Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Чыркыраган энелер кайрадан митингде


Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл
Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл

Балдары ВИЧ илдетине кабылган энелер аларды ээрчитип, кайрадан Ак үйдүн жана Жогорку Кеңештин алдына митингге чыкты.

Шаршембиден жумага чейин үч күн бою митингге чыккан энелер мамлекет бекер үй берип, жөлөк пулдун суммасын көтөрүүсүн талап кылышууда.

Ал эми бийлик өкүлдөрү өкмөт чамасына жараша жардам көрсөтүп жатканын билдирүүдө.

Бул энелер балдарын ээрчитип, дүйшөмбү күнү да Ак үй алдына чыкканы жатышат.

Арга түгөнгөндө...

Өңчөй кара кийинип, беттерин чүмкөп алып, Ак үй алдында турган аялдар 4-5 жаштагы жана андан кичине да балдарын ээрчите чыгышкан. Булар балдары, айрымдары өздөрү да ВИЧ илдетине чалдыгып, бийликке үнү жетпегенде Оштон атайын Бишкекке келген энелер.

- Биз Ош облусунан келдик. ВИЧ/СПИДге кабылган балдардын энелерибиз. Бул балдарга илдет ооруканалардан, башкача айтканда дарыгерлердин айынан ийнеден жуккан.

Атын купуя калтырууну суранган бул айымдын билдиришинче, митингге жети баласын ээрчитип, жалпысынан 8 аял аргасы түгөнгөндө чыккан. Алар үй-бүлөдөн, коомдон жана мамлекеттик мекемелерден ыдык көрүп жатышканын айтууда.

- ВИЧтен жабыркаган энелердин өздөрүнө күнөө коюп, балдары да, өздөрү да оору деп жатышат. Бирок булар мурда таза, оорубаган балдарды төрөп келген энелер болчу. Биз эми мусулманбыз да. Булардын жолдоштору кечээ эле бешенесинен сүйүп жашап жаткан жубайларынын колуна ВИЧ жуккан баласын карматып, “сага үч талак” деп айдап жиберип жатышат. Жийиркенишип, тиктебей жатышат, бир төшөккө жатпай жатышат.

Талаптары аткарылмайынча кетпей турганын айткан бул энелер мамлекеттен ВИЧ илдетинин жайылышын токтотууну, балдарына төлөнүп жаткан жөлөк пулду көбөйтүүнү жана турак жайга муктаждарга үй берүүнү талап кылышууда. Буга чейин президентке, өкмөт башчыга, парламент төрагасына жана башка мамлекеттик мекемелерге бир нече ирет кайрылышкан:

- Биринчиден, биз ВИЧ/СПИДдин токтотулушун талап кылабыз. Бизге окшоп энелер ыйлабасын, үй-бүлөлөрү бузулбасын. Биздин деле эже-сиңди, ага-ини, куда-сөөгүбүз, тууган уругубуз бар. Ал эми бул оорукчан наристелердин да жашоого укугу бар. Алардын деле келечекте депутат болгонго укуктары бар. Биз да ушулардын колунан ысык чай ичебиз деп отурабыз. Бул балдардын жакшы жашоосуна шарт түзүшүбүз керек. Кошумча дары-дармек зарыл. Андыктан жөлөк пулдун суммасын көбөйтсүн деп сурап жатабыз. Эң башкы көйгөй - үйсүз калдык. Үй бергиле деп талап кылып жатабыз.

Өкмөт колун жайды

Былтыр да жыйырмадай эне балдарын ээрчитип, Жогорку Кеңеш алдына митингге чыгышкан болчу.

2007-жылы Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кырктай бала дарыгерлердин айынан ооруканада ВИЧ илдетине кабылган. Ал наристелердин алды азыр 5-6 жашка чыгып калды.

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева ВИЧке чалдыккан бул жарандарга дары-дармек жагынан жетишээрлик кам көрүлүп, бирок социалдык маселелер чечилбей жатканын айтты:

- Медициналык жактан көрсөтүлгөн камкордук жетиштүү деп ойлойм. Тиешелүү кымбат дары-дармектерди булар өз учурунда алып жатышат. Бирок булар социалдык талаптарды коюп жатышат: үй бергиле, жөлөк пулдун суммасын көбөйтүп бергиле дешүүдө. Бул жагынан өкмөт өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап жатат.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы боюнча, 1-октябрга карата Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 4469 адамга жетти. Сентябрь айында эле ооруга кабылган жаңы 56 адам катталган. Ал эми 14 жашка чейинки ооруган балдардын саны 456 болсо, 147 баланын оорусу 2011-жылы аныкталган экен.

XS
SM
MD
LG