Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

ВИЧ/СПИД тамыр жайууда


Балдары ВИЧке кабылган энелердин нааразылык акциясы. Ош шаары, 14-ноябрь, 2011.
Балдары ВИЧке кабылган энелердин нааразылык акциясы. Ош шаары, 14-ноябрь, 2011.

Кыргызстанда былтыр 158 адам ВИЧ илдетинен каза таап, вирусту жуктургандар 15 пайызга өскөн.

Бул тууралуу республикалык СПИД борборунан билдиришти. Республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүт Чокморованын айтымында, ВИЧ илдетине, башкача айтканда адамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирусту жуктургандардын саны өткөн жылы 15 пайызга өстү. Ошондой эле 2012-жылы ВИЧ жана СПИДден 158 адам каза тапкан. Мындан тышкары, бул илдет өткөн жылы эле 8 өспүрүмдүн өмүрүн алган экен.

- Кыргызстанда бул оору биринчи жолу 1996-жылы катталган. Ошондон бери быйылкы 1-январга карата 4611 киши катталган. Алардын ичинен 706 адам каза болду. 2011-жылы 599 киши аныкталса, 2012-жылы болсо, 724 ВИЧти алып жүргөндөр катталган. Бул мурдагы жылга караганда, 125 адамга көп болуп жатат.


ВИЧке кабылгандардын 68 пайызы баңгизат колдонгондор. Ошондой эле аялдар арасында жана жыныстык катнаш аркылуу жугуу көрсөткүчү да жогорулаган. Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасында да бул илдетке кабылгандардын саны өскөнү белгиленүүдө.


Бирок СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова балдар арасындагы өсүштү былтыр Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2004-2009-жылдардын аралыгында төрөлгөн балдар, ошондой эле 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн бири да калбай ВИЧ илдетине каршы текшерүүдөн өткөнү менен түшүндүрдү.

- 1-январга карата 464 ВИЧ илдетин алып жүргөн бала катталган. Анын ичинен 35 бала каза болду. Былтыр эле 157 бала аныкталып, 8 бала каза тапкан. Бирок эмне үчүн былтыр 157 бала аныкталды? Анткени 2011-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2004-2009-жылдардын аралыгында төрөлгөн балдар, ошондой эле 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн баары текшерүүдөн өтсүн деген 517-буйругу чыккан.


ВИЧ илдеттүү 464 баланын 317ине бул дарт ооруканадан же ийне аркылуу, ал эми 130уна энеси аркылуу жуккандыгы аныкталган.

2007-жылы Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус жукканы аныкталган эле. Өткөн жылы текшерүүдө аныкталган балдарга адистер оору 2007-жылдары жуккан болсо керек деп болжошот.


Чүрпөсү бул каргашалуу илдетке кабылган энелердин бири “Азаттыкка” мамлекет оорунун жайылышына тиешелүү чара көрбөй жатат деген пикирин билдирди:

- Шприц кайсы жерде иштелсе, кан кайсы жерде болсо, бул оору ошол жерден жуга берет. Бул сөзсүз эле жыныстык катнаштан жукпайт, мунун тармагы көп. Анан муну мамлекет эч ойлонбой, кайдыгер карап, ага каршы кам көрбөй жатат. Буга өзгөчө маани берип, өзгөчө чараларды колдонбосо болбойт.
Анан бизди болсо, баласын оорулуу, майып кылып алып, мамлекеттен үй талап кылууда дешет. Бул ооруга чалдыккандардын гана эмес, баарыбыздын көйгөйүбүз. Мамлекет буга кам көрүш керек. Биздин келечегибиз, биздин ордубузду баса турган муун жана болочоктогу депутаттар - ушул азыркы балдар да. Анан алар катарынан эле ооруп кала берсе, келечегибиз эмне болот?


ВИЧке кабылгандардын көбү Бишкек, Ош шаарларында. Ошондой эле Чүй жана Ош облустарында катталгандар арбын. Ал эми адистер илдетке кабылгандардын чыныгы саны Кыргызстанда 10 миңге чамалайт деп болжошот.
XS
SM
MD
LG