Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

"Агрессивдүүлүккө Тоолуу Бадахшанда да күбө болгонбуз"


Кыргызстан, Баткен облусу, Лейлек району. Достук айылы. 30-сентябрь, 2022-жыл
Кыргызстан, Баткен облусу, Лейлек району. Достук айылы. 30-сентябрь, 2022-жыл

Дүйнөлүк басма сөздө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш, Түркмөнстандын аскердик өнөктөштөрү, британ ханышасы Елизавета Экинчинин өлүмү тууралуу макала-баяндар жазылды.

"Агрессивдүлүктүн" ыктымал себептери

TRT World "Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу жаңы кризиске алып келиши мүмкүнбү?" деп аталган көлөмдүү макала басып чыгарды. Мурат Софуоглу чек арадагы соңку куралдуу кагылышуунун чоо-жайын баяндап келип, регионалдык эксперттер ок атышууну токтотуу макулдашуусу узак мөөнөттүү тынчтыкка алып келеби деген собол салышарын белгилейт.

Өзбекстандык Отабек Омонкулов, мисалы, жаңжал Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жаткан маалда тутанганына көңүл бурат. Ал ошондой эле өзбек жана казак бийликтери үн катпаганын да белгилей кетти.

Автордун айтымында, Кыргызстанда 137 миң жай тургун чек ара аймагынан качууга мажбур болгону тажик тараптын “агрессивдүүлүгүнөн” кабар берет.

“Ошол эле маалда Тажикстан жаңжалды баштады деп Кыргызстанды айыптап келет”, - деп жазат Софуоглу.

Журналист кагылышуу эмне себептен дал ушул кезде чыкканын талдап, британиялык саясат изилдөөчү Рафаэлло Пантуччинин пикирине орун берген. Ал Тажикстандын "агрессивдүү жүрүм-турумунун жандырмагын балким өлкөдөгү ички саясий маселелерден издеш керек, Рахмондун мураскерин тандоо жараяны бийликтин тынчын алып жаткандай" деп эсептейт.

“Ушундай эле агрессивдүүлүккө Тоолуу Бадахшанда да күбө болдук”, - деп айтат Пантуччи. Муну менен катар ал чек-арадагы кагылышуулар жаңы көрүнүш эместигин, ага жер талашы алып келип жатканын белгилейт.

Түрк маалымат каражаты ошондой эле эки коңшу ортосундагы соңку жаңжал ансыз да Украинадагы согуштан улам алапайын таппай жаткан Москва үчүн кошумча баш ооруга айланганын жазып, Камал Алам аттуу аскердик талдоочунун пикирине орун берген. Камал Алам бул - Орусияны алсыратууну көздөгөн “жалпы стратегиянын бир бөлүгү болушу мүмкүн” деген ою менен бөлүшөт.

Андан ары макаланын автору Фергана өрөөнүндөгү чек аралар СССР ыдыргандан кийин кантип бычылганына токтолуп, азыркы араздашуулардын, пикир келишпестиктердин тамырын ошол колониалдык саясаттан издөө керек деген эксперттердин пикирине орун берген.

Түркмөнстандын аскер өнөктөштөрү ким?

Eurasianet 29-сентябрда Түркмөнстанга арналган апталык бюллетенинде ал өлкө АКШ жана Кытай менен аскердик кызматташуусун өөрчүтүп жатканын жазды.

Маалыматка караганда, жакында Ашхабадга АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы генерал Хронек барганда тараптар өнөктөштүктү талкуулашты. Түркмөн аскерлери Невада штаты менен 1996-2011-жылдары кызматташып, кийин ал программа токтоп калган. Автор өнөктөштүк программасын кандай иштерин түшүндүрүп, долбоор президент Сердар Бердымухамедовдун колдоосуна ээ экенин белгилейт. Түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов Хронек менен кездешүүдө өкмөттү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, киберкоопсуздук жана курулуш кызыктырганын айтты. Басылма түркмөн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, тараптар аскердик чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенине басым жасашты”, - деп жазат.

Андан ары Ашхабад салтуу түрдө нейтралитетти карманганы менен коопсуздук тармагында Орусия менен кеңири байланыштарды сактап келгени баяндалат. Бирок өлкө коргонуу маселесине келгенде диверсификацияга умтулат жана жыл сайын Эгемендик күнүнүн урматына өткөрүлгөн параддарда армия АКШ, Орусия, Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабия жана башка өлкөлөрдөн келген курал-жаракты, техниканы тартуулайт, - деп жазат Eurasianet. Автор Кытайды да унутпоо зарыл деп, апрелде ал өлкөнүн улуттук коргонуу министри Вэй Фэнхэ Ашхабадга барганда техника берилерине, аскерлерди машыктырууга убада кылганын эске салат.

Елизавета Экинчинин өлүмү тууралуу расмий тастыктама

La Repubblica гезити британ ханышасы Елизавета Экинчинин өлгөнү тууралуу расмий тастыктама чыкканын жазды. Шотландиянын бийлиги 21 күндөн кийин жарыялаган документке ылайык, маркум 8-сентябрда саат 15.10до көз жумган. Басылманын кабарчысы Антонелла Гэррера анда кызыктуу маалымат камтылганын белгилейт. Алсак, биринчи жолу ханышанын өлүмүнүн себеби шардана болду. Ал Шотландиянын Балморал деген жеринде “карылыктан” же табигый себептерден дүйнө салганы аныкталды.

Италиялык гезит буга чейин маркум ханбийке Диананын биографы, падышалык үй-бүлөгө адистешкен эксперт Эндрю Мортондун “Ханышанын саламаттыгынын чыныгы абалын ачыкка чыгарышпайт” деген сөздөрүн келтирет. Мортон былтыр ханышанын күйөөсү Филипп дагы “карылыктан” көз жумду деп расмий жазышканын, бул жолу да ошондой болорун алдын ала божомолдогон. “Оорусуна карабай Елизавета акырына чейин элге кызмат өтөгөнүн” кошумчалаган.

Журналист дагы бир кызыктуу жагдайга көңүл бурат. Өлүм алдында жаткан ханышанын жанында ошол маалда кызы Анна жана уулу Чарльз гана бар болчу деген жыйнытык чыгарса болот. Ханыша калган балдары жана неберелери менен коштошконго үлгүрбөй калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG