Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:24

Президент төрт министрди кызматтан алып, ордуна башкаларды дайындады


Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев.
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев.

Президент Садыр Жапаров 3-октябрдагы жарлыгы менен төрт министрди кызматтан бошотту.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан алынды.

Президенттин ушул эле күнкү жарлыгына ылайык, Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов - билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев - энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат.

Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган.

Мурдагы энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев кызматтан убактылуу чектелип, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG