Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Бурулайдын сотуна күбөлөр чакыртылды


Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.
Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21-декабрь, 2018-жыл.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча ишти кароону улантат. 15-февралдагы соттук отурум күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев билдирди. Күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу сот үчүнчү жолу жылдырылды. Сотто Бурулайдын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши каралып жатат.

Буга чейин беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, бирөө күнөөсүз экенин айткан.

12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Шаардык сот 27-февралда айыпталуучу тараптын арызын карап, райондук соттук чечимин күчүндө калтырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG