Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Бишкектин тургуну Твиттердеги билдирүүсү үчүн бир жылга кесилди


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту В.Е. аттуу Бишкек шаарынын тургунун Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, ал катаал режимдеги түзөтүү колониясына камалат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл апрель айында айыпталуучу мас абалында "кыргыз элин мазактаган" пост жарыялаган. Ага карата Кылмыш кодексинин 330-беренеси боюнча ("Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу") кылмыш иши козголгон.

"Соттук экспертизанын 27-майдагы корутундусуна ылайык, В.Е. аттуу жарандын жазганындары тигил же бул этностук топко карата, башкача айтканда кыргыз элине карата кемсинтүүнүн белгилери, терс эмоционалдык баа берүүчү мүнөзгө ээ", - деп жазылган сот тараткан маалыматта.

Соттун билдирүүсүндө, жараянда аял өз күнөөсүн моюнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү сураган.

Судья анын жазганы "улут аралык жаңжалга" алып келиши мүмкүн эле деген жүйө менен чечим чыгарган.

Айыпталган тараптын адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG