Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Равшанбек Сабиров коомдогу сындан улам кызматтан кеткенин маалымдады


Равшанбек Сабиров
Равшанбек Сабиров

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматынан кетишине соңку күндөрү өзүнүн дарегине социалдык түйүндөрдө көбөйгөн сын-пикирлер себеп болгонун айтты. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" комментарий берген учурда билдирди.

"Менин айымдан өлкө жетекчилигинин дарегине көлөкө түшүшүн каалабадым", - деген Сабиров конкреттүү кандай сын-пикирлер экенин айткан жок. Кызматтан кетүү тууралуу чечимди өз каалоосу менен кабыл алганын кошумчалады.

Быйыл 11-марттан бери президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келаткан Равшанбек Сабиров өз каалоосу кызматтан кеткени расмий кабарланган. Анын ордуна Умбриэл Темиралиев дайындалган.

Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы Сабиров чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы октябрдагы толкундоолордо Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган "Асман" шаары боюнча иш алып барган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттик 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы май айында агенттик Инвестициялар министрлиги болуп өзгөртүлүп, 2021-жылдын октябрь айынан кийин кайрадан агенттик болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG