Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

СПИД дүйнөдө азайды, бирок бизде эмес


Киевдеги ВИЧ/СПИД клиникасы
Киевдеги ВИЧ/СПИД клиникасы

1-декабрь СПИДге каршы күрөштүн Дүйнөлүк күнү алдында БУУ докладын жарыялады. Ага ылайык, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ВИЧ инфекциясын жаңы жуктуруп алгандардын саны кескин кыскарган. Бирок мурдагы СССРдин аймагында, тетирисинче, СПИДдин көрсөткүчү дале жогору бойдон калууда.

Наталия Ковнир адамдар ВИЧти жуктуруп алганын уккандагы алгачкы мүнөттөр менен байланыштуу жүрөктүн үшүн алчу “миллиондогон” окуяларды уккан. Анын өзүнүн окуясы да - ошолордун бири.

“Мага диагнозду 1997-жылы коюшту, - дейт ал. - Мен маңзат колдончумун. Ошондо догдурдун айткандары ушул күнгө чейин кулагымда жаңырып турат. Ал мага: “Өзүңдөн көр. Баарына өзүң күнөөлүүсүң. Дагы эки жылдай жашайсың, анан биз сени менен коштошобуз”, - деген”.

Ковнир ошондо догдурдун божомолуна мүмкүн болушунча каршы турганга аракет кылды. Арадан 15 жыл өтүп, бүгүн ал Украинада ВИЧке чалдыккан 230 миңдей адамдын бири катары жашап жатат. Бул өлкө - СПИД боюнча дүйнөдө байкалган прогресстен сырт калган региондогу эң эле оор көрсөткүчү бар эки мамлекеттин бири.

Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы күрөшүү уюму (UNAIDS) айыккыс илдетке чалдыккандарды медициналык жактан колдоо иши жакшырып, оорунун алдын алуунун чаралары күчөтүлгөндүктөн дүйнөнүн 25 өлкөсүндө ВИЧти жуктуруп алгандардын саны 50% азайганын кабарлады. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе – бул өзгөрүү “эң эле абалы начар” делген Африка өлкөлөрүндө байкалды.

Ооруну үйгө алып келип...

Азыр ааламда ВИЧке чалдыккандардын саны 34 миллион адамга жакын. Бирок UNAIDS жаңы жарыялаган отчетто айтылгандай, “жаңы жугузуу фактыларын жана СПИД менен байланышкан өлүмдү такыр эле жоготууга мүмкүн деген үмүт пайда боло баштады”.

Анткен менен, оптимизм азырынча мурдагы СССРдин аймагына тиешелүү эмес. Азыр дүйнөдө СПИД боюнча абал жакшырбай, тетирисинче, ооругандардын саны улам артып жаткан эки гана регион бар: мурдагы Советтер союзу жана Жакынкы Чыгыш.

Жан-Эли Малкин – UNAIDS уюмунун постсоветтик аймак боюнча директору – проблеманын тамыры Орусия менен Украинада жатканын айтат.

“Бул региондогу оорунун 90% Орусия менен Украинада катталган. Ошентсе да, илдетке чалдыккандардын саны өсүп баратканы аймактагы ар бир мамлекетке тиешелүү нерсе, - деди Малкин. - Болгондо да бул жерде СПИД мурда көбүнчө баңгилер арасында жайылаарын айтып келген болсок, эми катардагы эле элдин ичинде жыныстык катнаш аркылуу да кеңири тарала баштаганы байкалат”.

Кайсыл бир деңгээлде, жыныстык жол менен ВИЧтин тарашына миграция да себеп болууда. Тажикстан, Кыргызстандан, Армениядан Орусияга келип, ВИЧ жугузуп алып, анан кайра мекенинде башка адамдарга, андан ары балдарга жуктурган фактылар аз эмес.

"Жашыруун калк"

“Бирок көйгөйдүн тамырын каза келгенде, - дешет докладдын авторлору, -проблеманын улам курчушуна жакырчылык жана өкмөттүн аракетсиздиги себеп экени түшүнүктүү боло калат”.

Дүйнөдө баңгилер арасында ВИЧтин жаңы учурларынын кескин кыскарышына бир ирет колдонулуучу таза ийне алмаштыруу боюнча атайын программалардын мыкты иши себеп болгону айтылат.

Региондо СПИДге каршы күрөш менен байланышкан аракеттердин 60% каражат сырткы донорлордон, бейөкмөт уюмдардан келет.

Бирок мурдагы Советтер союзундагы аймакта ВИЧке чалдыккандарга карата коомдогу дискриминация дале кеңири жайылган көрүнүш. Андыктан UNAIDS бул аймакта айыккыс илдет менен ооруган 1,4 млн. элди “региондун жашыруун калкы” деп атады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG