгилеген.

Баяндамада саясий негизде камакка алынгандар да өзүнчө аталган. «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кармалганда жана сот процессинде укуктары бузулганы көрсөтүлгөн.

Дагы бир саясий ишмер Садыр Жапаровдун түрмөдө кала бериши, «алардын иши кайра каралсын» деген талаптар Жогорку сотко жана Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жиберилгени эске салынат.

Президенттик шайлоодон кийин андагы талапкер Өмүрбек Бабановго кылмыш иши ачылганы, ал азыр чет өлкөдө экени да кошумчаланат.

Кыргызстанда абактардагы кыйноолор, улуттук жана сексуалдык азчылыкты куугунтуктоо, ала качуунун токтобой жатышы, Бурулай Турдаалы кызы анын курмандыгы болгону так белгиленет.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

Саясий эксперт Эмил Жороевдин пикири боюнча, бийликтин чечимдерине ушул сыяктуу баяндамалардагы изилдөөлөр, пикирлер негиз болуп бере алат:

"Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын, ички саясий багыттарын, стратегияларын талдоодо мындай баяндамалар негиз болуп бере алат. Баяндамада айтылгандай, жакшы жагына өзгөрүү болгон жагдайлар саясий бийликтин кийлигишпей койгонуна байланыштуу болсо, ал эми өзгөрүүсүз начар бойдон калып жатканы мамлекеттик бийликтин түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылган жагдайлар. Мисалы, сөз эркиндигине бийлик тийишпей койсо, жакшы жагына өнүгүп жатат. Ал эми кыйноону, аялдарга, балдарга мамилени жакшыртуу, адам укуктарын сактоону бийлик айтып эле тим болбой, ага кийлигишип, алгылыктуу иш алып барышын талап кылат".

АКШнын Мамдепартаменти өз баяндамасында 2018-жылы июнда казакстандык активист Мурат Тунгышбаевдин Казакстанда кыйноого кабылышы ыктымал экенин укук коргоочу уюмдар белгилегенине карабай, мекенине экстрадициялаганы үчүн кыргыз бийлигин айыптаган. Андан тышкары июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров түрмөдө оор шартта отурганы сынга алынган.

Борбор Азияда түрмөлөрдү реформалоо боюнча эл аралык долбоордун директору Азамат Шамбилов “Азаттык” радиосуна курган маегинде жаза өтөө системасында кыйноону азайтуунун жолдору тууралуу айтып берди. Аны Гүлайым Ашакеева кепке тарткан.

Шамбилов кыйноону азайтуу жолдору тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:46 0:00
Түз линк

Кытай жана Орусиядагы адам укуктарынын абалы

Адам укуктарына арналган, 13-мартта жарыяланган Мамлекеттик департаменттин жылдык баяндамасы 200гө чамалуу өлкө жана аймактагы жагдайларды камтыды.

Анда көңүл бурулган темалардын бири Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын абалы болду.

13-мартта Вашингтондо баяндаманын бет ачарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «адам укуктарынын бузулушуна келгенде Кытай өзүм билемдиктен тайбай турганын» айтты.

"2018-жылда эле Кытай мусулман азчылыктарын рекорддук санда кармоо ишин күчөттү. Бүгүнкү күндө миллиондон ашык уйгурлар, казактар жана башка мусулмандар аларды диний жана этникалык насилинен ажырата турган кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалып турат. Өкмөт христиандарды, тибеттиктерди жана бийликти колдобогон же өкмөттүн алмашканын каалаган көз караштагыларды да куугунтукка алууну күчөтүүдө", - деди Помпео.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү, укук коргоо уюмдары Кытайда уйгурлар жана башка мусулман элдери атайын лагерлерге камалып, улуттук жана диний негизде тазалоо жүрүп жатканын белгилешет.

Мурдараак Помпео Вашингтон уйгурлардын укуктарын бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция салуунун жолдорун караштырып жатканын айткан.

Бээжин муну экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрөт. Кытай бийлиги кесиптик окуу борборлорунда жарандар мамлекеттин мыйзамдарын билип, кытай тилин үйрөнүп чыгышарын жүйө келтирет.

"Кошмо Штаттарды адам укуктары жаатындагы маселени Кытайдын ички саясатына кийлигишүү үчүн колдонууну токтотууга чакырабыз. Ошондой эле АКШга өзүндөгү адам укуктары боюнча маалыматтарга кылдат көңүл буруп, адегенде өздөрүнүкүн жөнгө салып алууга кеңеш беребиз" деп жооп кайтарды Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лу Канг.

Орусиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамада көрсөтүлгөндөй, былтыркы президенттик шайлоодо оппозициялык саясатчыларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

АКШнын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган жылдык баяндамасында апйтылгандай, Орусия аннексиялап алган Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганы байкалган. Мындан сырткары баяндамада Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессивдүү аракеттерине көңүл бурулат. Байкоочулардын маалыматына таянып, орус бийлиги Донбасста украин жарандарын кармап, сотко өткөрүп бергени айтылат.

Документте Чеченстандагы ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү суроо-сопкуту жок эле жазаланып жатканы тууралуу сөз болот. Орусиялыктар саясий жүйөдөн улам куугунтукка кабылып жатканы, үй бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш катары каралбай калганы баса белгиленет.

Украинадагы жагдайга келгенде, Киев жарандык активисттерди, журналисттерди жана ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн куугунтуктоону токтото албаганы сындалат. Ошондой эле докладда украин бийлигиндеги коррупция жөнүндө сөз болот.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 1977-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баяндамасын чыгарып турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG