Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Баткен: кыргыз-тажик расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда


Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын сүйлөшүүсү. Баткен, Кыргызстан. 14-март, 2019-жыл.
Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим баштаган кыргыз-тажик делегацияларынын сүйлөшүүсү. Баткен, Кыргызстан. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр 15-мартта да уланууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме ырастагандай, 14-мартта 19:30да башталган жолугушуулар 20:40ка чейин созулду. Кездешүү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.

Жолугушуулардын жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык курч маселелер кеп болуп жатат.

Өкмөт кабарлагандай, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобус менен Баткен шаарына жеткирилди. Тургундар №57 кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Аларга Баткен районунда жана Баткен шаарында жашагандар да үйлөрүнөн баш паанек беришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тарапта эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды. (ErN)

Толук: Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

XS
SM
MD
LG