Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

ИИМ: Баткенде ок тийген жаран - милиция кызматкери


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасында ок тийген адам милиция кызматкери экенин ырастаган билдирүү таратты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова милиция кызматкерине ок тажик тараптан атылганын кабарлады:

«​Баткен районунун Ак-Сай айылында Ворух айылы менен чек ара тилкесинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда кайрадан пикир келишпестик чыгып, бири-бирин таштар менен ургулай башташкан. Коомдук коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине Тажикстан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз куралдан атылган ок тийген. Оор абалдагы милиция кызматкери Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат».

Мунун алдында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында ок атылып, андан бир кыргызстандык жарадар болгону кабарланган. Ал Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова ырастаган.

Мамлекеттик чек ара кызматы абал курчуп кеткенин ырастап, эки тараптын чек ара кызматы эскертүү катары окторду асманга атып жатканын кабарлаган.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Тажик тарап кечээ бир адам мерт болгонун, бир нече милиция кызматкери жарадар болгонун кабарлаган. Кыргызстандын расмий өкүлдөрү 13-мартта бир нече адам жабыр тартканын билдиришкен. 14-мартта эки өлкөнүн президенттери жагдайды телефондон талкуулашты.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта түшкө чейин билдирүү таратып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын билдирген. Ага карабай чек арада эки тараптан тең адамдар чогулуп жатканы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG