Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Нааразылык күч алган Ирандын валютасы арзандап жатат


Ирандагы валюта алмаштыруу базары
Ирандагы валюта алмаштыруу базары

Ирандын улуттук валютасы – риалдын АКШ долларына карата курсу рекорддук чекке төмөндөдү. 3-октябрда бир доллар 331,800 риалга сатылып жатты. Мындай маалымат валюта курстарын чагылдырган Bonbast.com сайтында жарык көрдү. Сентябрдын башында бир доллар 298,200 риалга болчу.

Улуттук акчанын куну өлкөдө нааразылык акциялар күч алганда кача баштады. 16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон. Нааразылык акциялары бүгүнкүгө чейин уланууда. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп келатат.

Тегеран демонстрация, митингдерди козутуп жатат деп чет өлкөлөрдү айыптап жатат. Иран бийлиги өткөн аптада Франция, Германия, Италия, Нидерланды жана Польшанын жарандары кармалганын билдирген.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Норвегиядагы уюм өткөн аптада маалымдагандай, нааразылык толкуну башталгандан бери кагылышууларда кеминде 133 киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG