Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Пикир үчүн соттоо: соцтармактагы жоопкерчилик жана жаза


Twitter социалдык тармагынын логотиби.
Twitter социалдык тармагынын логотиби.

Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын тургунун Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратты. Айыпталган тараптын жактоочусу 4-октябрда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык негизде арыз менен кайрылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту В.Е. аттуу шаар тургунун Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратты.

Өкүмгө ылайык, ал катаал режимдеги түзөтүү колониясына камалат. Соттун басма сөз кызматынын маалыматында быйыл апрель айында айыпталуучунун мас абалында жарыялаган посту боюнча Кылмыш кодексинин 330-беренеси менен ("Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу") кылмыш иши козголгон.

"Соттук экспертизанын 27-майдагы корутундусуна ылайык, В.Е. аттуу жарандын жазгандары тигил же бул этностук топко карата, башкача айтканда кыргыз элине карата кемсинтүүнүн белгилери, терс эмоционалдык баа берүүчү мүнөзгө ээ.

"Судья анын жазганы "улут аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн деген жүйө менен чечим чыгарган", - деди Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова.

В.Е. аттуу Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу билдирүүсүндө "Орусия менен Кытай тышкы карыз үчүн Кыргызстанды тез эле экиге бөлүп алат" деген мааниде пикирин жазган. Айыпталуучунун баракчасында онго жетпеген эле катталуучу бар. Алдын ала маалыматтарга караганда бул жаран Бишкектеги Кыргыз-Орус славян университетин аяктаган, кесиби боюнча юрист.

4-октябрда анын жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык негизде арыз менен кайрылды.

Жактоочу Арстанбек Эрматов сот жараянда аял өз күнөөсүн моюнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү сураганын айтты:

"Ал мас абалында билбей туура эмес мааниде билдирүү жазып алганын айтууда. Буга чейин мындай таризде жазган эмес экен. Ошондон улам айып пул төлөп, соттон камакка албоону өтүндү. Негизи бул берене оор кылмыш эмес, демек бир жылга абакка кесүү чарасы өтө оор деп эсептейбиз".


Ушул тапта аял Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Сотко жеткирген билдирүүнү ал ушул жылдын 9-апрелинде активист Адил Турдукуловдун постунун алдына пикир катары калтырган.

Турдукулов милицияга бул боюнча арыз менен кайрылбаганын, ошол эле кезде акыйкат жаза каралганын айтууда:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Негизи азыр элди бөлүп-жарган маанай бар. Андай пикирди күчөтпөй же башкаларга сабак болушу үчүн менимче туура эле чара көрүлдү. Анткени мамлекеттин бүтүндүгү баарынан маанилүү. Айрымдар мени милицияга арыз жазды деп ойлошуптур. Бирок Twitter интернеттеги ачык платформа. Демек, андагы пикир ачык эле укук коргоо органдарына жетиши мүмкүн".

Кылмыш кодексинин 330-беренеси же "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" деген айып менен буга чейин социалдык тармактардагы пикирлери үчүн журналист, блогер активисттерге карата иш козголгон учурлар маалым.

Сентябрдын аягында жарандык активист Эрик Абдыкалыков 330-берене менен милицияга сурак берип чыккан. Ага чейин бул берененин негизинде социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активистке кылмыш иши козголгон.

Он күн мурда Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина каршы согушта жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Дүйшөмбиевдин жактоочусу, “Медиа Полиси Институтунун” юристи Нурбек Сыдыков Кылмыш кодексинин 330-беренеси боюнча кылмышка туура келбеген жаза дагы бир ирет колдонулганын айтууда:

"Айтылган сөздөр үчүн эле бир жылга камакка алуу бул пропорционалдуу жаза катары эсептелбеши керек. Бул маселе Конституцияда да каралган. Анда укук бузуу болгон чакта ага карата шайкеш келген жаза колдонуу керектиги айтылат. 330-берененин өзү талаш жаратып келет. Себеби, кастык тилин козутуу беренесинде кандайдыр бир этностук же диний талаш маселе жаралса эле кылмыш иши козголо берет. Чындыгында эл аралык тажрыйбада зордук-зомбулукка чакырган билдирүү кастык тили болушу мүмкүн. Андай нерсе мында байкалган жок".

Укук коргоочулар адатта улут аралык кастыкты козутуу беренеси бийликти сындаган активист, блогерлерге карата да колдонулуп жатканын, жогорудагы кылмыш иши коомчулук үчүн кооптуу коңгуроо экенин айтып жатышат. Алардын бири Азиза Абдирасулова:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Айрым укук коргоочулар жазаны колдоп жатыптыр. Бирок, анын кесепети кандай болорун түшүнбөй жатышат. Анткени бул баарыбызга кооптонуу жаратат. Кайсы бир деңгээлде кысым катары айтсак болот. Ошол эле кезде социалдык тармактарга жазуу эрежелерин да эске алыш керек. Ошентсе да бир жыл камакка алуу жазасы оор деп эсептейм".

Кастык тили – адамга карата анын улутуна, жынысына же карманган динине байланыштуу жек көрүүнү билдирүү менен мүнөздөлөт.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлзат Газиева кастык тили тууралуу макала жазып, изилдеп жүрөт. Ал бул тууралуу жалпы элге түшүндүрүү иштери зарыл экенин белгиледи:

Гүлзат Газиева.
Гүлзат Газиева.

"Кастык тили деген эмне, анын кандай эрежелери бар жана кандай таризде жазганы үчүн чара көрүлөрүн да түшүндүрүш керек. Соңку учурда медиада, социалдык тармактарда маанай чыңалып, ар кандай эмоционалдуу пикирлер жазылып жатканын байкап жатабыз. Ар бир колдонуучу эрежелерди билсе андай кемчиликтерди кетирмек эмес. Ал тургай журналисттер да кастык тили менен жакшы тааныш эмес экени байкалууда. Ошондуктан, медиасабаттуулукту үйрөнүү зарыл".

Сентябрдын аягында Кыргызстанда социалдык түйүндөрдүн 20га жакын колдонуучусу интернетке улут аралык кастыкты козуткан агрессивдүү маалымат жайгаштырды деген негизде милицияга чакырылганын Ички иштер министрлиги билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы аларды милиция интернетте жүргүзгөн атайын мониторингдин натыйжасында аныктап, азыр териштирүү жүргүзүп жатат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG