Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген үч адам ооруканада жатат


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы чатактардан улам ок тийип, жарадар болгон үч кыргызстандык Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, биринчи күнү түшкөн жабырлануучу дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчисинин бутуна, үчүнчүсүнүн далысына ок тийген. Алар травматология бөлүмүндө дарыланууда.

14-мартта бутуна ок тийген адам милиция кызматкери экенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ырастаган. Ал ок тажик тараптан атылганын кабарлаган.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан. 14-мартта эртең менен абал туруктуу кармалып, түштөн кийин кайрадан ок атуунун үнү угулган.

Ошондон улам дагы бир нече адам жабыр тарткан. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына таянуу менен жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлоодо. (ErN)

Толук: Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

XS
SM
MD
LG