Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

ВИЧке чалдыккан кумсалардын так саны белгисиз


Борбор Азия ВИЧ инфекциясы ыкчам жайылган чөлкөмдөрдүн катарына кирет. Ошол эле маалда эркектер ортосундагы жыныстык катнаштар жөнүндө ачык айтылбагандыктан, ВИЧ тууралуу маалыматтар да так эмес болушу мүмкүн. Мындай ой Колумбия университетинин Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо маселелери боюнча борборунун иликтөөсүндө айтылат. Топтун мүчөсү, тажикстандык изилдөөчү Алишер Латипов Вашингтондогу кабарчыбыз Ричард Солаштын суроолоруна жооп берди.

- Эркек менен эркектин жыныстык катнашы аркылуу ВИЧти жугузуп алгандардын саны көп бекен?

2008-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Бишкекте инфекцияны андай жол менен жугузуп алгандардын саны 1,2%, Душанбеде 2011-жылы – 1,5%, Ташкентте 2009-жылы 6,8%, Казакстанда – 1% түзгөн. Түркмөнстанда болсо өкмөт адатта ВИЧ оорусу жок деп келет.

Бул көрсөткүчтөр ар бир өлкөнүн бийликтеринен алынган. Көрүп тургандай, кумсалар арасында, айталы ийне сайынган баңгилерге караганда инфекция азыраак жайылган. ВИЧ диагнозу коюлгандардын расмий статистикасын алсак да, эркектердин жыныстык катнашы аркылуу жуккан учурлар өтө аз.

Бирок бул так маалымат эмес деп ойлойбуз. Себеби тесттен өткөндө, эркек киши менен жыныстык катнашта болгомун деп эркектер чанда эле моюнга алышат. Андыктан маалыматтар канчалык ишеничтүү экенин айта албайбыз.

- Так маалымат эмне үчүн тартыш болот?

- Анын себеби ар кыл социалдык жана маданий чектөөлөрдө жатат. Бул маселе тууралуу ачык сүйлөө оңой эмес. Маалымат топтоо да кыйын. Борбор Азиянын көпчүлүк жумурияттарында кумсалар менен иштеген бир ууч гана бейөкмөт уюмдар бар. Алардын айтымында, бул жаатта маалымат чогултуу татаал.

Маселени жакындан билгендер кумсалар милициянын ыдык көргөзүүсүнө, физикалык, сексуалдык зомбулугуна туш болушаарын айтышат. Менимче, СПИД, Кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд иштеп жатканы менен жакынкы бир нече жылда маалымат алууда кырдаал өзгөрбөйт.

Мисалы, Тажикстанда кумсаларды камтыган иликтөө биринчи жолу 2011-жылы гана өткөрүлгөн. Башка өлкөлөрдө андан эрте башташканы менен, көпчүлүк учурларда маалымат чогултуу бир эле шаарда же чөлкөмдө, көбүнесе борбор калааларда жүргүзүлгөн. Калктын ошол бөлүгүнө көңүл буруу зарыл.

- Маалыматтын жоктугу кандай проблемаларды жаратууда?

- Маалымат так болбогондо, проблема таптакыр жок деген жаңылыш түшүнүк пайда болот. ВИЧке кабылуу коркунучуна туш болгон башка топтор тууралуу маалыматтар жетиштүү. Ал эми кумсаларга тиешелүү маалыматтар жокко эсе. Стигма жана дискриминация, ошондой эле аймактагы кээ бир өлкөлөрдөгү укуктук проблемалардан улам, кумсалар гетеросексуал катары жазылып калышы ыктымал.

Ал эми так маалымат болбосо, программаларды пландоо жана ВИЧ коркунучуна түздөн-түз туш болгон адамдарга, өзгөчө тесттен өткөрүү жана илдетти алдын алууда жардам көргөзүү кыйындайт.

- Кумсалар арасында ВИЧ инфекциялангандарды аныктоо үчүн кайсы өлкөдө көбүрөөк аракет көрүлөт, кайсынысында чаралар жетиштүү эмес?

- Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда эки эркек ортосунда ыктыярдуу жыныстык катнаш үчүн сот жообуна тартуу Кылмыш кодексинен алынып салынган. Өзбекстан менен Түркмөнстанда болсо алынбагандыктан, укуктук жагынан алганда бул чоң проблема бойдон калууда.

Азыр жасалып жаткан иштерди айта турган болсок, аларды эки жактан кароого тийишпиз. Каржылоону алсак, Казакстан өкмөтүнүн ВИЧти алдын алуу чараларын колдоо аракеттери Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө үлгү болуп бере алат. Бирок Казакстанда илдетке чалдыгуу коркунучуна туш болгон топтор менен иш алып барган бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга караганда активдүү эмес. Кыргызстан менен Тажикстандагы бейөкмөт уюмдар региондогу башка өлкөлөрдөн активдүүлүгү менен айырмаланат.

- Түркмөнстан менен Өзбекстанда эркектер ортосундагы жыныстык катнаш үчүн кылмыш жазасы каралганын айтып кеттиңиз. Коомдук саламаттыкты сактоо аргументи андай саясатты өзгөртүү үчүн жүйө боло алабы?

- Албетте, ВИЧти жугузуп алышы мүмкүн делген негизги топтор арасында инфекциянын жайылышын алдын алуу, алардын превентивдик программаларга камтылышын камсыздоо үчүн социалдык жана укуктук жагымдуу шарт түзүлүүгө тийиш деген жүйөлөр толтура. Ал эми андай шарт түзүлбөсө, абал оорлошот.

XS
SM
MD
LG