Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы угулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди.

Анын айтымында, октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылып жатат. Атылган октон улам бир милиция кызматкери жабыр тартканы, ал ооруканага алынып кеткени кабарланды.

Мамлекеттик чек ара кызматы болсо октор эскертүү катары атылганын, абал курчуп кеткенин ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы жарадар болгон адам тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта түшкө чейин билдирүү таратып, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын билдирген. Ага карабай чек арада эки тараптан тең адамдар чогулуп жатканы айтылган.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы «Азаттыктын» тажик кызматына маалымат берип, 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажик жараны каза болгонун билдирген. Маалыматта Хакимов кыргыз тараптан аңчылык куралдан атылган октон каза тапканы жазылган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Тажикстанда каза болгон адам тууралуу тажик чек ара мекемесинен расмий билдирүү келе элек экенин билдирди. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG