Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Жасалма сулуулуктун куну кымбат


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда пластикалык хирургдун бычагынан өткөндөрдүн саны арбыды.

Жаш, сулуу көрүнүүнү самагандар үчүн заманбап пластикалык операция кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатат. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында эстетикалык сулуулуктун наркы жана көзүнөн тарта жынысына чейин өзгөртүүнү каалагандар кимдер экенине кызыкты.

Кыргызстанда пластикалык хирургиянын дээрлик бардык түрлөрү жасалат.

Атын атабоону өтүнүп, жүзүн каткан каарманыбыз курсагында топтолгон үч литр май алдырганына эки апта боло элек. Ал бул кадамын жаңы жашоону баштоону каалаганы менен негиздеди.

- Төрөттөн кийин курсагыма май топтолуп, мурдагы калыбыма келе албай, өзүмдү ыңгайсыз сезе баштадым. Аялзаты ар дайым сулуу бойдон калгыбыз келет да. Ошондуктан бул кадамга биринчиден өзүм үчүн бардым. Албетте операция жеңил эмес экен. Баштапкы кезде кыйынчылыктар болду. Азырынча баары идеалдуу деп айта албайм. Бирок дарыгердин айтканын кылсаң жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт деп ишенем.

Ошол эле учурда, адистердин айтымында, пластикалык хирургдун кызматын бир пайдаланган адам келбетинен улам бир кемчилик таап кайра кайрылышы мүмкүн.

Медицина илимдеринин кандидаты, микрохирург Султан Тукешов бул көрүнүш адамдын физикалык эмес, психологиялык абалынан көз каранды деген пикирде.

- Кыргызстанда коомдо жашыруун болуп, ачык билинбегени менен жынысын алмаштыруу боюнча да операциялар жасалат.

Чачы ийинин жаап, толгон токой косметикалык каражаттары менен жүзүн чебердик менен боёп жаткан Лола (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) макияжсыз жашоосун элестете албайт.

Лола трансгендер. Эркек болуп жаралганы менен өзүн эркек катары кабыл ала албайт. Ал аял болуп жашагысы келет. Болгон күчүн, каражатын жумшап сулууланганы менен келбетине толук кандуу ыраазы боло элек.

Ал операциялык жол менен жынысын өзгөртүүгө камынып, максатына жетүүгө каражат топтоп жүргөн кези.

- Мындай операциялар бизде деле жасалат. Мен бир хирург менен сүйлөштүм, ушул тапта 2500 доллар кетет экен. Азырынча менде мынча каражат жок. Бирок бул тилегим ишке ашат деп ишенем.

Лола бул кадамга аргасыздыктан барып жатканын айтты. Кыргызстанда трансексулдар сексуалдык азчылыкты түзүп, коомдо аларга аёосуз мамиле жасалат. Лола да башынан өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулар болуп, мазактоолорго кабылып келгенин, эми операциянын жардамы менен жаңы турмуш баштоого умтулуп жатканын жашырбайт.

Ошол эле учурда эстетикалык хирургиядан жабыр тартып, соо денесин бузуп алгандар жок эмес. Кыргызстанда хирург кетирген катадан улам кайра-кайра операция жасатып, улам бир жерин кестирүүгө же оңдотууга мажбур болгондор да көп. Андыктан жаратылыш берген келбет, кепширге ыраазы болуу же бычакка чуркоо ар кимдин өз эрки демекчибиз.

Макаланын уландысын видеодон көрүңүздөр.
Жан дүйнөнү унуттурган жасалма сулуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG