Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Сулуулук сынагынын баркы кетти


Дүйнө эли 1888-жылдан бери жылына бир жолу Жер шарындагы сулууну көрүү үчүн дүрбөшөт. Бул жарышка из салган алгачкы конкурс ошол жылы Белгиянын Спа курортунда болгон.

Сулуулар сынагын бекеринен жакшы күйөөгө чыгуу, моделдик бизнесте карьера жасоо, чет өлкөлөрдү кыдыруу, кыскасы баш айланткан ийгиликке жетүүнүн ачкычы деп аташпаса керек. "Азаттык+" бүгүнкү берүүсүндө мына ушул сулуулар сынагынын күңгөй-тескейине токтолот.

Сулуулук сынагы кыздардын эл аралык мода дүйнөсүнө киргизген ачкыч дагы. Алёна Демьяненко таанымал дизайнерлердин кийимин көрсөтүүчү модел болору оюна да келген эмес.

- “Мисс туризм” сынагынын кастингинде Санкт-Петербургдан келген моделдик агентствонун өкүлдөрүнүн көз кырына илинипмин. Алардын тандоосунан да өттүм. Анан келишим түзүп, мени алып кетишти. Алгачкы жолу чет өлкөгө ошолордун жардамы менен баргам.

Алена сулуулук сынагында байгелүү орун тургай номинацияга да ээ болгон эмес. Бирок Кытай, Жапония, Париж, Мюнхендеги мода көргөзмөлөрүнө чыгуу бактысына ээ болду.

Соңку жылдары Кыргызстанда сулуулук сынактары көп өтүүдө. Бирок дээрлик көбүн жеңүүчү аныктаганда чыр коштойт. Бул жаатка аралашып жүргөндөр "Акча, тааныш-билиш сулуулар дүйнөсүндө деле көп маселени чечип коет" деген сөздөрдү четке кагышпайт.

Куну кеткен сулуулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:55 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG