Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

"Ворухка аскер техникасы киргенин айтканбыз". Ак-Сайдагы абал


Ак-Сай айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн короолору тазаланууда. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Ак-Сай айылындагы өрттөлгөн үйлөрдүн короолору тазаланууда. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы жаңжалда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы талкаланган турак жайлардын короосу тазаланып жатат. Бийлик жаңы үйлөрдү кышка чейин куруп бүтүрүүгө убада берген.

"Жаңы курган үйүм өрттөлдү"

Ак-Сай айылынын тургуну Абдалим Акматов жаңы курган үйүнө көчүп киргенге жетишпей, чек арада кандуу кармаш башталганда өзүнүн жанын араң алып качкан. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Баткен шаарында убактылуу жашап жатат. Жаңы бүтүп эми кирем деп турган үйүнүн аркайып төрт дубалы эле калган.

“Үйүмдү салып бүткөнүмө эки айдай болуп калган эле. Эми көчүп кирем деп жатканымда муну да өрттөп кетишти. Азыр Баткен шаарында туруп атабыз. Айылдаштарым Ошто, Баткенде, Бишкекте жүрөт”.

Акматовдун жаңы салган үйүнөн тышкары мурда жашап турган эски тамы, мал кармаган короо-жайы, жыйган-терген оокаты толук күйүп жок болгон.

Ак-Сай Тажикстандын 40 миңден ашуун калк жашаган Ворух анклавына жакын. Ошол себептүү кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуянын очогуна айланып, бул айылда 177 үй жараксыз болуп калды.

Бийлик турак жайы талкаланган жарандарды кышка чейин жаңы үйлүү кылууга убада берген. Учурда Ак-Сай айылында өрттөлгөн имараттарды тазалоо иштери жүрүүдө.

“Он күндүн ичинде бардык күйгөн үйлөрдү тазалайбыз. Андан кийин куруучулар келип кыш түшкөнгө чейин куруп бүтөт. Жалпы жонунан 400дөй үй тазалайбыз”, - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Мамажан Зикиров.

Жаңы курула турган үйлөрдүн аянты 105 чарчы метрди түзүп, дубалы бышкан кыштан тургузулуп, үстүнө монолит куюлат. Жергиликтүү тургундар өкмөттөн жаңы үйлөрдүн алдына жертөлөнү да кошо салууну талап кылууда. Анткени чек арада жаңжал болгон учурда убактылуу жашынганга коопсуз жай болуп бермек дешет.

Ак-Сайдагы өрттөнгөн жайларды тазалоо үчүн Кадамжай районунун жүздөн ашуун тургуну ашарга барышкан. Алар буга чейин эвакуация болгондорго өз үйлөрүнө кабыл алып жардам беришкенин, эми көчөдө калган үй-бүлөлөр суук түшкөнчө үйлүү болуп калышы үчүн көмөктөшкөнү келишкен.

“Баткендиктер оор абалга туш болушту. Биз буга чейин да жардам бергенбиз. Эми өз көзүбүз менен көрүп, тазалоого жардам бергени атайын келдик. Кадамжайдан бүт айылдардан келишти”, - деди Кадамжай районунун тургуну Идирис Мадумаров.

Ушундай эле иштер Лейлектин Максат, Ортолук айылдарында да жүрүп атат.

"Посттордун алынганына нааразы болуп жатабыз"

Ак-Сайга караштуу Капчыгай айылынын тургуну Пайзылла Ысманов Баткен шаарындагы чогулушка катышып келди. Чек арага жакын жашагандар облустук бийликке барып, эки маселенин чоо-жайын сураганы чогулган.

“Чек араны бөлүп туруп анан постторду алыш керек. Болбосо кайра кыргыз жерин ээлеп алышат. Айтымында, милиция эле калат имиш. Буга эл нааразы. Эл көп нерсени талап кылды. Ташиев, аскерлердин министри келсин дешет. Биздин айтар турган сөзүбүз, кое турган талабыбыз бар деп атышат”.

Кыргызстандан Улуттук коопсуздук комитенини төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандан кызматташы Саймумин Ятимов 25-сентябрда чек аранын эки тарабынын эки чек ара тозотун жана алты постту алуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Кыргызстандын аймагындагы төрт посттун үчөө Ворух анклавынын айланасында жайгашып, куралдуу кагылышуу учурунда өрттөлүп, талкаланган.

“Биздин эл посттордун алынышына каршы. Себеби посттор алынганы менен Ворухка күнү-түнү аскердик техникаларын алып кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Биздин оюбуз боюнча жолдо бир көзөмөл пост болуп, кирип-чыккан машинелерди текшерип туруш керек эле”, - деди Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев.

Аксайлыктардын айтканына караганда, чек арадагы кармашта Ворух анклавынан аскердик оор техникалардын чыкканын көрүшкөн. Ал эми Кыргызстандын аймагында турган анклавга аскердик оор техниканын кантип киргени белгисиз. Бул боюнча эки мамлекеттин тең расмий органдары маалымат берген эмес.

“Булар (ред: тажик тарап) көп техникаларды алып өтүп кетишкен. Жарандык кийимчен адамдарды көп көргөнбүз. Жанагы сакалчан адамдар да өткөн. Биз көп айттык. Ошон үчүн пост болуп карап турушубуз керек”, - дейт Ак-Сайдын дагы бир тургуну Абдимиталип Масалиев.

Кол коюлган проктолго ылайык, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы төрт посту алганы турат. Алар: “Булак-Башы”, “Тамдык”, “Дача” жана “Катта-Туз”. “Булак-Башы” менен “Тамдык” чек ара тозоту Ворухтун жогору жагында турат. Соңку жаңжалда “Тамдык” толугу менен талкаланган. “Дача” посту Ворух анклавына кеткен жолдун жээгине курулган. Ал эми “Катта-Туз” Лейлектеги газ чыккан аймакта турат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 42-протокол боюнча эки курдай маалымат берип, чочулооого негиз жок экенин айткан. Жаңы документ кыргыз-тажик чек арасында тынчтык орнотууга шарт түзөрүн баса белгилеген.

"Бул жерде конфликтке алып келген постторду эки тараптан жоюу боюнча эң башкы маселе каралды. Ал жерде бирөөгө жер берүү же чек араны аныктоо боюнча протоколго кол коюлган жок. Биз куралдуу жаңжалды болтурбай, кармап туруу максатын көздөдүк. Эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркация боюнча комиссия чечет. Ал комиссиянын ишин тез арада баштоо боюнча чечим кабыл алдык", - деп түшүндүргөн Ташиев.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууну макулдашканы коомчулукта нааразылык жаратууда.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Ак-Сайдын тургундары төрт постту алууга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG