Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Кыргыз-тажик кагылышы: эл аралык иликтөөгө жол


Кыргызстан - Баткен району, Достук айылы 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин - 21-сентябрь 2022
Кыргызстан - Баткен району, Достук айылы 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин - 21-сентябрь 2022

Жогорку Кеңеш БУУнун Коопсуздук кеңешине кыргыз-тажик чек арасындагы Бишкек "куралдуу кол салуу" деп атаган кагылышуу боюнча кайрылуу кабыл алды.

Акыйкатчы мекемеси куралдуу кагылыштагы жоготуулар жана кыйроолордун масштабын, жай тургундардын жабыркашын жана аскердик кылмыштардын болгон-болбогонун эл аралык көз карандысыз иликтөө үчүн мониторинг жүргүзүүдө. Бирок кыргыз бийлигинин БУУнун мандаты астында эл аралык иликтөө комиссиясын чакыруу ниети азырынча белгисиз.

Парламент бул окуянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдогон жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда Баткен облусуна жана Ош облусунун Чоң-Алай районуна жасалган чабуулду "Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу кол салуусу" деп баалаган.

Бишкек оор жоготууга, кыйроого алып келген "тажик тараптын агрессиясын" күбөлөндүргөн видео-фото далилдер бар экенин билдирген. Андан мурда Тажикстандын тышкы саясат мекемеси кыргыз бийлигин мына ошондой эле мазмунда айыптаган билдирүүсүн жарыялаган.

Парламент БУУга кайрылуу жолдоду

Эки коңшу бирин-бири оор аскердик кылмыштарга айыптап, тирешип турган шартта кандуу окуяны эл аралык деңгээлде калыс иликтөө болобу деген маселе күн тартибине чыкты.

Жогорку Кеңеш БУУнун Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алды.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кайрылуунун долбоорун парламенттин кароосуна сунуштады.

Чыңгыз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы.
Чыңгыз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы.

"Биздин комитет кайрылуунун долбоорун карап чыгып, төмөндөгүдөй чечимге келди: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин БУУнун Коопсуздук кеңешине жана башка эл аралык уюмдарга Кыргызстандын Баткен облусуна жана Ош облусунун Чоң-Алай районуна тажик тараптын куралдуу агрессиясы жөнүндө кайрылуусунун долбоору жактырылсын. Ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин. Долбоор боюнча депутаттардан ар кандай сунуштар келип түштү. Ошолорду эске алып, биз бул текстке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиздик".

Бирок депутат Айдарбеков регламент боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылуунун мазмунун толук окуп берип, баяндама жасап, маалымат берген жок.

Бул кайрылуу комитеттин жыйынында каралганын айткан депутат Айбек Осмонов парламентте аны тез арада кабыл алууну сунуштады:

Айбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты
Айбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты

"Бул маселени талкуулабай эле колдоп берип койсок. Муну биз комитетте караганбыз. Чынында биз муну 15 күн мурда эле кабыл алып, жөнөтүүгө тийиш болчубуз. Кеч калып, азыр эми мына ушул күнгө келдик. Дагы талкуулай турган болсок, анда узарып кетет. Ошондуктан бир добуштан эле колдоп берсек. Бул кандай маселе экенин түшүнүп турасыздар".

Эл аралык механизм

Жогорку Кеңештин бул кайрылуусу маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна алып чыгууга канчалык негиз болору азырынча белгисиз.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында ондогон адам өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады. Буга удаа Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Баткендеги кандуу калаба боюнча "тынчтыкка жана адамгерчиликке каршы кылмыш" беренелеринин негизинде кылмыш иштерин козгоп, мекеме аралык тергөө тобун түзгөн.

26-сентябрда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухиддин БУУнун трибунасында туруп, Тажикстан менен Кыргызстандын чек араны чечүүдөгү 30 жылдык тарыхына токтолуп, ондогон протоколго кол коюлганын белгилеген. «[Кыргызстанда - ред] Бийликтеги саясий күчтөр алмашкан сайын бул документтер кайра каралып, ал тараптын кызыкчылыгына жооп берген жоболор гана аткарылат” деп сындаган Мухиддин.

Буга чейин эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган 2021-жылдын жазындагы чатактан соң кыргызстандык бир нече юрист жана активисттер Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн. Ал учурда кыргыз бийлиги бул демилгени колдогон эмес. Бул жолу кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү демилгени колдоону убада кылып жатат.

Юрист Сания Токтогазиева бир нече багытта иш жүргүзүү керектигин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айткан.

"Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында экстремисттик-террористтик уюмдардын мүчөлөрү жүрүшү мүмкүн деген маалыматты айтты. Эгер ошол чын болсо, анда бул Тажикстан тарабынан "Терроризмге каршы күрөш" жөнүндө эл аралык конвенцияны бузуу болуп саналат. Бул Кыргызстанга Тажикстандын үстүнөн Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылууга шарт түзөт. Жеке адамдар ага кайрыла албайт, аны толугу менен мамлекеттик бийлик жасашы керек. Экинчиден, Кыргызстандын бийлиги эл аралык фактыларды аныктоочу комиссияга кайрылса болот. Кандай аскердик кылмыштар жасалганы боюнча эл аралык комиссия түзүлөт. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары кеңешине да кайрылса болот. Мунун баарын бийлик кайрылып, бийлик жасашы керек".

Сания Токтогазиева 2021-жылы болгон чек ара жаңжалында жабыркагандардын жана жарандык коомдун атынан Тажикстандын аскер күчтөрүнүн аракетине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен Эл аралык кылмыш сотуна кайрылган. Анын маалыматына караганда, кайрылуу кабыл алынып, каралуу алдында турат. Юрист Рим статутунун ратификацияланбаганы буга жолтоо болорун айтып, бул жараянды тездетүүгө чакырган.

26-сентябрда Юстиция министрлиги Кыргызстанда Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ал эми 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук кеңеши чек аралардын бузулбастыгын, аймактык бүтүндүктү бузууга байланыштуу Улуттар Уюмунун уставын тебелеген өлкөлөргө же бийлик режимдерине каршы добуш берсе, анда ага карата эл аралык санкциялар салынып же тынчтыкты күч менен калыбына келтирүү чечими кабыл алынышы мүмкүн.

БУУнун туруктуу беш мүчөсү: Франция, АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Орусия, калган 10 мүчөсү улам кезеги менен шайланып турат.

Бишкектин позициясы

Жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тараптан жалданмалар кол салганын билдирген. Бирок башкы чекист ал куралчан топтордун артында ким турганын айткан эмес. Андан мурда президент Садыр Жапаров БУУда "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп Тажикстанды айыптаган.

Ошондой эле ал БУУ, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын ортомчулугу менен тынчтыкты камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кыргыз тарап даяр экенин айткан.

Мамлекет башчысынын кеңешчиси Алтынбек Жумаев расмий Бишкектин позициясы бирдиктүү жана так экенин белгиледи:

Алтынбек Жумаев, президенттин кеңешчиси.
Алтынбек Жумаев, президенттин кеңешчиси.

"Позиция бирдей эле. Президент эки мамлекеттин ортосунда ачык-айкын сүйлөшүүгө да даярбыз деп айтпадыбы. Ошондой эле буга тиешелүү эл аралык уюмдар дагы катышса болорун билдирген. Биздин мамлекеттик органдардын көз карашы жана туруму ушундай. Ошондуктан биздин мамлекет бул окуяны териштирүүгө, карап чыгууга жана тынчтыкты камсыздоо маселесине ачык-айкын мамиледе. Биздин жаап-жашыра турган нерсебиз жок. Мында биздин мамлекет башка бирөөгө кол салып, анын аймагына кирип барган жок. Анын бардыгы айдан-ачык. Ошондуктан өткөндө биздин өкмөт Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн, элчилерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана журналисттерди Баткенге чакырып, аларга жеринде жабыркаган эл менен жолугуп, кандуу калабанын кандай болгонун угуп, кесепеттери менен кенен таанышууга ачык мүмкүнчүлүк түзүп берди".

Акыйкатчы баштаган аракет

Акыйткачынын орун басары Альберт Колопов жарандык активисттер менен укук коргоочулардан турган топтор менен бирге бул окуянын кесепеттерин жана себептерин көз карандысыз изилдөө үчүн мониторинг жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында фактылар катталып, видео-фото далилдер кийин эл аралык адам укугун коргоо уюмдарына баа берүүгө жөнөтүлөт.

Альберт Колопов, Акыйкатчынын орун басары
Альберт Колопов, Акыйкатчынын орун басары

"Биздин мониторинг тобу куралдуу кол салуудан жабыркап, талкаланган, өрттөлгөн үйлөрдү, социалдык объектилерди каттап, видео-фото далилдерди чогултуп, сурамжылоо иштерин жүргүзүп, маалыматтарды тактап, фактыларды документтештирүү иштери менен алектенүүдө. Эл аралык механизмдердин негизинде, көз карандысыз жана бейтарап иликтөө үчүн материалдарды топтоо иштери башталды. Анан албетте биз мамлекеттик органдар менен маалыматтарды алмашып, эл аралык аянтча үчүн материалдарды даярдап жатабыз. Жакында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн омбудсмендеринин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Биз мына ошол материалдар менен кенен тааныштырып, тиешелүү далилдерди көргөзүп, агрессия болгонун таануу боюнча алардын турумун билүү максатын көздөп турабыз. Мындан сырткары биз БУУнун Адам укугу комитетине жана башка адам укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдарга тиешелүү баяндамаларды даярдап жатабыз".

Парламенттеги ишке ашпаган демилге

Ошол эле кезде парламенттеги "Ыйман Нуру" фракциясы кыргыз-тажик чек-арасындагы куралдуу кагылыштын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрдү.

Ага ар бир фракциядан, депутаттык топтон экиден мүчө сунушталарын айткан парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүүнү күн тартибине сунуштады. Бирок бул демилгеге бир катар депутаттар каршы чыкты.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Элдар Сулайманов депутаттык иликтөө дүрбөлөң түшүрө турганын, ошондуктан аны күн тартибинен алып салууга чакырды:

"Азырынча комиссия түзгөнгө эрте го дейм. Азыр эми тиякта дагы тынчтанышсын. Элди да дүрбөлөңгө салбай туралы. Ошондуктан ушул маселени күн тартибинен алып эле койбойлубу?"

Бул сунуш добушка коюлуп, депутаттык комиссия түзүүгө 49 депутат каршы болуп, 10 депутат бул маселени күн тартибинде калтыруу үчүн добуш берди.

Демилгечи, "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын мүчөсү, депутат Султанбай Айжигитов бул кандуу окуяны иликтөөгө эмнеге тоскоолдук болуп жатканына түшүнбөй жатканын айтты:

Султанбай Айжигитов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Султанбай Айжигитов, Жогорку Кеңештин депутаты.

"Бул комиссия эч кандай дүрбөлөңгө алып келбейт. Тескерисинче, ал комиссия чыр-чатактардын келип чыгуу себептерин ар тараптуу изилдөө үчүн болот. Мунун эмнеси элди дүрбөлөңгө салат? Эч кандай дүрбөлөңгө салбайт. Демек, эч ким бул жерде чек ара чатагын чечкенге кызыкдар эмеспи же болбосо кандай? Буга чекит коюшубуз абзел. Мен бул жерде түшүнбөй жатам, эмнеге бул окуянын себептерин билгенге тоскоолдук жасап жатабыз? Мындай-андай деп, калп эле майда-чүйдө шылтоолор менен буга каршы чыга берген туурабы? Биз жөн эле изилдөө жүргүзүп, чыныгы себептерин аныкташыбыз зарыл".

Ошол эле кезде Кыргызстандын же Тажикстандын өкмөтү бирин-бири агрессияга айыптаганы менен бул аскердик кагылышты БУУнун мандаты алдында бейтарап эл аралык иликтөөгө макулдук берүү боюнча позицияларын расмий жарыялаша элек.

Чек ара: Азыркы кырдаал, суроосу көп чечимдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG