Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Мамлекеттик Дума украин аймактарын аннексиялоо тууралуу документти бекитти


 Путин жана жикчил аймактардын башчылары. Москва, 30-сентябрь 2022-жыл
Путин жана жикчил аймактардын башчылары. Москва, 30-сентябрь 2022-жыл

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск, Херсон жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн аннексиялоо тууралуу документти ратификациялап берди. Ага чейин төрт конституциялык мыйзам кабыл алынган. Эми документтер президент Владимир Путиндин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү.

Маалыматтарга караганда, төмөнкү палатанын депутаттарынын дээрик 10% добуш берүүгө катышкан жок. Бирок залда отургандардан көп киши добуш берди.

Думадагы добуш берүүгө чейин Орусиянын Конституциялык соту орус армиясы басып алган аймактарды аннексиялоо жөнүндө Путин жана жикчил аймактардын башчылары кол койгон келишимди мыйзамдуу деп тапкан. Андан мурда Украинанын бул аймактарында Кремль колдогон жикчил күчтөр жасалма референдум өткөргөн. Анын жыйынтыгын Киев жана эл аралык коомчулук тааныбайт.

30-сентябрда Москвада кол коюлган келишимдерге ылайык, Орусиянын курамында жаңы төрт субъект пайда болот. Алар ДНР, ЛНР, Херсон облусу жана Запорожье облусу деп аталат.

Думанын сайтында жазылган маалыматка ылайык, эмки жылдын 1-июнуна чейин ал жактарда федералдык бийликтин органдарын, андан кийин шаардык жана муниципалдык округдарды түзүү каралууда.

Путин аннексия тууралуу жарыялагандын эртеси эле украин аскерлери Донбасстагы стартегиялык Лиман шаарын кайтарып алышты.

Украин президенти Владими Зеленский “желегибиз Донецк облусундагы Лиманда желбиреп жатат. Ал жакта карамштар уланууда. Бирок кайдагы бир псевдореферендумдун жыты да калган жок” деп комментарий берди.

2014-жылы Орусия ушундай ыкма менен Украинанын курамындагы Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG