Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Баткен: чек арада сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады


Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.

Кыргыз жана тажик жарандары ортосунда жаңжал орун алган Баткендеги чек арада расмий бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы аяктады.

“Азаттыктын” Баткендеги кабарчысынын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьерлери жетектеген делегация учурда Ак-Сай айылы менен Ворух анклавы чектешкен аймакка кетти. Ал жерден эки айылдын аксакалдары, тургундары менен жолугуп, кырдаалды талкуулай турганы күтүлүп жатат.

Учурда жаңжалдан кийин тажик жарандары бөгөп койгон Ош-Баткен-Исфана жолу жана кыргызстандыктар бууган Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол жабык турат.

Сүйлөшүүдө ушул жолдорду ачуу маселеси да каралары айтылган. Азырынча бул боюнча тараптар бир пикирге келгени же келбегени ачык айтыла элек.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.(BkA/MdN)

XS
SM
MD
LG