Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Юстиция министрлиги Рим статуту боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоо демилгесинин алкагында иштер башталды. 26-сентябрда Юстиция министрлиги тийиштүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун максаты Кыргызстандын өзүнүн жана жарандарынын эл аралык аренадагы кызыкчылыктарын эл аралык укук механизмдери аркылуу коргоону камсыздоо экени, Рим статуту Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо механизми болуп калары белгиленди.

Рим статуту – Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи. Ал 1998-жылы Римде дипломаттардын конференциясында кабыл алынып, 2022-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан Рим статутуна байланыштуу эл аралык келишимге 1998-жылдын 8-декабрында кол койгон, бирок ал парламент аркылуу ратификациядан өтө элек.

Рим статутуна дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсү кол койгон, алардын 124ү ратификациялаган. Кыргызстан бул эл аралык документти ратификациялоодон баш тартканын 2015-жылы ошол кездеги парламент депутаты Наталья Никитенко билдирген.

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган окуядан кийин кыргызстандык юрист, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева баштаган адистер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн.

Документти ратификациялоо керек экенин 21-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев да айтып чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG