Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Өзбек жараны Бишкектен жынысын өзгөрттү


Жынысын өзгөрткөндөн кийин жаңы паспорт алуу. Молдова. 28-март, 2013-жыл.
Жынысын өзгөрткөндөн кийин жаңы паспорт алуу. Молдова. 28-март, 2013-жыл.

Кыргызстандык дарыгерлер алгачкы жолу жыныс алмаштыруу операциясын жасады. Бишкектеги Улуттук госпиталда өзбекстандык 25 жаштагы жигит кызга айланды.

Дарыгерлердин айтымында, учурда анын ден соолугу чың, кадимки айымдардай болуп жүрөт. Коомчулукта мындай көрүнүш терс кабыл алынып, ага каршылар көп болгону менен адистер жынысын алмаштырууну каалагандардын саны өсүп жатканын айтышат.

Улуттук госпиталдагы дарыгерлердин айтымында, ушул тапта жынысын өзгөртүүнү каалап, дарыгерлерден кеңеш сураган кыргызстандык мырзалардын саны онго жетти. Бирок эч бири бул үчүн операция жасатуу чечимине келе элек.

25 жаштагы ташкенттик жигит болсо Бишкекте жынысын өзгөртүп, өз өлкөсүнөн жаңы паспорт алды. Кыз экенин тастыктаган документин операция жасаган дарыгерлерге келип, көрсөтүп кеткенге да үлгүрүптүр.

Жигит өз мамлекетинде жынысын алмаштырууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, бишкектик дарыгерлерге кайрылган. Ага 2013-жылдын октябрь айында операция жасалган. Учурда өз мекенинде жашап жатат.

​Улуттук госпиталдын башкы урологу Акылбек Усупбаев жасаган опперация ийгиликтүү болуп, эч кандай терс натыйжа көрсөтө элек. Операцияга катышкан уролог Зуфар Хакимходжаевдин айтымында, жынысын алмаштырган замандашыбыз эки жума мурда Бишкекке келген:

- Эки апта мурун кезектеги медициналык кароодон өтүү үчүн келип, кайра кетти. Өзбекстандан паспорт да алыптыр. Аты-жөнүн аялдыкы кылып өзгөртүптүр. Өзүнүн мурдагы аты-жөнүн атабай эле коёюн, бирок азыр кадимки эле аял. Кулагына сөйкө тагынып, көйнөк кийип, чач жасалгасын өзгөртүп алыптыр. Жашоосуна ыраазы экен.

Жыныс алмаштыруу операциясы Кыргызстанда коммерциялык түрдө жасалат. Ошондуктан, анын акысы мамлекет тараптан ченелген эмес. Бардык дары-дармекти, зарыл каражаттарды жынысын алмаштырууну каалаган киши өзү сатып алат. Дарылардын көбү Европадан жана Орусиядан алынат. Дарыгерлер операция гана жасайт жана андан кийинки алгачкы дарылоону көзөмөлдөйт. Жыныс органын кестирип, аялга айланган мырзалардын бутка турушу үчүн үч жумадай убакыт талап кылынат. Бирок толук сакайып кетмейинче дарыгерге текшерилип турушу кажет.

Кыргызстанда жынысты алмаштыруу операциясы алгачкы жолу болуп жатканы менен, буга чейин кыз болгусу келген жигиттер же эркекке айлангысы келген кыздар дары-дармектер аркылуу үнүн жана сырткы келбетин өзгөрткөн учурлар катталган. Алар кеп-кеңештердин баарын мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген адистерден алышат.

Кыргызстанда кезинде Бакрас деген ат менен таанылган ырчы 2009-жылы чет өлкөдөн жынысын алмаштырып, кызга айланганын жарыялаган. Ош жана Жалал-Абад облустарынан эки кыз эркекке айлануу үчүн 2012-жылы Орусияга жөнөп кеткен. Алардын бири – Кыргызстандан кетип жатып, сырт келбети кыз, бирок ички дүйнөсү эркектей болуп калыптанып калгандыктан, ушул кадамга барууга мажбур экенин “Азаттыкка” айтып берген болчу:

- Биздин коомчулукта мага окшогондорго карата терс түшүнүк калыптанып калган. Ошондуктан, мен өзүмдүн абалымды эч бир досума, туугандарыма айткан эмесмин. Буга өкүнбөйм деле. Кудайым ыраа көргөн тагдыр менен жашай берем. Эркек болуп жашаш үчүн Орусияга кетип жатам. Ал жактан кайра келейин деген планым жок.

Дарыгерлер белгилегендей, жынысын өзгөртүүнү каалаган айымдарга караганда жигиттер басымдуулук кылат. Себеби, аларда кызга айлануу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бирок эч качан эне болбойт. Айымдар болсо, үнүн өзгөртүп, көкүрөгүн тарттырганы менен, жынысын алмаштыра албайт.

Мындай операциялар мурда Батыш өлкөлөрүндө жасалган. Медицина өнүгүп, эми Борбор Азияда да жайыла баштады. Операциялардын баасы ар түрдүү, дарыгерлерге берилчү кызмат акы, дары-дармек жана башка керектүү жабдыктарды сатып алууга 10 миңден 40 миң долларга чейин акча сарпталат.

Жынысын өзгөрткөндөр, өздөрүнүн ички сезимдерин сыртка чыгарып жашагысы келгендигин айтышат. Ага карабай, коомчулукта мындай операцияларга, деги эле өз жынысын өзгөртүүгө каршы мамиле калыптанган.

Журналист Нуржан Токтоназарова да жыныс алмаштырууну туура эмес деп билет:

- Мен муну жаратылышка каршы чыгуу деп түшүнөм. Буга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек. Антпесе, аягы коом арасындагы ири пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн.

Жыныс алмаштырууга каршы пикирдегилер муну диний көз карашка да такайт. Жынысты өзгөртүүгө жана бир жыныстагылар ортосундагы жылуу сезимге бардык динде тыюу салынат. Бир жума мурун мындай көрүнүшкө чекит коюуга үндөп, муфтият фатва да чыгарган. Коом арасында бул абал Батыштан келген коркунучтуу илдет катары да сыпатталат.

Ага карабай, бир жыныстуу мамилени жактаган бейөкмөт уюмдар муну демократия жолун тандап алган өлкөдөгү кадыресе көрүнүш деп эсептешет.
Дүйнө жүзүндө жынысын өзгөрткөндөр аз эмес. Таиланддык белгилүү кикбоксчу Нонг Рум кызга айланып, Паринья Киатбусаба аталган. Америкалык актриса Алексис Аркетт деле эркек болуп төрөлгөн. Белгилүү ырчы, “Евровидение” сынагынын 1997-жылкы жеңүүчүсү Дана Интернешнл да операция аркылуу кызга айланган. Бул тизмени дагы ондогон ысымдар менен улантууга болот.

XS
SM
MD
LG