Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Чеченстанда кумсалар кайрадан чабуулга кабылды


Cанкт-Петербургда өткөн Чеченстандагы кумсаларды колдогон акция.
Cанкт-Петербургда өткөн Чеченстандагы кумсаларды колдогон акция.

Чеченстанда кумсаларга каршы өнөктүк кайра башталып, 40тай киши кармалды. Алардын ичинен эки адам жарыкчылык менен кош айтышты. Бул тууралуу Орусиянын ЛГБТ коомчулугу билдирип, жумуриятта гейлер менен лесбиянкаларга чабуулдун жаңы толкуну башталганын ырастады.

Уюмдун маалыматына караганда, декабрдын этегинен бери кеминде 40тай аял-эркек мыйзамсыз кармалса, алардын экөө кыйноодон улам каза тапкан.

Сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап, алардын айрымдарын Аргундагы бейрасмий түрмөгө камашкан.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, кармалгандардын айрымдары гана укук коргоочулар менен байланыша алышкан. Полиция алардын көбүнүн документтерин тартып алып, жакындарына каршы кылмыш иштерин ачабыз деп коркутушат. Андыктан сурак жүргүзүлгөндүгү тууралуу актай кагазга кол коюп берүүгө мажбур болушат.

Чеченстандын бийлиги жумуриятта сексуалдык азчылыктарды куугунтуктоо жүрүп жатканын четке кагып келет. Республиканын лидери Рамзан Кадыровдун басма сөз катчысы Алви Каримов "Интерфакс" агенттигине мындай маалыматты "караманча калп деп билдирип, "Чеченстанда андай болушу деги мүмкүн эмес" деди.

Чеченстандын бийлиги буга чейин дагы кумсалардын куугунтукталышы тууралуу бардык айыптарды кескин четке каккан.

XS
SM
MD
LG