Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

"Менин жөлөгүм эле". Элзада 15 жашка чыкпай калды


16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Лейликтин Достук айылында курман болгон Элзада Маннанова.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Лейликтин Достук айылында курман болгон Элзада Маннанова.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун арасында Лейлек районунун Достук айылында жашаган 15 жаштагы Элзада да бар. 16-сентябрда ал жашаган айылга снаряд түшпөгөндө секелек тогуз күндөн кийин 15 жашка чыкмак.

"Неберем дары-суумду берип турат эле"

“Күнү-түнү бирге элек. Мени жөлөп-таяган ошол кыз эле. Эшик десем эшикке алып чыккан, ылдый десем, ылдый баскан жөлөгүм эле. Дарымды, суумду берип жүрчү. Кызым окко учуптур. Жанында эч кимибиз жок, кантип жан берди экен деп да ойлонуп жүрдүм. Кыйналып каза болдубу, атам же энем дедиби, кулап түштүбү, кыйкырдыбы деген ойлор басат”, - деп анын чоң энеси Адалат Жапарова небересин эскерип отурду.

Адалат Жапарова, Элзаданын чоң энеси.
Адалат Жапарова, Элзаданын чоң энеси.

Ошол күнү Баткен районунда куралдуу кармаш башталары менен Элзада мектептен шашылыш келген. Ошол маалда анын үй-бүлөсү айылдан чыгып кетүүгө камданып жаткан болчу. Кыздын атасы Абдималик Жапаров айылга снаряд түшө баштаганда кызын таппай калган.

“Даң эле дей түштү. Жакын эле жерге атылды. Жакындарымды үйгө киргиздим. Андан кийин катары менен төрт-беш жолу атылды. Кичине тынчый калганда машинеге чыгардым. Ошол маалда кызым жок экен. Аны издеп таппай калдым. Барып издеп, таппай кайра келдим. Кошуналар менен кеткен деген ой болду да”.

Достук айылынын тургундары чек арадан ок атылса, тоонун аркы бетиндеги Маргун айылына качышат. Абдималик Жапаров кызына ок тийгенин айылдан алыстай бергенде уккан.

Абдымалик Жапаров
Абдымалик Жапаров

“Адырга барып кызымды издеп жатсам кошунам чуркап келди. Сиздин кызыңызды кошунабыздын үйүнө киргизип койдук деди. Мен ата-энеме билдирбей эле, аларды түшүп тургула, мен Элзаданы таап келейин деп айылга келдим. Даңылдап атылып аткан. Жетип алардын үйүнө кирсем, кызым жок экен. Каякка кетти экен деп турсам, короодо өрүктүн алдында төшөк жабылып туруптур. Көрсө, ошол менин кызым экен. Көтөрүп алып чыгып кеттим. "Тез жардам" издедим. Ооруканага барсам эч ким жок. Ал жердегилерден "Тез жардам" каякта турарын сурасам, эч ким билбейт".

Элзаданын атасы кызынын өмүрү кыйылганын дароо түшүнгөн. Бирок аны жубайына жана апасына айткан эмес. Тажикстан тараптан атылган снаряд окуучу кыздын бут алдынан жарылып, анын чачырандылары Элзадага тийген. 15 жаштагы кыздын сөөгү Достук айылынын тургундары качып барган Маргунга коюлду. Бул үй-бүлө беш күндөн кийин гана өз үйүнө кайтып келди.

"Элзада котормочу болгусу келчү"

“Котормочу болом дечү. Ал үчүн жакшы окуш керек десем, "окуйм мен, апа" деп айтып калчу. Ошентип кызыбызды жоготтук. Таппайбыз, эми издесек да таппайбыз... Тажадык, чындыгында тажадык. Ушуну менен төртүнчү жолу качып атабыз. Азыр деле коркуп отурабыз", - деп анын апасы Зумрат Шарипованын сай-сөөгү сыздап отурат.

Элзада Маннанованын Тикток баракчасынан алынган сүрөт.
Элзада Маннанованын Тикток баракчасынан алынган сүрөт.

Ошентип чек арадагы жаңжал котормочу болуп, дүйнө кыдырам деген Элзаданын кыялы менен кошо өмүрүн да алып кетти. Ал үй-бүлөдөгү беш кыздын төртүнчүсү болчу.

“Жалпы беш снаряд түшкөн. Бири айылдашыбыздын үйүнүн алдына тийген. Жакшысы, алар чыгып кеткенге үлгүргөн экен. Кошунамдын тандырынын жанына да түшкөн. Алар да жетишип чыгып кетишкен. Бул айылдын жарымы Бишкекке кетип калган. Бирден кароолчу эле калды. Билбейм, кантип сүйлөшүп чечишебиз? Элге келип, 3-4 айылды чогултуп, бийликтин өкүлү чогулуш кылаар... Элден акыл сурайт чыгаар. Бийликтен реакция боло элек. Биз күтүп жатабыз", - деди Абдималик Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кол салуудан улам убактылуу жер которгон Баткен жана Лейлек районунун тургандарын үйлөрүнө кайта берүүгө чакырган. Бул тууралуу ал 25-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин айткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-сентябрга карата эвакуациялангандардан 92 512 адам кайра үйүнө кайтканын билдирген. 14-17-сентябрдагы чек ара жаңжалында жалпы 140 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайда баш калкалоого аргасыз болгон.

Достукка снаряд биринчи жолу атылган жок

Достук Лейлек районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын бири. Жергиликтүү тургундар 16-сентябрдагы окуяда айылга беш-алты снаряд түшкөнүн эсептешкен. Достукта мындай окуя биринчи жолу болуп аткан жок. 2022-жылы 12-апрелде да Достук айылы миномет менен аткыланган. Аны бири Кулмат Ормошевдин бакчасына түшүп, кызы Зымрат бутунан жараат алган.

“Эми үйдөн чыгып, арыкка жеткен элем. Ошондо жарылган снаряддын үнү мурункусунан дагы катуу угулду. Кулагым да тунуп калды. Кулап калган жеримден кайра тура калып эле чуркап жөнөдүм. Мага тийгенин деле байкабаптырмын, ооруган деле жок. Ошол маалда балам көчөдө ойноп жүргөн. Чыгып карасам, эч ким жок. Баламды издедим. Снаряд тийгенби деген ой турду. Дагы жакшы, аны кошуналарыбыз алып кетишкен экен. Кийин машинеге отуруп, бутумду кармасам, суу болгонсуйт. Мен снаряд тийгенин ошондо билдим. Бирок ичине кирип кеткен деп ойлогон эмесмин, - деди Зымрат Ормошева.

Зымрат Ормошева.
Зымрат Ормошева.

Снаряддын чачырандысы Зымрат Ормошеванын тизесине тийип, сөөккө жетпей токтогон. Ал операциядан кийин аксап жүрүп, кийин жакшы болуп кеткен.

Бул жолкусунда Ормошевдердин үй-бүлөсүнөн эч ким жабыркаган жок. Алар да эл менен чогуу Маргун айылына качууга аргасыз болуп, кайра келишти. Айылга келип эле каргаша башталганда талаада оттоп жүргөн 18 коюн таппай калган.

Зымраттын апасы Гүлбүбү Ормошева айылга кайтып келишкени менен дагы эле коркуп жашап жатышканын айтты.

“Тынч жерде жашасак деп тиленебиз. Кырдан-кырга качып жүрбөсөк дейбиз. Бийликтен чек араны чечип беришин суранабыз. Кечээ келип алып коркуп отурдук. Көчөдөгү элди карап турабыз. Коркуу менен жашап калдык. Айтарыбыз ушул”.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Достук айылынын куралдуу кармашта качкан эли четинен кайтып келип атат. Бирок жай турмуш толук жандана элек.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууну макулдашканы коомчулукта нааразылык жаратууда.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Чек ара: Элзаданын жаш өмүрү жайран болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG