Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Казакстан Украинадагы жасалма референдум тууралуу позициясын билдирди


Казакстандын тышкы иштер министрлигининин расмий өкүлү Айбек Смадияров.
Казакстандын тышкы иштер министрлигининин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Казакстандын тышкы иштер министрлигининин расмий өкүлү Айбек Смадияров Украинадагы орус армиясынын көзөмөлүндөгү аймактарда өтүп жаткан жасалма референдум тууралуу комментарий берди.

"Өз алдынчалык жарыялап алган ЛЭР, ДЭР аймактары менен Запорожье, Херсон облустарындагы аскердик администрациялар өткөрүп жаткан референдумдар тууралуу айта кетсек, Казакстан бул маселеде мамлекеттин аймактык бүтүндүк принциптерин карманат", - деди Смадияров.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Астана Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.

Украинанын Москва жарым-жартылай басып алган төрт облусунда орус бийлиги колдогон топтор Орусиянын курамына кирүү тууралуу жасалма добуш берүү өткөрүп жатышат. Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган добуш берүү 23-сентябрда башталып, 27-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми 29-30 сентябрда Орусия бул аймактарды өзүнүн бөлүгү катары жарыялап, агрессиясын күчөтүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG