Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

СПИД дүйнөдө азайды, КМШда өсүүдө


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта жер жүзүндө ВИЧке чалдыккан 34 миллиондой киши жашайт.

2002-жылдан бери бул илдет - пандемия деп расмий атала баштады. Былтыр бул дарттан 1,7 миллион киши көз жумду. Ал эми оорунун айланасындагы ар кыл жалган, бурмаланган маалыматтар, элдин сабатсыздыгы коомдогу дискриминацияга түрткү болуп, дартка чалдыккандардын ансыз да кейиштүү абалын ого бетер кыйындатат.

Жыл сайын СПИДге каршы күрөшүү күнүн утурлай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өз баяндамасын жарыялап, жалпы абалды анализдеп турат. 1-декабрда дүйнөлүк уюм бул илдетке каршы биргелешип күрөшүүгө, караңгылык, стигма, дискриминацияны жок кылууга үндөйт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:25:01 0:00
Түз линк
(Берүүнүн толук аудиосун угуңуз)

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ВИЧ оорулуулардын саны 4532 кишиге жетти. Ай сайын бери дегенде 50-60 жаңы учур катталат. Ал эми быйыл 30дан ашуун баланын ВИЧке кабылганы аныкталса, анын айынан 20дан ашуун наристе чарчап калган.

2011-жылы Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдеттери тез тараган жети өлкөнүн катарына кирген. ВИЧти жаңы жуктуруп алган бейтаптардын саны 25% өстү. Адистер илдеттин жайылышын маалыматтын аздыгы жана адамдардын начар жүрүм-турумунуна байланыштырат.

Дарыгерлер негизги проблемалардын бири катары дарттын өзүн эмес, анын айланасындагы ар кыл жалган, бурмаланган маалыматтарды, элдин сабатсыздыгын аташат. СПИД/ВИЧ аба аркылуу же кол алышып учурашканда, өбүшкөндө жукпайт деп канчалык айтылса да, коомдо бул ооруга чалдыккандарды жерүү, дискриминациялоо дале күчтүү.

XS
SM
MD
LG