Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Норвегия ири мунай жана газ ишканаларын кайтарууга аскерлерди тартат


 Sleipner East газ кениндеги платформа. Норвегия, 1-октябрь, 2022-жыл.
Sleipner East газ кениндеги платформа. Норвегия, 1-октябрь, 2022-жыл.

НАТОнун мүчөсү Норвегия ири мунай жана газ ишканаларын кайтарууга аскерлерди тартуну чечти. Армиянын ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүгө караганда, алар полицияга ар кандай окуялардын алдын алууга жардам бермекчи.

Өткөн аптада Балтика деңизинде Швеция жана Даниянын жанында "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурлары жарылып, сууга газ атылып чыккан. Стокгольм жана Копенгаген алар атайлап жардырылган болушу мүмкүн деп билдирген. Германия, Улуу Британия да ушундай пикирди карманууда.

Баштапкы иликтөөлөрдө бул жерге жарылуучу заттарды суучулдар таштап кетип, кийин аралыктан жардырышы ыктымалдыгы айтылган. Германиялык Der Tagesspiegel басылмасы жазгандай, немис атайын кызматтары жардырууларды уюштурууга Орусиядан же Украинадан, украинчил күчтөрдөн күмөн санап жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги аварияга АКШнын тиешеси болушу мүмкүн деп кыйыткан. Пентагондун өкүлү Reuters агенттигине берген комментарийинде бул ишке Кошмо Штаттардын тиешеси таптакыр жок экенин маалымдады. Вашингтон иликтөө иштери бүткөндөн кийин гана бүтүм чыгарууга чакырууда.

Окуядан кийин Норвегия жээктеги мунай кендерин кайтарууга деңиз жана аба аскерлерин жайгаштырган.

Ал тапта британ коргоо министри Бен Уоллес түндүк европалык өлкөлөрдүн биргелешкен тобу суу астынан өтүүчү куурлардын коопсуздугун талкуулай турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG