Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Италиядагы шайлоодо оңчул коалиция жеңишке жетти


«Италия агайындары» ашынган оңчул партиясынын лидери Жоржиа Мелони шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирүүдө. 25-сентябрь, 2022-жыл.
«Италия агайындары» ашынган оңчул партиясынын лидери Жоржиа Мелони шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирүүдө. 25-сентябрь, 2022-жыл.

Италияда 25-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо оңчул-борборчул коалиция жеңишке жетти. Баарынан көп добушту "Италия агайындары" ашынган оңчул партиясы топтой алды. Эми анын лидери, 45 жаштагы Жоржиа Мелони өкмөт башына келсе, Италиядагы эң алгачкы аял премьер-министр болуп калышы мүмкүн.

"Италия агайындары" сексуалдык азчылыктардын баш кошуусуна каршы чыгып келет, ошондой эле мигранттарга каршы так саясаты бар.

Демократиялык партия башында турган солчулдар добуштардын 26%, ал эми «Беш жылдыз» кыймылы 15% алды.

Сенатка ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Сильвио Берлускони да келди. 85 жаштагы саясатчы Миландын жака-белиндеги бир мандаттуу округдан жеңип чыкты.

Италияда июль айында башкаруучу коалиция чачырап, мурдагы премьер-министр Марио Драгинин кызматтан кетишине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG